https://sputnik.kg/20250219/krym-ukrainaga-kantip-otup-ketken-1092160446.html
Крымдын Украинага кантип өтүп кеткендигин баяндаган видео
Крымдын Украинага кантип өтүп кеткендигин баяндаган видео
Sputnik Кыргызстан
71 жыл мурда КПСС БКнын 1-катчысы Никита Хрущев Крым аймагын Украина ССРине караткан. 19.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-19T19:05+0600
2025-02-19T19:05+0600
2025-02-19T19:05+0600
дүйнөдө
россия
крым
референдум
тарых
видео
никита хрущев
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092161162_0:104:1080:712_1920x0_80_0_0_f4e8b420250885222aa1985ed86e019f.jpg
"Крымдан Россияга жетүүгө алыс болуп калат. Ал эми Украина жакыныраак болгондуктан ар кыл чарбалык иштерди жүргүзүү жеңилдейт. Бул боюнча бир нечеси менен сүйлөштүм. Албетте, эгерде Крымды берсек украиналыктар абдан кубанышат, азыр алардын шилекейи агып турат. Россия Федерациясы менен сүйлөшүп, кепке келебиз деп ойлойм", — деген Хрущев айыл чарба боюнча Коммунисттик партиянын Кремлде өтүп жаткан кезектеги кеңешмелеринин биринде.Эки ай өтпөй ал аткарылган. Тагыраагы, Крым облусу РСФСРден чыгарылып, Украинага берүү жарлыгы 1954-жылдын 26-апрелинде чыккан.Андан кийин көп суулар агып, аймактын өз алдынчалыгы боюнча маселе көтөрүлгөн. Арадан 37 жыл өткөн соң, 1991-жылдын январында, крымдыктардын 93 пайызы Крым АССРинин Украинанын курамынан чыгышы үчүн добуш берген.Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кырдаал өзгөргөн. 2014-жылдын 16-мартында Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өткөн. Ага элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында калктын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган. Эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан. Ошентип Крым Республикасы кайрадан Россиянын бир субъектисине айланды.
крым
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092161162_0:3:1080:813_1920x0_80_0_0_55da1292b3e07b6f2b8bbcedd7198717.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, крым, референдум, тарых, видео, никита хрущев, видео
дүйнөдө, россия, крым, референдум, тарых, видео, никита хрущев, видео
Крымдын Украинага кантип өтүп кеткендигин баяндаган видео
71 жыл мурда КПСС БКнын 1-катчысы Никита Хрущев Крым аймагын Украина ССРине караткан.
"Крымдан Россияга жетүүгө алыс болуп калат. Ал эми Украина жакыныраак болгондуктан ар кыл чарбалык иштерди жүргүзүү жеңилдейт. Бул боюнча бир нечеси менен сүйлөштүм. Албетте, эгерде Крымды берсек украиналыктар абдан кубанышат, азыр алардын шилекейи агып турат. Россия Федерациясы менен сүйлөшүп, кепке келебиз деп ойлойм", — деген Хрущев айыл чарба боюнча Коммунисттик партиянын Кремлде өтүп жаткан кезектеги кеңешмелеринин биринде.
Эки ай өтпөй ал аткарылган. Тагыраагы, Крым облусу РСФСРден чыгарылып, Украинага берүү жарлыгы 1954-жылдын 26-апрелинде чыккан.
Андан кийин көп суулар агып, аймактын өз алдынчалыгы боюнча маселе көтөрүлгөн. Арадан 37 жыл өткөн соң, 1991-жылдын январында, крымдыктардын 93 пайызы Крым АССРинин Украинанын курамынан чыгышы үчүн добуш берген.
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кырдаал өзгөргөн. 2014-жылдын 16-мартында Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өткөн. Ага элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында калктын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган. Эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан. Ошентип Крым Республикасы кайрадан Россиянын бир субъектисине айланды.