https://sputnik.kg/20250215/adabiyatchy-manas-taanuuchu-evgeniy-polivanov-tuuraluu-1092061340.html
"Манастан" орусча үзүндү айтып... Бааланбай калган Евгений Поливанов тууралуу 11 факт
"Манастан" орусча үзүндү айтып... Бааланбай калган Евгений Поливанов тууралуу 11 факт
Sputnik Кыргызстан
Евгений Дмитриевич Поливанов — дүйнөдө сейрек кездешүүчү таланттуу тилчи жана котормочу, адабиятчы, педагог. Ал чыныгы полиглот болгон, 32 тилдин теориясын... 15.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-15T19:03+0600
2025-02-15T19:03+0600
2025-02-15T19:03+0600
кыргызстан
кыргыз адабияты
кыргыз тили
манас эпосу
касым тыныстанов
япония
профессор
евгений поливанов
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092073699_0:126:634:483_1920x0_80_0_0_6f30fca98455101867f2d0a86a5d9e32.jpg
Бул адам тагдырдын буйругу менен XX кылымдын 30-жылдарында, кыргыз жергесинде маданий өзгөрүштөр жүрүп эл жапырт сабатсыздыгын жоюп жаткан кезде, Ала-Тоо аймагына келип түшөт. Аалымдын келгени элибиз үчүн кудай жиберген кут сыяктуу эле болгон. Тил илимибизди изилдөөгө, алгачкы педагогдорду тарбиялоого чоң салым кошкон, "Манас" эпосун башка тилдерге, анын ичинде орус тилине которуунун негизги принциптерин иштеп чыккан жана өзү да эпостон айрым үзүндүлөрдү орусчага которгон.Биз бүгүн Поливанов тууралуу кыргыз окурмандарын тааныштыруу максатында 12 фактыны сунуш кылабыз.Туулган жылы, туулган жери, окуу жылдары. Поливанов 1891-жылы 28-февралда (12-мартта) Россиянын Смоленск губерниясынын Смоленск шаарында туулган. Теги дворян болсо да, ал туулган кезде ата-энеси бир кыйла кембагал тартып калганы менен колунда анча-мынча байлык болгон. 1908-жылы Рига шаарындагы Александр гимназиясын аяктайт. Ал жер аябай атактуу гимназия болгон, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн, көбүнчө Ригадагы орустар окуган. Латыш тили, дин да үйрөтүлгөн. Ушундай базалык билим менен Санкт-Петербург шаарындагы Императордук коомдун Чыгыш академиясына келип кирет да, 1911-жылы аны бүтүп, Санкт-Петербург шаарындагы Императордук университеттин тарых-филология факультетине өтөт. Ошол кезде орус лингвистикасында ар түрдүү көз караштар, агымдар болуп турган, ал Иван Бодуэн де Куртенэ жана Лев Владимирович Щерба деген окумуштуулардын идеяларын өзүнө жакын алган.Жаш жигитти кызыктырган япон тили жана элет маданияты. Поливанов гиманизиядан тартып эле япон тобунда окуйт. Орус-япон согушунан кийин Күн Чыгыш өлкөсү көпчүлүктү өзүнө өзгөчө кызыктырып жаткан. 1914-1916-жылдарда үч жолу Японияга талаа экспедициясына барып ар түрдүү диалектидеги, говордогу сүйлөшкөн адамдардын тилин ар тараптуу үйрөнүп келет, алар менен өздөрүнүн тилинде сүйлөшүүгө жетишет. 1914-жылдын май-октябрь айларында Нагасакиге барып, андан ары балыкчылардын Миэ деген кыштагына кайык менен өтүп, ошол жерликтердин тилин изилдейт, алардын тилин жалпы япон тили менен салыштырат. Мындай экспедициялары бул өлкөгө үч жолу болот. 1915-жылы магистрлик дипломун жактаган соң дароо эле Петроград университетинин Чыгыш факультетинин япон тили кафедрасы приват-доцент кызматына жумушка алат, ал жерде япон тили боюнча бир нече лекциялык курстарды окуйт, практикалык сабактарды өтөт. Японияда жашап-иштеп жүрүп, "Орусча-япончо" сөздүктү түзөт, "Орусча-кытайча" сөздүктү да иштеп чыккан.Совет бийлигин тосуп алышы. Евгений Поливанов большевиктер бийлигине каршы болгон эмес, тилчи катары өз жумушун аткара берген. 1918-жылдын февралынан тарта Петроградга мобилизацияланып келген кытайлардын арасында "Кытай жумушчуларынын союзу" деген уюм түзүп, кытайларга орус тилин үйрөткөн. Ошол уюмдун башчысы атактуу чай өндүрүүчү Лю Шаочжу (Лау Сиу-джау) дегендин уулу болгон. Поливанов ошол жылдарда академик Н.Конрад менен шериктештикте кытайча "Китайский работник" деген гезитти да негиздейт. 1919-жылы РКП(б)нын катарына өтөт. Ошол эле жылы Петроград университетинин профессору болуп шайланат. Эң жаш профессор кытайларды большевиктер партиясына тартат, өзү да Москвада Коммунисттик интернационалдын Ырааккы Чыгыш бөлүмүнүн башчысына орун басар болуп калат.Түркстандагы жылдар. Эң ийгиликтүү карьерасын жана илимий чөйрөсүн таштап Поливанов 1921-жылы Ташкентке кетет. Бирөөлөр аны психикалык жактан жабыркап жүрөт десе, бирөөлөр баңгичи боло баштады деп, дагы бирөөлөр чалгынчылык миссия менен кетти дешти. Өзү болсо бул кетишин 1921-жылы үйлөнгөн эстон аялы Бригитте Альфредовна Нирк айымдын ооруп калышына байланыштуу деп түшүндүргөн. Көздүү мончок жерде калмак беле, полиглот аалым 1921-жылдын 14-майында Ташкент мамлекеттик университетине жумушка алынып, жалпы жана салыштырма тил таануудан дарс окуйт баштайт. 1922-жылдан Түркстан республикаларынын Окумуштуулар кеңешинин төрага орун басары катары да иштеп, илимий кадрларды даярдоого активдүү киришти. Дал ушул учурда ал Борбор Азияда жергиликтүү тилди орустар үйрөнүүсү керек, профессор болгусу келгендер жергиликтүүлөрдүн тилдеринде экзамен тапшыруусу керек дегендей ойлорду айтат. Түпкүлүгү туура айтылган бул сунуштар кимдир бирөөлөргө жакпай калган. Ушул мезгилде Түркстандагы орус эместерге орус тили, орустарга өзбек тили боюнча окуу китептерин жазат, 1926-жылы "Орусча-өзбекче кыскача сөздүктү" басып чыгарат. Мына ушундай көп иштер аны бир чети чарчатат, бир чети дагы иштөөгө илхам берет. Өзбек тилинин маргалан, самаркан, фергана, найман, хива, кашкар, лөлү, букара еврейлери, кара калпак тилдери жана диалектилери боюнча эмгектерин жазат, шаарлык жана кыштактык адамдардын тилдик өзгөчөлүктөрү тууралуу илимий ойлорун айтат.Кайрадан жогорулоо. 1926-жылы Евгений Поливанов Ырааккы Чыгыш университетине жумушка кирет, бирок көпкө иштеген эмес, академик Марр чакыртып, 1927-жылы Россия Илимдер академиясынын Тил, адабият институтунун лингвистикалык секциясын башкаруу тапшырмасын берет. Ушул жылдарда ал үзүрлүү эмгектенет. Психосоциолингвистика, тилдердин өнүгүү эволюциялары боюнча дүйнөлүк илимге ачылыштарды киргизет, япон, кытай, дунган, өзбек, кара калпак, бухар еврейлери, казак, түркмөн ж.б. тилдердин салыштырма грамматикасын иштеп чыгат.Ташкентке куулганда... 20-жылдардын аягында ал академик Маррдын тилдеги яфет теориясына каршы чыккан жаш аалым катары таанылган жана ошонусу үчүн кысымга кабылып, акыры Ташкентке куулган. Бул жерде түрк элдеринин араб арибинен латын арибине өтүү процессинде жардам берген. 1929-жылы Самаркандда жайгашкан Өзбек мамлекеттик илим-изилдөө инстутутуна илимий кызматкер болуп кабыл алынат да, 1930-жылы жумушун Самарканддан Ташкентке которот. Ошол жылдарда СССРден чыгып кетүү үчүн Европадан жумуш издей баштайт. Бирок жолу болбойт...Фрунзеге келиши... 1934-жылы Евгений Поливанов Кыргыз обкомунун Эл агартуу комиссариатынын, анын башчысы Касым Тыныстановдун чакыруусу менен Фрунзеге келет. 1934-37-жылдарда Кыргыз маданий курулуш инстутутунда дунган секторунда профессор катары иштеп, студенттерге байыркы рим жана грек адабиятынан дарс окуган. Анын ишмердүүлүгү болочоктогу кыргыз зыялылары үчүн, өзгөчө, тилчи, адабиятчылар үчүн чоң олжо болгон жана аны Тыныстанов алдын ала көрө билген. Дунган айылдарын кыдырган, дунган тили боюнча эмгектерин жазган. Фрунзе шаарында квартира, мейманкана маселеси оор болгон. Поливанов аялы менен шаардагы жалгыз мейманканада эч кандай шарты жок, дааратканасы сыртта, жалгыз диваны, эки отургучу менен үстөлү гана бар, тар, кандайдыр бир жыт чыгып турган ным бөлмөдө жашаган.Поливанов жана "Манас" эпосу. 1935-жылы 27-28-декабрда Фрунзе шаарында "Манас" эпосу боюнча бүткүл союздук биринчи илимий-тажрыйбалык жыйын өтөт, анда башкы баяндамачы Тыныстанов болгон. Жыйындын түйүндүү маселелеринин бири кыргыз баатырдык эпосун орус тилине которуу эле. Ошондон кийинби же ага чейин элеби, Поливанов "Манастын" Сагынбай Орозбаковдон жана Саякбай Каралаевден жазып алынган варианттарынын кол жазмаларын окуйт, эпосту дүйнөдө теңдешсиз чыгарма деп атайт, башка эпостор менен салыштырат, эпостун жаралган доору Темирландын бийлик кылган мезгилине туш келсе керек деп божомолдойт. "Кошмо вариантты чыгаруу керек, орус тилине которуу зарыл" дейт. 1936-жылы анын "Литературный Узбекстан" журналына "О киргизском эпосе "Манас" деген көлөмдүү макаласы басылат. Өзү да "Манасты" орус тилине которууну демилгелеп, "Алты кандын элчилеринин Манаска келиши", "Элчилердин кайтышы", "Жети кандын чатагы" ("Заговор семи ханов против Манаса") деген бөлүмдөрүн таржымалаган. Эпосту кийин орус тилине которгон Семен Липкин да анын методологиялык принциптери таяныч болгондугун айтат. Эпостун үзүндүлөрүн да орусча күпүлдөп айта койчу экен...Касым Тыныстановду аябай сыйлаган. Ага мисал: 1937-жылдын баш жагында Тыныстанов Москвадагы Чыгыш таануу институтуна ага илимий кызматкер болуп жумушка орношуп келгенде Поливанов "Орто Азиядагы гуманитар илимпоздордун ичинен Касым менен салмакташа турган окумуштуу жок. Азербайжандын профессор Чобан-задесин жана Крым татарларынын профессор Кебеп-задесин гана Касымдын деңгээлиндеги окумуштуулар деп айтса болот. Касым эми Москвага барып иштеп калса андагы түркологдордун билими жагынан мыктысы болору шексиз" деп аябай кубанган экен.Коркунуч. 1937-жылы 30-июлда Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссарына Москвадан телеграмма келет, анда Поливановду камоого жана атайын күзөт менен Москва алып келүүгө буйрук берилет. 1-августта камакка алынып, 4-августта Фрунзеде суракка алышып, кайра Москва алып кетишет. Ал жакта сурак 22-августта башталып, 27-августта айып корутундулары коюлат. Аны "мекенге чыккынчылык кылган" деген өтө катаал айып менен түрмөгө кесет. Айыптоолорго "террорчулук", "контрреволюциялык ишмердүүлүк" дегендер кошулат. 1937-жылы атууга өкүм кылынат. Окумуштууну кыргыз тилчилери Константин Юдахин, Юсуп Яншансин, Болот Юнусалиев жактап чыгат, бирок алардын айткандары эске алынбайт. 1938-жылдын 25-январындагы СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясынын сессиясында ал өзүнүн мурдагы айткандарын танып чыгат, япон тыңчысы болбогонун, япон тилин үйрөнүү менен гана алектенгенин айтат. 1934-жылы 1-декабрда Коммунарка полигонунда атылганы эскерилет. 1937-жылы 17-ноябрда аялы Бригитта Альфредовна Нирк айымга да эл душманынын аялы катары камакка алуу чечими чыгат, аны 1938-жылы 10-апрелде Ташкенттен кармап, камакка алышат, сурактын жүрүшүндө ага "польшалык чалгын кызматынын агенти" деген айып коюлуп, он жылга кесилет, 1946-жылы 1-июлда Архангельск облусундагы лагерлердин биринде каза болот.Кыргыздар Евгений Поливановду эскерип келет. 2021-жылдын 10-11-июнунда Бишкек шаарында "Свободная дискуссия о языке и динамика развития языковых процессов" деген темада эл аралык чоң жыйын өтүп, ал Поливановдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналды. Ошол жыйында өзбек профессору Махмуд Юсупов полиглот катары Евгений Дмитриевич 26 жандуу, төрт "өлүү тил" билгендигин тактады. Поливанов кайталангыс эс тутумга ээ болгон, бир тилди бир нече айда эле үйрөнүп, ошол тилдин говорлорунан, диалектилеринен бери жакшы билген. Мына ушундай табылгыс киши сталиндик репрессиянын тегирменине салынып кеткен, аны эч ким сактап кала алган эмес...
https://sputnik.kg/20210808/kyrgyzdar-eske-albay-koygon-emgegin-tarykh-estetip-turgan-zataevich-1053479525.html
https://sputnik.kg/20201220/konstantin-yudakhin-tuuraluu-10-fakty-1050837492.html
япония
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092073699_0:66:634:542_1920x0_80_0_0_0177a11b6f885fde1fe4824df852302b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, кыргыз адабияты, кыргыз тили, манас эпосу, касым тыныстанов, япония, профессор, евгений поливанов, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, кыргыз адабияты, кыргыз тили, манас эпосу, касым тыныстанов, япония, профессор, евгений поливанов, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
"Манастан" орусча үзүндү айтып... Бааланбай калган Евгений Поливанов тууралуу 11 факт
Евгений Дмитриевич Поливанов — дүйнөдө сейрек кездешүүчү таланттуу тилчи жана котормочу, адабиятчы, педагог. Ал чыныгы полиглот болгон, 32 тилдин теориясын билген, 18 тилде эне тилиндей эркин сүйлөшө алган.
Бул адам тагдырдын буйругу менен XX кылымдын 30-жылдарында, кыргыз жергесинде маданий өзгөрүштөр жүрүп эл жапырт сабатсыздыгын жоюп жаткан кезде, Ала-Тоо аймагына келип түшөт. Аалымдын келгени элибиз үчүн кудай жиберген кут сыяктуу эле болгон. Тил илимибизди изилдөөгө, алгачкы педагогдорду тарбиялоого чоң салым кошкон, "Манас" эпосун башка тилдерге, анын ичинде орус тилине которуунун негизги принциптерин иштеп чыккан жана өзү да эпостон айрым үзүндүлөрдү орусчага которгон.
Биз бүгүн Поливанов тууралуу кыргыз окурмандарын тааныштыруу максатында 12 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган жылы, туулган жери, окуу жылдары. Поливанов 1891-жылы 28-февралда (12-мартта) Россиянын Смоленск губерниясынын Смоленск шаарында туулган. Теги дворян болсо да, ал туулган кезде ата-энеси бир кыйла кембагал тартып калганы менен колунда анча-мынча байлык болгон. 1908-жылы Рига шаарындагы Александр гимназиясын аяктайт. Ал жер аябай атактуу гимназия болгон, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн, көбүнчө Ригадагы орустар окуган. Латыш тили, дин да үйрөтүлгөн. Ушундай базалык билим менен Санкт-Петербург шаарындагы Императордук коомдун Чыгыш академиясына келип кирет да, 1911-жылы аны бүтүп, Санкт-Петербург шаарындагы Императордук университеттин тарых-филология факультетине өтөт. Ошол кезде орус лингвистикасында ар түрдүү көз караштар, агымдар болуп турган, ал Иван Бодуэн де Куртенэ жана Лев Владимирович Щерба деген окумуштуулардын идеяларын өзүнө жакын алган.
Жаш жигитти кызыктырган япон тили жана элет маданияты. Поливанов гиманизиядан тартып эле япон тобунда окуйт. Орус-япон согушунан кийин Күн Чыгыш өлкөсү көпчүлүктү өзүнө өзгөчө кызыктырып жаткан. 1914-1916-жылдарда үч жолу Японияга талаа экспедициясына барып ар түрдүү диалектидеги, говордогу сүйлөшкөн адамдардын тилин ар тараптуу үйрөнүп келет, алар менен өздөрүнүн тилинде сүйлөшүүгө жетишет. 1914-жылдын май-октябрь айларында Нагасакиге барып, андан ары балыкчылардын Миэ деген кыштагына кайык менен өтүп, ошол жерликтердин тилин изилдейт, алардын тилин жалпы япон тили менен салыштырат. Мындай экспедициялары бул өлкөгө үч жолу болот. 1915-жылы магистрлик дипломун жактаган соң дароо эле Петроград университетинин Чыгыш факультетинин япон тили кафедрасы приват-доцент кызматына жумушка алат, ал жерде япон тили боюнча бир нече лекциялык курстарды окуйт, практикалык сабактарды өтөт. Японияда жашап-иштеп жүрүп, "Орусча-япончо" сөздүктү түзөт, "Орусча-кытайча" сөздүктү да иштеп чыккан.
Совет бийлигин тосуп алышы. Евгений Поливанов большевиктер бийлигине каршы болгон эмес, тилчи катары өз жумушун аткара берген. 1918-жылдын февралынан тарта Петроградга мобилизацияланып келген кытайлардын арасында "Кытай жумушчуларынын союзу" деген уюм түзүп, кытайларга орус тилин үйрөткөн. Ошол уюмдун башчысы атактуу чай өндүрүүчү Лю Шаочжу (Лау Сиу-джау) дегендин уулу болгон. Поливанов ошол жылдарда академик Н.Конрад менен шериктештикте кытайча "Китайский работник" деген гезитти да негиздейт. 1919-жылы РКП(б)нын катарына өтөт. Ошол эле жылы Петроград университетинин профессору болуп шайланат. Эң жаш профессор кытайларды большевиктер партиясына тартат, өзү да Москвада Коммунисттик интернационалдын Ырааккы Чыгыш бөлүмүнүн башчысына орун басар болуп калат.
Түркстандагы жылдар. Эң ийгиликтүү карьерасын жана илимий чөйрөсүн таштап Поливанов 1921-жылы Ташкентке кетет. Бирөөлөр аны психикалык жактан жабыркап жүрөт десе, бирөөлөр баңгичи боло баштады деп, дагы бирөөлөр чалгынчылык миссия менен кетти дешти. Өзү болсо бул кетишин 1921-жылы үйлөнгөн эстон аялы Бригитте Альфредовна Нирк айымдын ооруп калышына байланыштуу деп түшүндүргөн. Көздүү мончок жерде калмак беле, полиглот аалым 1921-жылдын 14-майында Ташкент мамлекеттик университетине жумушка алынып, жалпы жана салыштырма тил таануудан дарс окуйт баштайт. 1922-жылдан Түркстан республикаларынын Окумуштуулар кеңешинин төрага орун басары катары да иштеп, илимий кадрларды даярдоого активдүү киришти. Дал ушул учурда ал Борбор Азияда жергиликтүү тилди орустар үйрөнүүсү керек, профессор болгусу келгендер жергиликтүүлөрдүн тилдеринде экзамен тапшыруусу керек дегендей ойлорду айтат. Түпкүлүгү туура айтылган бул сунуштар кимдир бирөөлөргө жакпай калган. Ушул мезгилде Түркстандагы орус эместерге орус тили, орустарга өзбек тили боюнча окуу китептерин жазат, 1926-жылы "Орусча-өзбекче кыскача сөздүктү" басып чыгарат. Мына ушундай көп иштер аны бир чети чарчатат, бир чети дагы иштөөгө илхам берет. Өзбек тилинин маргалан, самаркан, фергана, найман, хива, кашкар, лөлү, букара еврейлери, кара калпак тилдери жана диалектилери боюнча эмгектерин жазат, шаарлык жана кыштактык адамдардын тилдик өзгөчөлүктөрү тууралуу илимий ойлорун айтат.
Кайрадан жогорулоо. 1926-жылы Евгений Поливанов Ырааккы Чыгыш университетине жумушка кирет, бирок көпкө иштеген эмес, академик Марр чакыртып, 1927-жылы Россия Илимдер академиясынын Тил, адабият институтунун лингвистикалык секциясын башкаруу тапшырмасын берет. Ушул жылдарда ал үзүрлүү эмгектенет. Психосоциолингвистика, тилдердин өнүгүү эволюциялары боюнча дүйнөлүк илимге ачылыштарды киргизет, япон, кытай, дунган, өзбек, кара калпак, бухар еврейлери, казак, түркмөн ж.б. тилдердин салыштырма грамматикасын иштеп чыгат.
Ташкентке куулганда... 20-жылдардын аягында ал академик Маррдын тилдеги яфет теориясына каршы чыккан жаш аалым катары таанылган жана ошонусу үчүн кысымга кабылып, акыры Ташкентке куулган. Бул жерде түрк элдеринин араб арибинен латын арибине өтүү процессинде жардам берген. 1929-жылы Самаркандда жайгашкан Өзбек мамлекеттик илим-изилдөө инстутутуна илимий кызматкер болуп кабыл алынат да, 1930-жылы жумушун Самарканддан Ташкентке которот. Ошол жылдарда СССРден чыгып кетүү үчүн Европадан жумуш издей баштайт. Бирок жолу болбойт...
Фрунзеге келиши... 1934-жылы Евгений Поливанов Кыргыз обкомунун Эл агартуу комиссариатынын, анын башчысы Касым Тыныстановдун чакыруусу менен Фрунзеге келет. 1934-37-жылдарда Кыргыз маданий курулуш инстутутунда дунган секторунда профессор катары иштеп, студенттерге байыркы рим жана грек адабиятынан дарс окуган. Анын ишмердүүлүгү болочоктогу кыргыз зыялылары үчүн, өзгөчө, тилчи, адабиятчылар үчүн чоң олжо болгон жана аны Тыныстанов алдын ала көрө билген. Дунган айылдарын кыдырган, дунган тили боюнча эмгектерин жазган. Фрунзе шаарында квартира, мейманкана маселеси оор болгон. Поливанов аялы менен шаардагы жалгыз мейманканада эч кандай шарты жок, дааратканасы сыртта, жалгыз диваны, эки отургучу менен үстөлү гана бар, тар, кандайдыр бир жыт чыгып турган ным бөлмөдө жашаган.
