https://sputnik.kg/20250220/sadyr-zhaparov-zher-kodeksi-zhoop-1092186120.html
Жеке менчик кол тийгис! Жапаров Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча үн катты
Жеке менчик кол тийгис! Жапаров Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Менчик жерлерди алып коюуга каршымын. Жеке менчик мүлк кол тийгис. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабардагы” маегинде... 20.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-20T18:45+0600
2025-02-20T18:45+0600
2025-02-21T10:22+0600
кыргызстан
садыр жапаров
жер кодекси
өзгөртүү
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092046048_0:177:2560:1617_1920x0_80_0_0_5cf87c1b6b92b1f15c5285b6cdaf79dc.jpg
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Менчик жерлерди алып коюуга каршымын. Жеке менчик мүлк кол тийгис. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабардагы” маегинде билдирди.Эске салсак, бүгүн президенттен Жер кодексинин жаңы редакциясына кол койбоону суранган мүлк ээлери ЖКнын алдына чогулуп, петицияга кол топтошкон. Алар бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышканын айтышкан.Ал ошондой эле жарандарды бир чарчы метр жерди дагы бош калтырбай эгин эгүүгө чакырды.Жапаров айыл чарба багытындагы менчик жерлерди жергиликтүү бийликтегилер кыдырып, иштете албай жаткандарга колдоо көрсөтүп же өкмөткө ижарага берүү сыяктуу жолдорун тапса болорун кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250219/deputat-kommunaldyk-kyzmat-tarif-1092151958.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092046048_84:0:2476:1794_1920x0_80_0_0_494bacc8c6b3c9475ad7e8d0bcd3eac5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, жер кодекси, өзгөртүү
кыргызстан, садыр жапаров, жер кодекси, өзгөртүү
Жеке менчик кол тийгис! Жапаров Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча үн катты
18:45 20.02.2025 (Жаңыртылды: 10:22 21.02.2025) БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Менчик жерлерди алып коюуга каршымын. Жеке менчик мүлк кол тийгис. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабардагы” маегинде билдирди.
Эске салсак, бүгүн президенттен Жер кодексинин жаңы редакциясына кол койбоону суранган мүлк ээлери ЖКнын алдына чогулуп, петицияга кол топтошкон. Алар бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп
кооптонуп жатышканын айтышкан.“Жеке менчик мүлк кол тийгис. Эгер Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду ижарага берген жерлер жөнүндө болсо, анда башка кеп. Менчик жерлерди алып коюуга каршымын. Долбоордо фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алышып, иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытында иштетишибиз керек. Анткени адам саны өсүүдө. Өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албай калдык. Эгер мыйзам долбоору иштетилбей жаткан менчик жерлерди алабыз деген ченем менен келсе, каршы пикир менен кайтарам”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле жарандарды бир чарчы метр жерди дагы бош калтырбай эгин эгүүгө чакырды.
“Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып өкмөттү байыталы деген максат жок”, — деди президент.
Жапаров айыл чарба багытындагы менчик жерлерди жергиликтүү бийликтегилер кыдырып, иштете албай жаткандарга колдоо көрсөтүп же өкмөткө ижарага берүү сыяктуу жолдорун тапса болорун кошумчалады.