https://sputnik.kg/20250218/yevropa-menen-akshnyn-suuy-bashtagan-mamilesi-1092126088.html
"Бул түз эле кол салуу". Европада АКШны душман деп тааный башташты
"Бул түз эле кол салуу". Европада АКШны душман деп тааный башташты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Европа биримдигинде АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнстин Германиядагы сөзүнөн кийин Американы каршылаш, душман деп карай башташты... 18.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-18T10:05+0600
2025-02-18T10:05+0600
2025-02-18T10:05+0600
дүйнөдө
акш
европа
жеймс дэвид вэнс
дональд трамп
мюнхен
конференция
душмандашуу
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082148181_0:508:2735:2047_1920x0_80_0_0_ad0e16d3c4d1baab0123bb1cad075f03.jpg
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Европа биримдигинде АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнстин Германиядагы сөзүнөн кийин Американы каршылаш, душман деп карай башташты. Бул туурасында Financial Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.Макалада Вэнстин Мюнхен конференциясында сүйлөгөнүнөн кийин душман деп тааныйсыздарбы деген суроосуна жогорку кызматтагы дипломат "ооба" деп жооп узатканы жазылган.Өткөн аптада коопсуздук боюнча болгон Мюнхен конференциясында Вэнс Европа лидерлери өз жарандарын "үйрөтүлгөн мал" катары эсептеп, тоготпой жатканын айткан. Румыния сыяктуу кадам таштап, шайлоочуларына кулак салбай, добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын "болбогон шектенүүлөрдөн" улам жокко чыгарып же такыр эле басып салып жатат деп күнөөлөгөн. Анын пикиринде, Европага кооптуулукту Россия же Кытай жаратпайт, өздөрүнө-өздөрү жаратууда.Конференциянын катышуучулары Америка вице-президентин унчукпай угуп отуруп, бүткөн соң кол чабышкан эмес. Эки саясий ири күчтүн мамилесин суук селки кылчу мындай окуяга АКШнын президенти Дональд Трамп үн каткан. Ал Вэнстин сүйлөгөнүн укканын, "жакшы болгонун" айтып, Европага сагыраак болушу керектигин эскерткен.
https://sputnik.kg/20250213/akshnyn-ebdegi-soyuzdashtary-tramp-menen-putindin-suyloshuusu-boyuncha-bilbey-kaldy-1092033009.html
акш
европа
мюнхен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082148181_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_f93868fa7f6508444e356a18043e211f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, европа, жеймс дэвид вэнс, дональд трамп, мюнхен, конференция, душмандашуу
дүйнөдө, акш, европа, жеймс дэвид вэнс, дональд трамп, мюнхен, конференция, душмандашуу
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Европа биримдигинде АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнстин Германиядагы сөзүнөн кийин Американы каршылаш, душман деп карай башташты. Бул туурасында Financial Times басылмасына шилтеме кылып
РИА Новости жазды.
Макалада Вэнстин Мюнхен конференциясында сүйлөгөнүнөн кийин душман деп тааныйсыздарбы деген суроосуна жогорку кызматтагы дипломат "ооба" деп жооп узатканы жазылган.
"Бул европа демократиясына түз жасалган кол салуу болду. Эми Европа чындыгында жалгыз калганы түшүнүктүү", — деген ал.
Өткөн аптада коопсуздук боюнча болгон Мюнхен конференциясында Вэнс Европа лидерлери өз жарандарын "үйрөтүлгөн мал" катары эсептеп, тоготпой жатканын айткан. Румыния сыяктуу кадам таштап, шайлоочуларына кулак салбай, добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын "болбогон шектенүүлөрдөн" улам жокко чыгарып же такыр эле басып салып жатат деп күнөөлөгөн. Анын пикиринде, Европага кооптуулукту Россия же Кытай жаратпайт, өздөрүнө-өздөрү жаратууда.
Конференциянын катышуучулары Америка вице-президентин унчукпай угуп отуруп, бүткөн соң кол чабышкан эмес. Эки саясий ири күчтүн мамилесин суук селки кылчу мындай окуяга АКШнын президенти Дональд Трамп үн каткан. Ал Вэнстин сүйлөгөнүн укканын, "жакшы болгонун" айтып, Европага сагыраак болушу керектигин эскерткен.