https://sputnik.kg/20250215/1092083446.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Кыргызстанда 128 өнөр жай объектиси ишке берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков... 15.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-15T11:00+0600
2025-02-15T11:00+0600
2025-02-15T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0f/1092083314_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6cf37e5ea5d0a513b9e0baa48ea2f6dc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Кыргызстанда 128 өнөр жай объектиси ишке берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жыйында ачыла турган объектилердин тизмеси аныкталып, аларды ишке киргизүү мөөнөтү талкууланды. «Бир дагы объект көңүл сыртында калбашы үчүн алардын ар бирине жооптуу жетекчилер жана бөлүмдөр бекитилди», - деди ал. Министр ошондой эле инвестициялык долбоорлордун алкагында 2024-жылы 800 миллион долларлык 102 өнөр жай объектиси ачылганын кошумчалады. Анын айтымында 2025-жылы 1,7 миллиард долларлык 128 объектти ишке киргизүү пландалууда. «Пландаштырылган жумуш орундарынын саны 15 миңге жетет. Ачылыштар бардык аймактарда болот. Мисалы, Нарын облусу боюнча жалпысынан 17 объект ишке киргизилет», - деп кошумчалады Сыдыков.
Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, 11-февралда башка жарлык менен Мамкурулуш агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине айланган. Ошол эле күнү Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды: Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев; №2 ШМБнын башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев; жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов; Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов; аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев иштен алынган. Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Россияны Мюнхен конференциясына чакырышкан жок, ал жерде Россия ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдар болбойт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Россиянын расмий адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясына чакырылбайт. Бул — бир нече жыл мурда кабыл алынган, саясатташкан, кызыктай болгон чечим. Ал жерде Россиянын башка расмий түзүмдөрү сыяктуу эле РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдардан да болбойт. Мен муну так айта алам", — деди ал бүгүнкү брифинг учурунда. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 13-февралда Россиянын, Украинанын, АКШнын жогорку жетекчиликтеги адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясында жолугарын айткан. Кечирээк АКШ, Россия жана Украина жогорку кызматтагы аткаминерлердин деңгээлинде Сауд Арабиясында келерки аптада жолуга тургандыгын кабарлады.
2025-жылы Кыргызстанда 128 өнөр жай объектиси ишке берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жыйында ачыла турган объектилердин тизмеси аныкталып, аларды ишке киргизүү мөөнөтү талкууланды. «Бир дагы объект көңүл сыртында калбашы үчүн алардын ар бирине жооптуу жетекчилер жана бөлүмдөр бекитилди», - деди ал. Министр ошондой эле инвестициялык долбоорлордун алкагында 2024-жылы 800 миллион долларлык 102 өнөр жай объектиси ачылганын кошумчалады. Анын айтымында 2025-жылы 1,7 миллиард долларлык 128 объектти ишке киргизүү пландалууда. «Пландаштырылган жумуш орундарынын саны 15 миңге жетет. Ачылыштар бардык аймактарда болот. Мисалы, Нарын облусу боюнча жалпысынан 17 объект ишке киргизилет», - деп кошумчалады Сыдыков. Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, 11-февралда башка жарлык менен Мамкурулуш агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине айланган. Ошол эле күнү Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды: Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев; №2 ШМБнын башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев; жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов; Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов; аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев иштен алынган. Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.Россияны Мюнхен конференциясына чакырышкан жок, ал жерде Россия ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдар болбойт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Россиянын расмий адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясына чакырылбайт. Бул — бир нече жыл мурда кабыл алынган, саясатташкан, кызыктай болгон чечим. Ал жерде Россиянын башка расмий түзүмдөрү сыяктуу эле РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдардан да болбойт. Мен муну так айта алам", — деди ал бүгүнкү брифинг учурунда. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 13-февралда Россиянын, Украинанын, АКШнын жогорку жетекчиликтеги адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясында жолугарын айткан. Кечирээк АКШ, Россия жана Украина жогорку кызматтагы аткаминерлердин деңгээлинде Сауд Арабиясында келерки аптада жолуга тургандыгын кабарлады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0f/1092083314_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7c1a1c37b3d99a1ff5a0a07b9b14a63f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио