00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Любовь как вдохновение: как чувства превращают ремесло в искусство?
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
"Көзирмем" тасмасы үй-бүлө баалуулуктарын канчалык ачып бере алды?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Моральные дилеммы в «Щегле»: оправдывает ли цель средства?
18:06
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өзгөндө 11-класстын окуучулары мушташып, бирөө ооруканага түштүМуфтият Орозо айы 1-мартта башталарын кабарладыЖаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартыла турган болдуАлдыда кененирээкБазарлардагы мал союучу жайлардын абалы төрт жылдан бери оңолгон жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.Ал республикадагы мал союучу жайлардын абалын сынга алып, Ветеринардык кызматтын жетекчиси Улугбек Кожобергеновго кайрылды. "Төрт жылдан бери базарлардагы мал союучу жайлардын абалы, ветеринардык көзөмөл оңолгон жок. Эмнени кыйратып жатасыңар?! Ишенбесеңиз азыр текшерели. Меники туура эмес болсо мандатымды тапшырганга даярмын, сиздики туура эмес болсо кызматыңызды тапшырасызбы?" — деп суроо салды эл өкүлү. Аткаминер буга жооп кайтарган жок.
Өзгөн районунда 11-класстын окуучулары мушташып, бирөө ооруканага түшкөнүн Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 14-февралда болгон. "№34 мектептин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетип, 17 жаштагы өспүрүм ур-токмокко алынып, ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталып, бөлүм башчы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, К.К.О. аттуу кызматкер облуста жол салуу иштерин эч нерсе дебей эле кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын ээлеринен мыйзамсыз акча алып турган."Бул жолду сапаттуу салуу иштерине терс таасирин тийгизген", — деди атайын кызмат. Кармалган аткаминер Талас шаары боюнча ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-февралда таравих намазы окулуп, 1-мартта ооз бекитилет. Болжол менен орозо 30-мартта жыйынтыкталып, 31-мартта айт намазы окулары күтүлүүдө. Ошол эле учурда быйыл орозо 29 күнгө созулуп калышы ыктымал экени кошумчаланды.
Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылат. Буга Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети макулдугун берди. Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, элден сунуштар дагы деле түшүүдө. "Ведомствого жаңы гимндин 16 долбоору келип түштү. Ал эми жумушчу топтун электрондук дарегине 234 адамдан 401 кайрылуу, сунуш түшүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деди Ажымалиев. Өлкөдө мамлекеттик гимндин тексти менен обонуна сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүсү 1,5 миллион сом алары айтылган.
ЕАЭБдеги соодалашууну ыргагынан чыгаруу аракети максатына жеткен жок. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын соода министри Андрей Слепнев билдирди. Анын айтымында, уюмдун ичиндеги соода жүгүртүү 10 пайызга, ал эми экспорт 1,2 пайызга өскөн. "Сандар ЕАЭБдеги соодалашууну чектеп, бут тосуу аракеттери максатына жетпегенин көрсөтүүдө. Соода өнүгүп, бизнес алдыга жылып, өнөктөштөр менен кызматташуунун жолдору табылып жатат", — деди ал.
Жаңылыктар түрмөгү
0