https://sputnik.kg/20250215/1092085784.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө... 15.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-15T15:00+0600
2025-02-15T15:00+0600
2025-02-15T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0f/1092085652_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_588206c7eccc83a5e1d15a96288a8553.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө мамлекет башчы Садыр Жапаров тийиштүү тескемеге кол койгону айтылат. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Айбек Абдымомунов министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган. Эскерте кетсек, буга чейин Дене тарбия жана спорт департаменти эми Маданият министрлигине бөлүнүп, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги болуп түзүлгөн. Ал эми Айбек Абдымомунов буга чейин департаментти жетектеп келген.
Ош шаарында Афганистандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 36 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош облусундагы Президенттин өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарага Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү катышышты. Иш-чара эстеликке гүл чамбар коюу менен башталып, Афганистанда курман болгон жоокерлер эскерилип куран окулду. Белгилей кетсек, Афганистанда аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Ош шаарынан жалпы 751 адам катышкан. Учурда Ош шаарында Ооган согушунун 424 ардагери жашайт.
Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген 16 жаштагы өспүрүм кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди. Милициянын кабарлашынча, Ленин РИИБине жаран арыз менен кайрылып, 21-январда анын уулун ажатканада ур-токмокко алган №72 мектептин 9-класстагы окуучусуна жана окуяга тиешеси барларга чара көрүүнү өтүнгөн. Таяк жеген окуучу ооруканага түшүп, 4-февралда каза болуп калган. Тартип сакчылары кармалган бала 8-класстын окуучуларынан системалык түрдө акча топтоп жүргөнүн аныктаган. Ал 21-январда жабырлануучуну ушул себеп менен ажатканада ур-токмокко алып, окуя өлүм менен аяктаганы кабарланды. Жогоруда айтылган фактылар боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Владимир Зеленский Украинанын кен байлыктарынын 50 пайызын АКШга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Маалыматка ылайык, бул жерде казып алына элек минералдык ресурстар жөнүндө сөз болуп жатат. “Мюнхендеги конференцияда АКШ Конгрессинин делегациясы Зеленскийге кол коюу үчүн документ тапшырган. Анда Украинанын минералдык ресурстарынын 50 пайыз укугу АКШга берилери каралган. Зеленский ага кол коюудан баш тарткан”, — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Мюнхендеги коопсуздук конференцияда Киев режиминин башчысы менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жолугушуусу жылдырылганы кабарланган. Себеби Украина өнөктөштүк тууралуу меморандумдун долбоорун кайра иштеп чыкканы жана аны америкалык тарап изилдөөгө убакыт сураган.
Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө мамлекет башчы Садыр Жапаров тийиштүү тескемеге кол койгону айтылат. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Айбек Абдымомунов министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган. Эскерте кетсек, буга чейин Дене тарбия жана спорт департаменти эми Маданият министрлигине бөлүнүп, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги болуп түзүлгөн. Ал эми Айбек Абдымомунов буга чейин департаментти жетектеп келген. Ош шаарында Афганистандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 36 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош облусундагы Президенттин өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарага Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү катышышты. Иш-чара эстеликке гүл чамбар коюу менен башталып, Афганистанда курман болгон жоокерлер эскерилип куран окулду. Белгилей кетсек, Афганистанда аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Ош шаарынан жалпы 751 адам катышкан. Учурда Ош шаарында Ооган согушунун 424 ардагери жашайт.Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген 16 жаштагы өспүрүм кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди. Милициянын кабарлашынча, Ленин РИИБине жаран арыз менен кайрылып, 21-январда анын уулун ажатканада ур-токмокко алган №72 мектептин 9-класстагы окуучусуна жана окуяга тиешеси барларга чара көрүүнү өтүнгөн. Таяк жеген окуучу ооруканага түшүп, 4-февралда каза болуп калган. Тартип сакчылары кармалган бала 8-класстын окуучуларынан системалык түрдө акча топтоп жүргөнүн аныктаган. Ал 21-январда жабырлануучуну ушул себеп менен ажатканада ур-токмокко алып, окуя өлүм менен аяктаганы кабарланды. Жогоруда айтылган фактылар боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Владимир Зеленский Украинанын кен байлыктарынын 50 пайызын АКШга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Маалыматка ылайык, бул жерде казып алына элек минералдык ресурстар жөнүндө сөз болуп жатат. “Мюнхендеги конференцияда АКШ Конгрессинин делегациясы Зеленскийге кол коюу үчүн документ тапшырган. Анда Украинанын минералдык ресурстарынын 50 пайыз укугу АКШга берилери каралган. Зеленский ага кол коюудан баш тарткан”, — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Мюнхендеги коопсуздук конференцияда Киев режиминин башчысы менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жолугушуусу жылдырылганы кабарланган. Себеби Украина өнөктөштүк тууралуу меморандумдун долбоорун кайра иштеп чыкканы жана аны америкалык тарап изилдөөгө убакыт сураган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0f/1092085652_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f42b994ec11f6a52e4bc67f417c8a04e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио