https://sputnik.kg/20250218/1092141412.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөйт. Бул тууралуу вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Буга чейин парламент спикери, вице-спикер баш болгон... 18.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-18T19:00+0600
2025-02-18T19:00+0600
2025-02-18T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092141280_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_94833d4e0919b95488ff9f709e62cbd5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөйт. Бул тууралуу вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Буга чейин парламент спикери, вице-спикер баш болгон тогуз депутат шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мындан улам коомчулукта "күздө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт" деген божомол тарап жаткан. Сыдыгалиевдин айтымында, 2026-жылга белгиленген депутаттардын, андан кийинки президенттин шайлоосу өз убагында болот. Ошондой эле ал мыйзам долбоору гендердик балансты сактоого багытталганын белгиледи.
ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди. Ал "Россиялык бизнес жумалык" интеграциялык форумунун алкагында өткөн "ЕАЭБ 2030-жылга чейин: бизнес менен бийликтин ортосундагы өз ара кызматташуунун максаттары, механизмдери, чакырыктары" сессиясында өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди күчөтүү боюнча негизги багыттарды атады. ЕЭК министри экономиканын реалдуу секторун каржылык колдоо механизмдерин иштеп чыгууга жана биримдик өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду. Барсегян мамлекеттик органдар менен бизнес-түзүмдөрдүн кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, бизнес-өкүлдөр менен үзгүлтүксүз уюштурулган жолугушуулар биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эффективдүү аянтча болуп калганын белгиледи.
Өлкөдө 1 жаштан 9 жашка чейинки балдардын арасында кызамык күч алууда. Бул тууралуу эпидемиолог Айчүрөк Макилова радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Соңку эки жылда кызамык оорусу кайрадан күч алды. Негизинен кызылча, суу чечек жана кызамык ооруларынын белгилери окшош болгондуктан айрым ата-энелер айырмалай албай да калышы мүмкүн.Дарыгер белгилегендей, 2023-2024-жылы өлкөдө кызамык оорусуна каршы 1-2-этаптагы эмдөө жүргүзүүнүн көрсөткүчү боюнча Чүй, Ош жана Талас облустарында 92, 91 пайыз менен алдыңкы орундарда турат. “Кийинки орундарда Жалал-Абад, Ысык-Көл облустары, Ош шаары, Нарын жана Баткен облустары турат. Ал эми Бишкек шаарынын кызамык оорусуна каршы эмдөөгө катышуусу 69 пайызды түзүп, эң төмөнкү көрсөткүчтө турат”,-деп белгиледи ал.
Европа биримдигинде АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнстин Германиядагы сөзүнөн кийин Американы каршылаш, душман деп карай башташты. Бул туурасында Financial Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Макалада Вэнстин Мюнхен конференциясында сүйлөгөнүнөн кийин душман деп тааныйсыздарбы деген суроосуна жогорку кызматтагы дипломат "ооба" деп жооп узатканы жазылган."Бул европа демократиясына түз жасалган кол салуу болду. Эми Европа чындыгында жалгыз калганы түшүнүктүү", — деген ал.
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөйт. Бул тууралуу вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Буга чейин парламент спикери, вице-спикер баш болгон тогуз депутат шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мындан улам коомчулукта "күздө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт" деген божомол тарап жаткан. Сыдыгалиевдин айтымында, 2026-жылга белгиленген депутаттардын, андан кийинки президенттин шайлоосу өз убагында болот. Ошондой эле ал мыйзам долбоору гендердик балансты сактоого багытталганын белгиледи.ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди. Ал "Россиялык бизнес жумалык" интеграциялык форумунун алкагында өткөн "ЕАЭБ 2030-жылга чейин: бизнес менен бийликтин ортосундагы өз ара кызматташуунун максаттары, механизмдери, чакырыктары" сессиясында өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди күчөтүү боюнча негизги багыттарды атады. ЕЭК министри экономиканын реалдуу секторун каржылык колдоо механизмдерин иштеп чыгууга жана биримдик өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду. Барсегян мамлекеттик органдар менен бизнес-түзүмдөрдүн кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, бизнес-өкүлдөр менен үзгүлтүксүз уюштурулган жолугушуулар биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эффективдүү аянтча болуп калганын белгиледи. Өлкөдө 1 жаштан 9 жашка чейинки балдардын арасында кызамык күч алууда. Бул тууралуу эпидемиолог Айчүрөк Макилова радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Соңку эки жылда кызамык оорусу кайрадан күч алды. Негизинен кызылча, суу чечек жана кызамык ооруларынын белгилери окшош болгондуктан айрым ата-энелер айырмалай албай да калышы мүмкүн.Дарыгер белгилегендей, 2023-2024-жылы өлкөдө кызамык оорусуна каршы 1-2-этаптагы эмдөө жүргүзүүнүн көрсөткүчү боюнча Чүй, Ош жана Талас облустарында 92, 91 пайыз менен алдыңкы орундарда турат. “Кийинки орундарда Жалал-Абад, Ысык-Көл облустары, Ош шаары, Нарын жана Баткен облустары турат. Ал эми Бишкек шаарынын кызамык оорусуна каршы эмдөөгө катышуусу 69 пайызды түзүп, эң төмөнкү көрсөткүчтө турат”,-деп белгиледи ал. Европа биримдигинде АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнстин Германиядагы сөзүнөн кийин Американы каршылаш, душман деп карай башташты. Бул туурасында Financial Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Макалада Вэнстин Мюнхен конференциясында сүйлөгөнүнөн кийин душман деп тааныйсыздарбы деген суроосуна жогорку кызматтагы дипломат "ооба" деп жооп узатканы жазылган."Бул европа демократиясына түз жасалган кол салуу болду. Эми Европа чындыгында жалгыз калганы түшүнүктүү", — деген ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092141280_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ace3fc4476d1955ee2de30b2c67c1887.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио