00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күн 25 градуска чейин ысыйт. Мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Акбар АкжигитовБишкектеги көчө галереясында сүрөттөрдү карап жаткан кыз. Архив
Бишкектеги көчө галереясында сүрөттөрдү карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Анда абанын айлык орточо температурасы көпчүлүк аймактарда климаттык нормада болору айтылды. Синоптиктердин жаздын биринчи айына берген божомолунда жаан-чачын көп жаабай тургандыгы байкалат.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап +4…+6, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө норманын чегинде катталып +1…+3 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 ...+2 градустан +5…+10 градуска чейин, күндүз +8…+13төн тарта +18…+23 градуска дейре өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир түндөрү -4…-9 градусту көрсөтүп ылдыйлап, күндүз 0 — …+5 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0… -5 градустан +1…+6 градуска чейин, күндүз +6…+11ден өйдөлөп, +16…+21 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү түнкүсүн -6…-11, күндүз -2 …+3 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болмокчу.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп +2…+4 градуска жетиши күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан +3…+8 градуска чейин болсо, күндүз +7…+12 градустан өйдөлөп отуруп, +17…+22 градуска чейин өзгөрүп турмакчы. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, күндүз -2 …+3 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап +6…+8, тоо этектериндеги райондордо +4…+6 градустун тегерегинде болорун айтышты.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен тарта +6…+11 градуска, күндүз +8…+13төн өйдөлөп, +20…+25 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир түндөрү -1…-6 градуска чейин, ал эми күндүз +2…+7 градус болушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо марттын ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3… +2 градустан +4…+9 градуска чейин, күндүз +8…+13 градус жылуулуктан +18…+23 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү түнкүсүн -4…-9 градуска чейин түшүп, күндүз 0…+5 болмокчу.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болорун айтышты.
Турак жай имаратын куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2025
Депутат жаңы конуштарга көп кабаттуу үй курууга мораторий киргизүүнү сунуштады

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап +6…+8, тоо этектериндеги райондордо +4…+6 градустун тегерегинде болорун айтышты.
Ай ичинде түнкүсүн 0…+5тен тарта +6…+11 градуска, күндүз +8…+13төн өйдөлөп, +20…+25 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир түндөрү -1…-6 градуска чейин, ал эми күндүз +2…+7 градус болушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3… +2 градустан +4…+9 градуска чейин, күндүз +8…+13 градустан +18…+23 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү түнкүсүн -4…-9га чейин түшүп, күндүз 0…+5 болмокчу.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градустан +2…+7 градус болсо, күндүз +2…+7ден +12…+17 градуска чейин өзгөрүп турарын айтышты.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап +6…+8, тоо этектериндеги райондордо +4…+6 градустун тегерегинде болорун билдиришти.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен тарта +6…+11 градуска, күндүз +8…+13төн өйдөлөп, +20…+25 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы. Кээ бир түндөрү температура -1…-6 градуска чейин түшүп, ал эми күндүз +2…+7 градус болушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3… +2 градустан +4…+9 градуска чейин, күндүз +8…+13 градустан жогорулап, +18…+23 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бирде түнкүсүн -4…-9га чейин түшүп, күндүз 0…+5 болмокчу.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот дешти.

Ысык-Көл

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын, +1…+3 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде аба түнкүсүн -4…-9дан 0…+5 градуска чейин, күндүз +10…+15 градуска чейин өзгөрүп турарын айтышты.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болмокчу.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -1…-3, Кочкор районунда жылуу тартып, +1…+3 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде аба түнкүсүн -6…-11ден -1 …+4 градуска чейин өзгөрүп турарын, күндүз +2…+7ден бир аз көтөрүлүп, +9…+14 градус болорун билдиришти. Кочкор районунда +12…+17 градуска чейин жетиши күтүлөт, кээ бир күндөрү түнкүсүн -9…-14, күндүз -4 ...+1 градусту көрсөтүшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болорун айтышты.
Бирдиктүү салык декларациясын берүү үчүн документтер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2025
Бирдиктүү декларацияны кабыл алуу башталды: кимдер аны тапшыруудан бошотулган?
Жаңылыктар түрмөгү
0