https://sputnik.kg/20250219/putin-rossiya-menen-akshnyn-er-riyaddagy-suyloshuuloru-tuuraluu-1092166458.html
Путин Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрү боюнча үн катты
Путин Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрү боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-фев.— Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Эр-Рияддагы (Сауд Арабиясы) россиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына оң... 19.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-19T22:10+0600
2025-02-19T22:10+0600
2025-02-20T09:35+0600
дүйнөдө
россия
акш
владимир путин
дональд трамп
эр-рияд
украина
сүйлөшүүлөр
европа
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090934143_0:0:2992:1683_1920x0_80_0_0_2a6dd622c81869641710131e745dbd79.jpg
БИШКЕК, 19-фев.— Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Эр-Рияддагы (Сауд Арабиясы) россиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына оң баасын берди. РФ президентинин башка билдирүүлөрү РИА Новостинин макаласында айтылды. Сүйлөшүүлөр тууралуу:Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сөз кылып жатып, Россия европалыктар жана Украина менен байланышта болуудан эч качан баш тартпагандыгын, алака-катышка алар өздөрү тыюу салышканын айтты.Россия Европа менен АКШнын иштерине кийгилишпесин белгиледи. Андан сырткары, Киевдин Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнө катышпаганына нааразы болуп жатканы орунсуз экендигин айтты. Европанын россиялык жана америкалык делегациялардын жолугушуусуна кескин, терс пикир билдирүүгө негизи жоктугун жоктугун эскертти.Трампка канааттануу менен жолугарын, бирок буга даярдык керектигин түшүндүрдү. Азыр эки мамлекеттин мамилеси кофе ичип отуруп чече койгудай эместигин белгиледи.РФ менен АКШнын ортосундагы диалогго арачы болгондордун кереги жоктугун, объективдүү маалыматтарды ала баштагандан кийин Трамптын кырдаалга болгон мамилеси өзгөргөндүгүн айтты.
https://sputnik.kg/20250219/tramp-er-riyaddagy-zholugushuu-ukrainadagy-shayloo-tuuraluu-1092148062.html
акш
эр-рияд
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090934143_175:0:2906:2048_1920x0_80_0_0_02b52d966a7fcd80588647f2510182cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, владимир путин, дональд трамп, эр-рияд, украина, сүйлөшүүлөр, европа
дүйнөдө, россия, акш, владимир путин, дональд трамп, эр-рияд, украина, сүйлөшүүлөр, европа
БИШКЕК, 19-фев.— Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Эр-Рияддагы (Сауд Арабиясы) россиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына оң баасын берди. РФ президентинин башка билдирүүлөрү
РИА Новостинин макаласында айтылды.
Америка менен ар кыл багыттагы иштерди жандантуу үчүн Россия биринчи болуп кадам жасады. Мында өз ара, анын ичинде Жакынкы Чыгыш боюнча кызыкчылыктар бар;
Эр-Рияддагы жолугушуунун максаты — ишенимди калыбына келтирүү болгон;
сүйлөшүүгө АКШдан биргелешип иштөөгө макул болгондор катышты;
эки тарап экономика, энергетика рыноктору, космос жана башка багыттар боюнча иштеп жатат;
РФ менен АКШ дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кадимкидей иштөө нугун жаңылоону сүйлөштү;
Москва БРИКС боюнча досторуна сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан маалымдар кылат.
Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сөз кылып жатып, Россия европалыктар жана Украина менен байланышта болуудан эч качан баш тартпагандыгын, алака-катышка алар өздөрү тыюу салышканын айтты.
Россия Европа менен АКШнын иштерине кийгилишпесин белгиледи. Андан сырткары, Киевдин Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнө катышпаганына нааразы болуп жатканы орунсуз экендигин айтты. Европанын россиялык жана америкалык делегациялардын жолугушуусуна кескин, терс пикир билдирүүгө негизи жоктугун жоктугун эскертти.
Трампка канааттануу менен жолугарын, бирок буга даярдык керектигин түшүндүрдү. Азыр эки мамлекеттин мамилеси кофе ичип отуруп чече койгудай эместигин белгиледи.
РФ менен АКШнын ортосундагы диалогго арачы болгондордун кереги жоктугун, объективдүү маалыматтарды ала баштагандан кийин Трамптын кырдаалга болгон мамилеси өзгөргөндүгүн айтты.