https://sputnik.kg/20250215/milicziya-okuuchu-osh-bishkek-iim-1092082123.html
Мектептердеги өлүм менен аяктаган чыр-чатактардан кийин 26 милиционер жазаланды
Мектептердеги өлүм менен аяктаган чыр-чатактардан кийин 26 милиционер жазаланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин... 15.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-15T10:25+0600
2025-02-15T10:25+0600
2025-02-16T12:09+0600
иим
милиция
бишкек
кызмат
ош
кара-суу району
рииб
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0f/1062082213_0:56:1080:664_1920x0_80_0_0_5233ed1f2ea74f5a6b5278ba7d227f96.jpg
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды:Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.Эске салсак, 12-февралда Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте окуучулар уруша кетип, натыйжада 9-класстын окуучусу каза болуп калганы, ал эми 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип кармалганы кабарланган. Буга чейин Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу каза болгон. Ал чоң класстын балдарынан токмок жегенин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирген.
https://sputnik.kg/20250213/bishkek-mektep-kylmysh-kyrsyk-1092052746.html
бишкек
ош
кара-суу району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0f/1062082213_60:0:1020:720_1920x0_80_0_0_7c0dcdd2cbe06a3f2844bea3e6bbced1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
иим, милиция, бишкек, кызмат, ош, кара-суу району, рииб, кыргызстан
иим, милиция, бишкек, кызмат, ош, кара-суу району, рииб, кыргызстан
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды:
Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев;
№2 ШМБнын башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев;
жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов;
Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов;
аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев.
Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Эске салсак, 12-февралда Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте окуучулар уруша кетип, натыйжада 9-класстын окуучусу каза болуп калганы, ал эми 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип
кармалганы кабарланган.
Буга чейин Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу каза болгон. Ал чоң класстын балдарынан токмок жегенин Жогорку Кеңештин депутаты
Надира Нарматова билдирген.