00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Любовь как вдохновение: как чувства превращают ремесло в искусство?
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
"Көзирмем" тасмасы үй-бүлө баалуулуктарын канчалык ачып бере алды?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Моральные дилеммы в «Щегле»: оправдывает ли цель средства?
18:06
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар кайрадан көбөйүүдөРоссия — АКШ алакасын жөнгө салууга карай кадам. Лавров менен Ушаков Эр-Риядга баратБилим берүү министри "Алтын тамга" тести жоюларын айттыАлдыда кененирээк"Алтын тамга" тестирлөөсү жоюлат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде билдирди. Депутат Гүлкан Молдобекова "Алтын тамгадан" орун албаган мектеп директорлорунун иштен алынышы канчалык туура деген суроо узаткан. Кендирбаеванын айтымында, тесттердин жыйынтыгына карата мектеп директорлорунун ишин баалоо туура эмес. "Бул — мектеп жетекчилерине карата басмырлоо. Анткени жакын арада "Алтын тамганы" алып салабыз. Ал бир жакка өтүүгө жардам бербейт. Кызыл аттестат жана Жалпы республикалык тестирлөө калат. Ал эми айрым облус жетекчилеринин ЖРТ жана "Алтын тамга" тестирлөөсүнөн жакшы найтыжа көрсөтпөсө иштен алынат дегени аша чабуу. ЖРТ — бул ЖОЖго өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу экени жобосунда жазылган", — деди Кендирбаева. Министр ЖРТ тапшыруу ыктыярдуу экенин эске салып, анын жыйынтыгы билимдин сапатын аныктабай турганын кошумчалады.
Кыргызстанда 10-февралдан 16-февралга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 796 учуру жана сасык тумоонун 73 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, оору өткөн жумага салыштырмалуу 3 пайызга өскөн. Ооругандардын 4,4 пайызы же 483 адам ооруканага жаткырылган. 2024-жылдын декабрынын ортосунан тарта сасык тумоо мезгили болуп, негизинен A/(H1N1) тумоосунан жана В гриппинин, ошондой эле COVID-19дун айрым учурларынан улам келип чыкканы белгиленген. Дарыгерлер элди алдын алуу чараларын сактоого чакырат.
Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өлкө башчынын жардамчысы Юрий Ушаков америкалык кесиптештери менен жолугуу үчүн Эр-Риядга барат. Бул тууралуу РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта биринчи кезекте тараптар Россия менен АКШнын комплекстүү мамилесин жөнгө салуу аракеттерин талкуулай турганы айтылат. "Биринчи кезекте Россия менен Американын ортосундагы мамилени калыбына келтирүү жана Украина боюнча болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү маселелери талкууланат", — деди Кремлдин өкүлү. Ал Сауд Арабиясы эки тарапка тең ылайык келген өлкө экенин, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө Эр-Рияд дал ушул себептен тандалып алынганын белгиледи.
РФ президенти Владимир Путиндин Украинадагы чатакты чечүү ниети бар, антпегенде бул АКШ үчүн ири көйгөйгө айланмак. Бул туурасында Америка лидери Дональд Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатканда айткан. Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье таратты."Гитлерди, Наполеонду жеңген Россия сыяктуу ири держава Украинадагы чатакты чечүүнү каалабаса, ал менин өзүм жана АКШ үчүн ири көйгөй болмок", — деген Трамп жакында Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү бардыгын журналисттерге айтып берип жатып. Ал Путинди Украинадагы азыркы кырдаалды "тез" жөнгө салууну четке какпайт деп да кошумчалаган. "Согушту токтотууну каалап турат деп ойлойм. Муну байкап жатам", — деп кошумчалаган Трамп.
Жаңылыктар түрмөгү
0