https://sputnik.kg/20250216/zelenskiy-aksh-ken-baylyk-kelishim-bash-tartty-1092090989.html
Зеленский Украинанын кен байлыктарын АКШга берүү келишиминен баш тартканын айтты
Зеленский Украинанын кен байлыктарын АКШга берүү келишиминен баш тартканын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске АКШнын Украинадагы кен байлыктарды алуу боюнча даяр болуп калган келишимине... 16.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-16T11:17+0600
2025-02-16T11:17+0600
2025-02-17T10:46+0600
дүйнөдө
акш
украина
владимир зеленский
кен байлыктар
келишим
саясат
https://sputnik.kg/img/07e9/02/10/1092090564_0:0:2814:1583_1920x0_80_0_0_82ef67b187f13b71f01697c6d0982c03.jpg
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске АКШнын Украинадагы кен байлыктарды алуу боюнча даяр болуп калган келишимине кол коюудан баш тартканын билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Washington Post газетасы конгрессчилерге таянып, америкалык аткаминерлер Зеленский менен Мюнхенде жолугушууда аны Украинанын казылбаган кен байлыктарынын 50 пайызын алганга уруксат бере турган документке кол коюуга чакырышканын жазган. Басылманын кабарлашынча, Зеленский баш тарткан.Иш-чара Зеленскийдин расмий Youtube каналында көрсөтүлдү.Зеленскийдин пикиринде, келишимде экономикага инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү жана коопсуздук кепилдигинин ордуна бул инвестициялардан пайда алуу камтылууга тийиш. Анын айтымында, документтин азыркы версиясында мындай жоболор жок.14-16-февралда Мюнхенде кооопсуздук боюнча 61-конференция өтүп, буга ар кыл мамлекеттерден жогорку кызматтагы мамлекеттик ишмерлер катышары айтылган. Анда тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер, көйгөйлөр, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыш согуштары талкууланган.Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген. Трамптын администрациясы мурдараак Батыштын Киевге жардам берүү шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгы боюнча маселени көтөргөн эле. Анда европалык союздаштарга караганда вашингтондук колдоонун көлөмү алда канча арбын экени айтылган.Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина менен АКШнын ресурстар боюнча келишими тууралуу айтылган сөздөрдөн улам бул тема талкууланып жаткандыгын, бирок Киев Вашингтон менен стратегиялык өнөктөштүктү каалаарын билдирген.Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинадагы сейрек кездешкен металлдар боюнча планы коммерциялык максатта экендигин белгилеген. Ал Вашингтондун Киевге жардам бербегени жакшы иш болмоктугун жана мунусу чатактын аякташына кошкон салымы болуп каларын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20250213/zelenskij-koopsuzduk-kepildigisiz-ok-atuu-toktoboj-turganyn-ajtty-1092039807.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/10/1092090564_6:0:2737:2048_1920x0_80_0_0_68368744914ec88f85ac32ed7f5cb603.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, кен байлыктар, келишим, саясат
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, кен байлыктар, келишим, саясат
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске АКШнын Украинадагы кен байлыктарды алуу боюнча даяр болуп калган келишимине кол коюудан баш тартканын билдиргенин
РИА Новости жазды.
Буга чейин Washington Post газетасы конгрессчилерге таянып, америкалык аткаминерлер Зеленский менен Мюнхенде жолугушууда аны Украинанын казылбаган кен байлыктарынын 50 пайызын алганга уруксат бере турган документке кол коюуга чакырышканын жазган. Басылманын кабарлашынча, Зеленский баш тарткан.
"Келишимге министрлердин деңгээлинде кол коюлган, бирок мен президент катары бул документтин сапатына таасир эте алам. Ошондуктан аларга аталган келишимге кол коюуга уруксат берген жокмун, анткени документ бизди жана биздин кызыкчылыктарды коргоого даяр эмес", — деген Зеленский Мюнхен конференциясында.
Иш-чара Зеленскийдин расмий Youtube каналында көрсөтүлдү.
Зеленскийдин пикиринде, келишимде экономикага инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү жана коопсуздук кепилдигинин ордуна бул инвестициялардан пайда алуу камтылууга тийиш. Анын айтымында, документтин азыркы версиясында мындай жоболор жок.
14-16-февралда Мюнхенде кооопсуздук боюнча 61-конференция өтүп, буга ар кыл мамлекеттерден жогорку кызматтагы мамлекеттик ишмерлер катышары айтылган. Анда тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер, көйгөйлөр, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыш согуштары талкууланган.
Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин
күтүп жатканын билдирген. Трамптын администрациясы мурдараак Батыштын Киевге жардам берүү шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгы боюнча маселени көтөргөн эле. Анда европалык союздаштарга караганда вашингтондук колдоонун көлөмү алда канча арбын экени айтылган.
Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина менен АКШнын ресурстар боюнча келишими тууралуу айтылган сөздөрдөн улам бул тема талкууланып жаткандыгын, бирок Киев Вашингтон менен стратегиялык өнөктөштүктү каалаарын билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинадагы сейрек кездешкен металлдар боюнча планы коммерциялык максатта экендигин белгилеген. Ал Вашингтондун Киевге жардам бербегени жакшы иш болмоктугун жана мунусу чатактын аякташына кошкон салымы болуп каларын кошумчалаган.