https://sputnik.kg/20250220/1092182652.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Жер кодексинин жаңы редакциясына каршы чыккан жарандар кол топтоду. Мүлк ээлери бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн... 20.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-20T17:00+0600
2025-02-20T17:00+0600
2025-02-20T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/14/1092182520_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6987fd98c22aa81a013cd860cef855c3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Жер кодексинин жаңы редакциясына каршы чыккан жарандар кол топтоду. Мүлк ээлери бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышат. Активисттер Садыр Жапаровдон документке кол койбоону суранышты.Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздук чараларын көзөмөлдөштү. Алар чогулгандар кайрылууга кол койгондон кийин дароо тарап кетиши керектигин эскертишти. Анткени парламенттин жанында митинг өткөрүүгө сот тыюу салынган.
Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейнге жасаган жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн каржы жана улуттук экономика министри шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономика, инвестиция, каржы жана банк секторундагы кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Элчи Марипов кыргыз-бахрейн өкмөттөр аралык комиссиясын жана кыргыз-бахрейн ишкерлер кеңешин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы сооданы өнүктүрүү максатында түз жана жүк ташуучу каттамдарды ачуу сунушун киргизди. Өз кезегинде, шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа айтылган сунуштарга ыраазычылык билдирип, ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярдыгын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелерди мындан ары илгерилетип, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.
Ноокатта окуучу кыз классташынын мурдун сындырган. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тараткан маалыматта айтылган. Ага ылайык, 19-февралда 10-класстын окуучусу сабалган."Кызматтык териштирүү жүрүп, жыйынтыгы менен тиешелүү мугалимдерге эскертүү, мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына сөгүш берилди", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин соцтармакта Ноокат районунун "Көк-Жар" инновациялык билим берүү комплексинде 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тараган. Ал кызын классташы кемсинтип, мугалим класстан чыгып кеткенде кол көтөрүп мурдун сындырганын айткан.
АКШ Украинага бергендерин кайтарып алышы керек жана экономикалык демилгелерине Киевдин нааразы болгонуна Ак үй чыдабайт. Бул туурасында Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц айтканын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды. "Россиянын тоңдурулган акчаларынын эсебинен пайыздык үстөгү менен кайтарып алуу үчүн европалыктардан аларга карызга акча берилип жатканын көрүп турабыз. Америкалык салык төлөөчүлөр да өз салымдарынын бир топ бөлүгүн кайтарып алууга татыктуу деп эсептейбиз", — деген ал. Уолтц муну менен катар эле америкалык администрациянын АКШнын экономикалык демилгелерине Киев бийлигинин кылган мамилесинен улам көңүлү калганын белгилеген. Анын айтымында, Киев сунуштарды карап көрүүнүн ордуна Вашингтонго "айбат көрсөтүп" жооп кылды.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Жер кодексинин жаңы редакциясына каршы чыккан жарандар кол топтоду. Мүлк ээлери бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышат. Активисттер Садыр Жапаровдон документке кол койбоону суранышты.Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздук чараларын көзөмөлдөштү. Алар чогулгандар кайрылууга кол койгондон кийин дароо тарап кетиши керектигин эскертишти. Анткени парламенттин жанында митинг өткөрүүгө сот тыюу салынган.Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейнге жасаган жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн каржы жана улуттук экономика министри шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономика, инвестиция, каржы жана банк секторундагы кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Элчи Марипов кыргыз-бахрейн өкмөттөр аралык комиссиясын жана кыргыз-бахрейн ишкерлер кеңешин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы сооданы өнүктүрүү максатында түз жана жүк ташуучу каттамдарды ачуу сунушун киргизди. Өз кезегинде, шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа айтылган сунуштарга ыраазычылык билдирип, ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярдыгын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелерди мындан ары илгерилетип, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты. Ноокатта окуучу кыз классташынын мурдун сындырган. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тараткан маалыматта айтылган. Ага ылайык, 19-февралда 10-класстын окуучусу сабалган."Кызматтык териштирүү жүрүп, жыйынтыгы менен тиешелүү мугалимдерге эскертүү, мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына сөгүш берилди", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин соцтармакта Ноокат районунун "Көк-Жар" инновациялык билим берүү комплексинде 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тараган. Ал кызын классташы кемсинтип, мугалим класстан чыгып кеткенде кол көтөрүп мурдун сындырганын айткан. АКШ Украинага бергендерин кайтарып алышы керек жана экономикалык демилгелерине Киевдин нааразы болгонуна Ак үй чыдабайт. Бул туурасында Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц айтканын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды. "Россиянын тоңдурулган акчаларынын эсебинен пайыздык үстөгү менен кайтарып алуу үчүн европалыктардан аларга карызга акча берилип жатканын көрүп турабыз. Америкалык салык төлөөчүлөр да өз салымдарынын бир топ бөлүгүн кайтарып алууга татыктуу деп эсептейбиз", — деген ал. Уолтц муну менен катар эле америкалык администрациянын АКШнын экономикалык демилгелерине Киев бийлигинин кылган мамилесинен улам көңүлү калганын белгилеген. Анын айтымында, Киев сунуштарды карап көрүүнүн ордуна Вашингтонго "айбат көрсөтүп" жооп кылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/14/1092182520_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dabab51af94a0086e7e4b48e165b4e6c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио