https://sputnik.kg/20250214/1092075008.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил... 14.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-14T17:00+0600
2025-02-14T17:00+0600
2025-02-14T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092074876_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8bcd1aa1f83fa37c04c83fd54ca2b98c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат.Ал IT шаарчасы - жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун баса белгиледи. Долбоордун алкагында калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр - турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат.
Бүгүн, 14-февраль күнү ИИМ министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоого, айрыкча, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкууланды."Өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү. Алдын алуу иштерин күчөтүү жана келип чыккан чыр-чатактарга ыкчам чара көрүү үчүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын кеңейтүү мерчемделүүдө. Бул окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "Тобокел тобундагы" балдарды аныктап, мугалимдер менен өз ара аракеттене турган кызматкерди ар бир мектепке бекитүүгө мүмкүндүк берет",-деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ар бир мектепте жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча кабинет ачылып, бул мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн арттырышы белгиленди. Мындай иш-чара конфликттик кырдаалдарга жооп кайтаруу процессин тездетип, окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингтин, зомбулуктун жана жашы жете электердин укукка каршы ишке тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет.
Чоң сегиздиктин" курамынан Россияны чыгаруу АКШнын экс-президенти Барак Обаманын чоң катасы болгон. Бул тууралуу Американын учурдагы өлкө башчысы Дональд Трамп Ак үйдөн айтканын РИА Новости жазды. "Обама жана дагы бир эки-үч киши Россияны чыгарып жаңылышкан", — деген президент.Трамптын айтымында, Россиянын орду болушу керек, анткени "Чоң жетиликте" көбүнесе Россия тууралуу гана сөз болот. "Чоң сегиздик" 1997-2014-жылдары иштеген алдыңкы мамлекеттердин эл аралык форуму болчу. Анын курамын Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, АКШ, Франция жана Япония түзүп келген. Топ Россия 1997-жылы "Чоң жетиликтин" жыйынына катышуу үчүн чакырылгандан кийин куралган, бирок 2014-жылы Крым РФ курамына өткөндөн кийин Москваны форумга катышуудан четтетип коюшкан.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат.Ал IT шаарчасы - жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун баса белгиледи. Долбоордун алкагында калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр - турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат. Бүгүн, 14-февраль күнү ИИМ министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоого, айрыкча, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкууланды."Өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү. Алдын алуу иштерин күчөтүү жана келип чыккан чыр-чатактарга ыкчам чара көрүү үчүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын кеңейтүү мерчемделүүдө. Бул окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "Тобокел тобундагы" балдарды аныктап, мугалимдер менен өз ара аракеттене турган кызматкерди ар бир мектепке бекитүүгө мүмкүндүк берет",-деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ар бир мектепте жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча кабинет ачылып, бул мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн арттырышы белгиленди. Мындай иш-чара конфликттик кырдаалдарга жооп кайтаруу процессин тездетип, окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингтин, зомбулуктун жана жашы жете электердин укукка каршы ишке тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет.Чоң сегиздиктин" курамынан Россияны чыгаруу АКШнын экс-президенти Барак Обаманын чоң катасы болгон. Бул тууралуу Американын учурдагы өлкө башчысы Дональд Трамп Ак үйдөн айтканын РИА Новости жазды. "Обама жана дагы бир эки-үч киши Россияны чыгарып жаңылышкан", — деген президент.Трамптын айтымында, Россиянын орду болушу керек, анткени "Чоң жетиликте" көбүнесе Россия тууралуу гана сөз болот. "Чоң сегиздик" 1997-2014-жылдары иштеген алдыңкы мамлекеттердин эл аралык форуму болчу. Анын курамын Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, АКШ, Франция жана Япония түзүп келген. Топ Россия 1997-жылы "Чоң жетиликтин" жыйынына катышуу үчүн чакырылгандан кийин куралган, бирок 2014-жылы Крым РФ курамына өткөндөн кийин Москваны форумга катышуудан четтетип коюшкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092074876_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f14e76c66929df5db9ef0064876961a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио