00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, анын ордуна "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Гүлсүнкан Жунушалиева келет. БШК ага күбөлүк жана депутаттын эн белгисин тапшырды. Гүлсүнкан Жунушалиева юридикалык илимдин магистри. Философия илимдеринин кандидаты, Эл агартуунун отличниги.
Мектептерге психологдор керек, деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында. Комитет билим берүү системасындагы коопсуздукту камсыздоодогу негизги көйгөйлөрдү карап чыкты. Жусупбекованын айтымында, учурда Бишкек шаарында мектеп аянтчасына видеокөзөмөл системасын каржылоо маселеси чечилгени менен Ошто дагы эле чечилбей жатат.Ошондой эле ал ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча норманы киргизүү зарылдыгын белгилеп, юристтерге тиешелүү документти иштеп чыгуу тапшырылганын билдирди. Эң чоң көйгөй миграция, анын кесепетинен 6 миңдей бала алыскы туугандарында калууда.
УКМК академиясынын курсанттары алардан көз каранды болгон себептер менен окуудан чыгарылса мамлекет сарптаган каражатты кайтарып берүүгө милдеттендирилет. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда генерал-лейтенат Анарбек Бакаев атындагы УКМКнын академиясынын курсанттары окууга жетишпей, тартип бузуп, соттолуп, өз каалоосу менен окуудан чыкса же аскердик милдетин өтөөдөн баш тартса акчаны кайтарып берери жазылган. Документтин негиздемесинде азыркы тапта мындай талаптар медициналык, фармацевтикалык, педагогикалык, ошондой эле укук коргоо ишинин адистиктери боюнча бюджетте окугандарга колдонулары белгиленген. Эске салсак, күзүндө президент Садыр Жапаров УКМКнын генерал-лейтенант А. Бакаев атындагы академиясын ачкан. Анда окуу жай чекисттерди даярдоо милдетин аркалай турганы айтылган.
Борбор Азияда суу тармагы өтө аянычтуу абалда, 2028-жылы регион суу таңсыктыгынын курч фазасына өтөт. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.Анын айтымында, бул айыл чарба жана жергиликтүү эл үчүн кошумча тобокелдиктерди шарттайт.Эксперт Борбор Азия элинин саны көбөйүп жатканына токтолгон. Бул жаатта калкы 1991-жылдан 2025-жылга чейин 22 миллиондон 37,5 миллионго өскөн Өзбекстан — лидер. Тажикстан калкынын саны бүгүнкү күндө 10 миллион деп көрсөтүлгөн."Жалпы карай келгенде региондо жашоочулардын саны 80 миллионго чамалап калды, демек, ичүүчү суу көбүрөөк пайдаланыла баштайт. Мындан тышкары, регионалдык башкаруунун калыпка түшпөгөнү да суу ресурсуна таасир этүүдө. Бизде тиешелүү укугу бар эл аралык институт, олуттуу инструмент жок. Суу маселелерин чечүү боюнча абал кыйла оор, суу бөлүштүрүү менен эле алектенбестен, жалпы стратегия иштеп чыга турган институттар керек", — деди Притчин. Ал Борбор Азияда суунун баасы дүйнөдөгү эң арзан баа экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0