Борбор Азияда суунун тартыштыгы күчөйт. Эксперттер эмне сунуштоодо
© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктогул суу сактагычынын тайыз жээги. Архив

Жазылуу
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Борбор Азияда суу тармагы өтө аянычтуу абалда, 2028-жылы регион суу таңсыктыгынын курч фазасына өтөт. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, бул айыл чарба жана жергиликтүү эл үчүн кошумча тобокелдиктерди шарттайт.
© Sputnik / Жантай МакеновРоссия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин

Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин
© Sputnik / Жантай Макенов
"Көйгөйлүү тармактарды белгилей кетейин. Биринчи кезекте бул — климаттын өзгөрүүсү. Глобалдуу жылуулук Борбор Азияда таза суунун булагы болгон мөңгүлөргө кесепетин тийгизет. Мөңгүнүн азайышы дарыяларга жана эл пайдаланып көнгөн суунун көлөмүнө терс таасир этет", — деди Притчин.
Эксперт Борбор Азия элинин саны көбөйүп жатканына токтолгон. Бул жаатта калкы 1991-жылдан 2025-жылга чейин 22 миллиондон 37,5 миллионго өскөн Өзбекстан — лидер. Тажикстан калкынын саны бүгүнкү күндө 10 миллион деп көрсөтүлгөн.
"Жалпы карай келгенде региондо жашоочулардын саны 80 миллионго чамалап калды, демек, ичүүчү суу көбүрөөк пайдаланыла баштайт. Мындан тышкары, регионалдык башкаруунун калыпка түшпөгөнү да суу ресурсуна таасир этүүдө. Бизде тиешелүү укугу бар эл аралык институт, олуттуу инструмент жок. Суу маселелерин чечүү боюнча абал кыйла оор, суу бөлүштүрүү менен эле алектенбестен, жалпы стратегия иштеп чыга турган институттар керек. Бул багыттагы алкачкы кадамдарды байкап жатабыз, Камбар-Ата долбоорун азыр региондогу үч мамлекет ишке ашырууда. Бул жакшы көрүнүш, бирок жетишсиз", — деди Притчин.
Ал Борбор Азияда суунун баасы дүйнөдөгү эң арзан баа экенин белгиледи.
"Казакстан суусу арзан мамлекеттердин үчтүгүнө кирет. Кыргызстан менен Өзбекстан ошол эле деңгээлде, бир куб метри 10-14 цент деп бааланат, салыштыруу үчүн айтсак, Россияда 49 цент, өнүккөн өлкөлөрдө бир доллар. Бизде суу бекер болгондуктан да көп пайдаланылып, чексиз ресурс катары кабылданат. Элдин психологиясын өзгөртүү керек, олуттуу программа зарыл", — деди эксперт.
Притчин акыркы ондогон жылдардын ичинде Борбор Азияда сугат жердин аянты 2,2 миллион гектардан 10 миллионго чейин кеңейгенине токтолду. Анын айтымында, ирригациялык системалар да бир топ эскирген.
Адис сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн аны биринчи кезекте кымбаттатууну, канал, суу тазартуучу курулуштарды салууну, ошондой эле суу чарбасын системалуу реконструкциялоону сунуштады.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов суу көйгөйүн чечүү үчүн Борбор Азия өкмөттөрү өзүнүн улуттук гидросаясатын иштеп чыгышы керектигин белгиледи.
Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору Алексей Михалевдун айтымында, технологиялык тармакты өнүктүрмөйүн суу пайдалануу жаатында прогресске жетүү кыйын.
"Суунун деңгээлине туруктуу негизде мониторинг жасалышы кажет, суунун деңгээлин ченеп, курамын, сапатын текшерип тура турган гидродрондор керек. Мындан тышкары, Борбор Азияда экоксистемалык кызматтын орток моделин түзүүгө болот. Жалпы жонунан алганда азыркы тапта көйгөй өтө курч, бирок туура технологиялар колдонулса чечилбеген маселе болбойт", — деди ал.
Суу ресурстары кызматынын алдындагы Ирригация илим-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев инфраструктураны модернизациялоо үчүн кадрдык потенциал зарыл экенин белгиледи.
"Акыркы 30 жылда суу чарба системасындагы курулуштар эскирди, аларды жаңылап, калыбына келтирүү керек деген пикирге толук кошулам. Бирок бул үчүн кадрлар керек, жеринде эксплуатация, пайдалануу маселелерин чече алган окумуштууларга муктаж болуп турабыз", — деди жетекчи.