https://sputnik.kg/20250214/1092079304.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мектептерде жашы жете электер менен иштеген инспектордун штаты ачылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков менен... 14.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-14T19:00+0600
2025-02-14T19:00+0600
2025-02-14T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092079172_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0eabb9208e1dcdd7f69f8c36569ff79d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мектептерде жашы жете электер менен иштеген инспектордун штаты ачылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жолугуп, мектептердеги коопсуздук чараларын талкуулашкан.Эки министр мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун штатын көбөйтүп, мектептерде кабинеттери ачылат. Бул окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингдин, зомбулуктун жана жашы жете электердин кылмыштуулукка тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет; видеобайкоо системасы жакшыртылып, мектептеги кырдаалды тез билдирүү үчүн "коопсуз баскычтар" көбөйтүлөт. Эске салсак, жыл башынан бери окуучулардын ортосунда өлүмгө чейин жеткен үч мушташ катталды. №72 мектептин 8-класстагы окуучусунун көз жумганы боюнча иш козголгон. Аны жогорку класстагылар уруп койгону айтылган. Андан мурдараак Кантта окуучулар мушташа кетип, 16 жаштагы өспүрүм каза болгону маалымдалган. Кечээ жакында Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон.
1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттам "Асман" авиакомпаниясынын учактары менен жүргүзүлөт. Ошондой эле рейстер ар жуманын ишембисинде болору кошумчаланды.
Соттор кеңеши Бишкектин Ленин райондук сотунун жана Араван районунун судьяларын жоопко тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты. Маалыматка ылайык, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасын Башкы прокуратура берген. Ленин райондук сотунун судьясы жана Араван райондук сотунун судьясы коррупцияга айыпталганы айтылып, Башкы прокуратуранын сунуштамасы канааттандырылганы белгиленди. Ошондой эле президентке аталган эки судьяны кызматынан убактылуу четтетүү сунушу киргизилгени кошумчаланды.
Россияны Мюнхен конференциясына чакырышкан жок, ал жерде РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдар болбойт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 13-февралда Россиянын, Украинанын, АКШнын жогорку жетекчиликтеги адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясында жолугарын айткан. Кечирээк АКШ, Россия жана Украина жогорку кызматтагы аткаминерлердин деңгээлинде Сауд Арабиясында келерки аптада жолуга тургандыгын кабарлады. 14-16-февралда Мюнхенде кооопсуздук боюнча 61-конференция өтүп, буга ар кыл мамлекеттерден жогорку кызматтагы мамлекеттик ишмерлер катышары айтылган. Анда тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер, көйгөйлөр, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыш согуштары талкууланмакчы.
Мектептерде жашы жете электер менен иштеген инспектордун штаты ачылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жолугуп, мектептердеги коопсуздук чараларын талкуулашкан.Эки министр мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун штатын көбөйтүп, мектептерде кабинеттери ачылат. Бул окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингдин, зомбулуктун жана жашы жете электердин кылмыштуулукка тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет; видеобайкоо системасы жакшыртылып, мектептеги кырдаалды тез билдирүү үчүн "коопсуз баскычтар" көбөйтүлөт. Эске салсак, жыл башынан бери окуучулардын ортосунда өлүмгө чейин жеткен үч мушташ катталды. №72 мектептин 8-класстагы окуучусунун көз жумганы боюнча иш козголгон. Аны жогорку класстагылар уруп койгону айтылган. Андан мурдараак Кантта окуучулар мушташа кетип, 16 жаштагы өспүрүм каза болгону маалымдалган. Кечээ жакында Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон.1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттам "Асман" авиакомпаниясынын учактары менен жүргүзүлөт. Ошондой эле рейстер ар жуманын ишембисинде болору кошумчаланды.Соттор кеңеши Бишкектин Ленин райондук сотунун жана Араван районунун судьяларын жоопко тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты. Маалыматка ылайык, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасын Башкы прокуратура берген. Ленин райондук сотунун судьясы жана Араван райондук сотунун судьясы коррупцияга айыпталганы айтылып, Башкы прокуратуранын сунуштамасы канааттандырылганы белгиленди. Ошондой эле президентке аталган эки судьяны кызматынан убактылуу четтетүү сунушу киргизилгени кошумчаланды. Россияны Мюнхен конференциясына чакырышкан жок, ал жерде РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдар болбойт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 13-февралда Россиянын, Украинанын, АКШнын жогорку жетекчиликтеги адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясында жолугарын айткан. Кечирээк АКШ, Россия жана Украина жогорку кызматтагы аткаминерлердин деңгээлинде Сауд Арабиясында келерки аптада жолуга тургандыгын кабарлады. 14-16-февралда Мюнхенде кооопсуздук боюнча 61-конференция өтүп, буга ар кыл мамлекеттерден жогорку кызматтагы мамлекеттик ишмерлер катышары айтылган. Анда тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер, көйгөйлөр, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыш согуштары талкууланмакчы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092079172_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_49f34fcfe2630c81feaeb3c550c6ab11.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио