https://sputnik.kg/20250215/aksh-donald-tramp-ukraina-ken-baylyk-1092083014.html
Зеленский Украинанын кен байлыктарынын жарымын АКШга берүүдөн баш тартты
Зеленский Украинанын кен байлыктарынын жарымын АКШга берүүдөн баш тартты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын кен байлыктарынын 50 пайызын АКШга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 15.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-15T13:10+0600
2025-02-15T13:10+0600
2025-02-16T13:19+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
украина
кен байлыктар
https://sputnik.kg/img/07e9/02/10/1092093359_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_945a179ed53e201d8ec8ad1df612a894.jpg
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын кен байлыктарынын 50 пайызын АКШга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Маалыматка ылайык, бул жерде казып алына элек минералдык ресурстар жөнүндө сөз болуп жатат.Буга чейин Мюнхендеги коопсуздук конференцияда Киев режиминин башчысы менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жолугушуусу жылдырылганы кабарланган. Себеби Украина өнөктөштүк тууралуу меморандумдун долбоорун кайра иштеп чыкканы жана аны америкалык тарап изилдөөгө убакыт сураган.РБК-Украинанын маалыматы боюнча, кеп сейрек кездешүүчү металлдар келишиминин долбоору жөнүндө болуп жатат.Буга чейин Дональд Трамп Киев бийлиги АКШ берген каржылык жардамды кайтарышы керектигин билдирген. Анын суммасы 300-350 миллиард доллар экени айтылган. Трамп Украина сейрек кездешүүчү металлдарын АКШга берүүгө кепилдик бериши керектигин белгилеген. Ал эми Зеленский АКШга инвестиция салып, кен байлыктарды биргелешип казып алууга мүмкүндүк берерин айткан.
https://sputnik.kg/20250210/ukrainanyn-tramp-kyzykkan-ken-bajlyktary-chyndap-ukrainadaby-1091970972.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/10/1092093359_74:0:2805:2048_1920x0_80_0_0_2ca4eb6c0e1ebf2748c4fe735928db53.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, украина, кен байлыктар
дүйнөдө, акш, дональд трамп, украина, кен байлыктар
Зеленский Украинанын кен байлыктарынын жарымын АКШга берүүдөн баш тартты
13:10 15.02.2025 (Жаңыртылды: 13:19 16.02.2025) БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын кен байлыктарынын 50 пайызын АКШга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу
РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жерде казып алына элек минералдык ресурстар жөнүндө сөз болуп жатат.
“Мюнхендеги конференцияда АКШ Конгрессинин делегациясы Зеленскийге кол коюу үчүн документ тапшырган. Анда Украинанын минералдык ресурстарынын 50 пайыз укугу АКШга берилери каралган. Зеленский ага кол коюудан баш тарткан”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Мюнхендеги коопсуздук конференцияда Киев режиминин башчысы менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жолугушуусу жылдырылганы кабарланган. Себеби Украина өнөктөштүк тууралуу меморандумдун долбоорун кайра иштеп чыкканы жана аны америкалык тарап изилдөөгө убакыт сураган.
РБК-Украинанын маалыматы боюнча, кеп сейрек кездешүүчү металлдар келишиминин долбоору жөнүндө болуп жатат.
Буга чейин Дональд Трамп Киев бийлиги АКШ берген каржылык жардамды кайтарышы керектигин билдирген. Анын суммасы 300-350 миллиард доллар экени айтылган. Трамп Украина сейрек кездешүүчү металлдарын АКШга берүүгө
кепилдик бериши керектигин белгилеген. Ал эми Зеленский АКШга инвестиция салып, кен байлыктарды биргелешип казып алууга мүмкүндүк берерин айткан.