00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Любовь как вдохновение: как чувства превращают ремесло в искусство?
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
"Көзирмем" тасмасы үй-бүлө баалуулуктарын канчалык ачып бере алды?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Моральные дилеммы в «Щегле»: оправдывает ли цель средства?
18:06
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка чыгармаларды кабыл алуу жарыяланды АКШдагылар Украинадагы согуштун аяктап бара жатканын айтышуудаБитир-садаганы QR-код менен төлөөгө мүмкүндүк түзгөн система ишке кирдиАлдыда кененирээкЗекет, битир-садаганы QR-код менен төлөөгө мүмкүндүк түзгөн система ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Finik төлөм платформасын колдонуу Нарын облусунун имамдарына түшүндүрүлдү."Аталган платформа аркылуу төлөмдөр түздөн-түз муфтияттын эсебине түшүп, ар бир тыйындын колдонулушу көзөмөлдөнөт", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле жыйында апрелден тарта имамдарга стипендия төлөнө баштаары кошумчаланды.
Жалал-Абадда 5 200 көрүүчүгө ылайык келген спорт ордосунун курулушу башталат. Капиталдык курулуш департаменти комплекстин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 20 миллион сомдук тендер жарыялады. Талап боюнча, имарат, спорттук аянттар, бассейн, футбол, баскетбол, теннис, воркаут аянтчалары, чуркоого ылайыкталган жолдор салынышы керек. Буга чейин комплекс үчүн 2,5 гектар жер бөлүнүп, курулушка 2,5 миллиард сом сарпталары айтылган. Курулуш иштери 2026-жылы бүтөрү пландалууда.
Президенттин администрациясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле өлкөнүн тиешелүү чыгармачыл бирликтери тарабынан Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга чыгармачыл эмгектерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кабыл алуу ушул жылдын 3-мартынан 31-мартына чейин башталгандыгын жарыялайт. «Кароого 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачыл эмгектер кабыл алынат», — деп жазылат маалыматта.Чыгармалардын жыйнактары, тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 нускадан аз басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар, изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер, концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар кабыл алынбайт. Мамлекеттик сыйлыкты алууга талапкерлер Маданият министрлигине жана өлкөдөгү тиешелүү чыгармачыл биримдиктерге кайрылуусу зарыл.
Украинадагы согуштун дагы деле уланып жатканына карабай, кармаш дээрлик соңуна чыгып калды. Бул туурасында америкалык The National Interest журналы жазганын РИА Новости билдирди. "Украинадагы кармаш де-факто алганда аяктады. Бул туурасында Трамп жар салган жок, бирок Америка жетекчилигинин жалпы аракети менен согуш мындан ары уланбашы керек деген бүтүмгө келди. Орустар Украинаны утту, демек, Москва НАТОну да жеңди", — деп айтылат макалада. Автордун пикиринде көп мамлекеттер чактактын жыйынтыгы адилеттик менен Россиянын пайдасына болду деп туура кабыл алышат жана Москванын каршылашты жеңгенине аний дешпейт. АКШ Украинага жардамды акырындап кыскартып жатабыз деген шылтоо менен НАТОдон оолактап, финансылык жүктү Евробиримдиктин мойнуна илет. Автор окуя мындай ыңгайда кетсе Украинанын согушту улантуусун колдоого Европанын алы, ресурсу жетпей каларын белгилеген. Бул аны Россия менен АКШнын сүйлөшүү процессине катышуу укугунан ажыратат.
Жаңылыктар түрмөгү
0