Поливанов жана "Манас" эпосу. 1935-жылы 27-28-декабрда Фрунзе шаарында "Манас" эпосу боюнча бүткүл союздук биринчи илимий-тажрыйбалык жыйын өтөт, анда башкы баяндамачы Тыныстанов болгон. Жыйындын түйүндүү маселелеринин бири кыргыз баатырдык эпосун орус тилине которуу эле. Ошондон кийинби же ага чейин элеби, Поливанов "Манастын" Сагынбай Орозбаковдон жана Саякбай Каралаевден жазып алынган варианттарынын кол жазмаларын окуйт, эпосту дүйнөдө теңдешсиз чыгарма деп атайт, башка эпостор менен салыштырат, эпостун жаралган доору Темирландын бийлик кылган мезгилине туш келсе керек деп божомолдойт. "Кошмо вариантты чыгаруу керек, орус тилине которуу зарыл" дейт. 1936-жылы анын "Литературный Узбекстан" журналына "О киргизском эпосе "Манас" деген көлөмдүү макаласы басылат. Өзү да "Манасты" орус тилине которууну демилгелеп, "Алты кандын элчилеринин Манаска келиши", "Элчилердин кайтышы", "Жети кандын чатагы" ("Заговор семи ханов против Манаса") деген бөлүмдөрүн таржымалаган. Эпосту кийин орус тилине которгон Семен Липкин да анын методологиялык принциптери таяныч болгондугун айтат. Эпостун үзүндүлөрүн да орусча күпүлдөп айта койчу экен...
Касым Тыныстановду аябай сыйлаган. Ага мисал: 1937-жылдын баш жагында Тыныстанов Москвадагы Чыгыш таануу институтуна ага илимий кызматкер болуп жумушка орношуп келгенде Поливанов "Орто Азиядагы гуманитар илимпоздордун ичинен Касым менен салмакташа турган окумуштуу жок. Азербайжандын профессор Чобан-задесин жана Крым татарларынын профессор Кебеп-задесин гана Касымдын деңгээлиндеги окумуштуулар деп айтса болот. Касым эми Москвага барып иштеп калса андагы түркологдордун билими жагынан мыктысы болору шексиз" деп аябай кубанган экен.
Коркунуч. 1937-жылы 30-июлда Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссарына Москвадан телеграмма келет, анда Поливановду камоого жана атайын күзөт менен Москва алып келүүгө буйрук берилет. 1-августта камакка алынып, 4-августта Фрунзеде суракка алышып, кайра Москва алып кетишет. Ал жакта сурак 22-августта башталып, 27-августта айып корутундулары коюлат. Аны "мекенге чыккынчылык кылган" деген өтө катаал айып менен түрмөгө кесет. Айыптоолорго "террорчулук", "контрреволюциялык ишмердүүлүк" дегендер кошулат. 1937-жылы атууга өкүм кылынат. Окумуштууну кыргыз тилчилери Константин Юдахин, Юсуп Яншансин, Болот Юнусалиев жактап чыгат, бирок алардын айткандары эске алынбайт. 1938-жылдын 25-январындагы СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясынын сессиясында ал өзүнүн мурдагы айткандарын танып чыгат, япон тыңчысы болбогонун, япон тилин үйрөнүү менен гана алектенгенин айтат. 1934-жылы 1-декабрда Коммунарка полигонунда атылганы эскерилет. 1937-жылы 17-ноябрда аялы Бригитта Альфредовна Нирк айымга да эл душманынын аялы катары камакка алуу чечими чыгат, аны 1938-жылы 10-апрелде Ташкенттен кармап, камакка алышат, сурактын жүрүшүндө ага "польшалык чалгын кызматынын агенти" деген айып коюлуп, он жылга кесилет, 1946-жылы 1-июлда Архангельск облусундагы лагерлердин биринде каза болот.
Кыргыздар Евгений Поливановду эскерип келет. 2021-жылдын 10-11-июнунда Бишкек шаарында "Свободная дискуссия о языке и динамика развития языковых процессов" деген темада эл аралык чоң жыйын өтүп, ал Поливановдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналды. Ошол жыйында өзбек профессору Махмуд Юсупов полиглот катары Евгений Дмитриевич 26 жандуу, төрт "өлүү тил" билгендигин тактады. Поливанов кайталангыс эс тутумга ээ болгон, бир тилди бир нече айда эле үйрөнүп, ошол тилдин говорлорунан, диалектилеринен бери жакшы билген. Мына ушундай табылгыс киши сталиндик репрессиянын тегирменине салынып кеткен, аны эч ким сактап кала алган эмес...

20 Бештин айы 2020, 13:59