https://sputnik.kg/20250220/1092177949.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы юбилейлик белгиси менен 100 инсан сыйланды. Президент кол койгон тескемеге ылайык, сыйлык... 20.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-20T13:00+0600
2025-02-20T13:00+0600
2025-02-20T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/14/1092177817_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d1e1d266564f1e3d27b6c388a7bd6d9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы юбилейлик белгиси менен 100 инсан сыйланды. Президент кол койгон тескемеге ылайык, сыйлык өлкөнүн көз карандысыздыгын чыңдоого, экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, мамлекеттин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондорго ыйгарылган. Сыйлангандардын катарында Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар: Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев бар. Ошондой эле тизмеден азыркы саясатчылардан министрлер кабинетинин мурдагы жана азыркы төрагалары Акылбек Жапаров менен Адылбек Касымалиев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кездештирүүгө болот.
Ош жана Чүй облустарында жол иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканасы тарабынан Тоо-Моюн-Араван унаа жолунда грейдер менен жолдун жээгин калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда атайын техникалар менен жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Муну менен катар Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак-Бейшеке унаа жолунда жол белгилери орнотулуп, жол жээгиндеги куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери жүрүүдө.
“Манас” аэропорту жоголгон жүктөрдү сатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. "Сак болуңуздар! Интернетте "Манас" аэропортунда жоголгон жүктөр сатылып жатканы тууралуу фейк маалымат тарай баштады. "Манас" эл аралык аэропорту жана Кыргызстандын башка аэропорттору мындай иштерди жасашпайт", — деп айтылат компаниянын маалыматында. Ошондой эле, «Кыргызстан Аэропорттору» шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана белгисиз эсептерге акча которбоону эскертет.
АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармакта Владимир Зеленскийди “шайлоосуз диктатор” деп атап, аны жеке кызыкчылыктары үчүн Россия менен согушту создуктурууда деп айыптады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Ал шайлоо өткөрүүдөн баш тартууда, Украинадагы аны сурамжылоолордо колдогондор аябай аз болду. Шайлоосуз диктатор Зеленский эми шашышы керек, антпесе өлкөсүз калат", — деп жазат Трамп. Жакында эле Эр-Риядда Россия менен Американын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсү өттү, ал төрт жарымга саатка созулган. Россиядан жолугушууга тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. Ал эми АКШнын атынан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц жана Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүл Стивен Уиткофф барган. Президент Владимир Путин өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде болду деп баалап, жыйынтык бар экенин белгилеген.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы юбилейлик белгиси менен 100 инсан сыйланды. Президент кол койгон тескемеге ылайык, сыйлык өлкөнүн көз карандысыздыгын чыңдоого, экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, мамлекеттин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондорго ыйгарылган. Сыйлангандардын катарында Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар: Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев бар. Ошондой эле тизмеден азыркы саясатчылардан министрлер кабинетинин мурдагы жана азыркы төрагалары Акылбек Жапаров менен Адылбек Касымалиев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кездештирүүгө болот.Ош жана Чүй облустарында жол иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканасы тарабынан Тоо-Моюн-Араван унаа жолунда грейдер менен жолдун жээгин калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда атайын техникалар менен жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Муну менен катар Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак-Бейшеке унаа жолунда жол белгилери орнотулуп, жол жээгиндеги куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери жүрүүдө.“Манас” аэропорту жоголгон жүктөрдү сатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. "Сак болуңуздар! Интернетте "Манас" аэропортунда жоголгон жүктөр сатылып жатканы тууралуу фейк маалымат тарай баштады. "Манас" эл аралык аэропорту жана Кыргызстандын башка аэропорттору мындай иштерди жасашпайт", — деп айтылат компаниянын маалыматында. Ошондой эле, «Кыргызстан Аэропорттору» шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана белгисиз эсептерге акча которбоону эскертет.АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармакта Владимир Зеленскийди “шайлоосуз диктатор” деп атап, аны жеке кызыкчылыктары үчүн Россия менен согушту создуктурууда деп айыптады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Ал шайлоо өткөрүүдөн баш тартууда, Украинадагы аны сурамжылоолордо колдогондор аябай аз болду. Шайлоосуз диктатор Зеленский эми шашышы керек, антпесе өлкөсүз калат", — деп жазат Трамп. Жакында эле Эр-Риядда Россия менен Американын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсү өттү, ал төрт жарымга саатка созулган. Россиядан жолугушууга тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. Ал эми АКШнын атынан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц жана Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүл Стивен Уиткофф барган. Президент Владимир Путин өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде болду деп баалап, жыйынтык бар экенин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/14/1092177817_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a16b125cf457885ca4b67405fe99c634.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио