https://sputnik.kg/20250313/ivan-gavrish--kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092616020.html
Иван Гавриш — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Иван Гавриш — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кезектеги кыргызстандык тууралуу баяндоосун... 13.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-13T20:07+0600
2025-03-13T20:07+0600
2025-03-13T20:07+0600
ссср
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
учкуч
ростов-на-дону
авиация
иван гавриш
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Майор Иван ГавришАл 1920-жылы 7-апрелде азыркы Кыргызстандын аймагындагы Садовое деп аталган кыштакта дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Айылдагы толук эмес орто мектепте 7-классты аяктаган. Андан соң Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жашаган. Аэродромдо жардамчылык жумушта иштеген.1938-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1940-жылы мартта Вольскидеги авиациялык-техникалык училищеден 2-рангадагы аскердик техник болуп чыккан. Житомир облусундагы Бердичев жана Сумыдагы Лебедин шаарларында бомбалоочу 136-авиация полкунун авиациялык техниги болуп кызмат кылган.1941-жылдын 22-июнунан тарта согушка кирип, авиатехник болгон. 1941-жылдын сентябрында техниктердин тобуна кошулуп учкучтардын Воронеждеги баштапкы мектебине, андан соң Балашовдогу аскер-авиациялык мектепке кирет. Кийин Алтайга, Славгородго эвакуацияланган окуу жайдан штурмалоочу учкуч болуп чыгышат. 1943-жылы Ил-2 самолетуна отурат.Түштүк-батыш, Түштүк, Сталинград, кайра Түштүк, 4-Украин, 2-Беларусь фронтторунда согушат. Улук учкуч жана звено командири болуп жүрүп, ошол согуштардын биринде жаракат алат.Иван Гавриш чек арага жакын Дубно, Ровно, Бердичев шаарларындагы, Киевдеги коргонуу согуштарына, 1941-жылы Харьковдун алдындагы кармашка, Барвенково-Лозов операциясына, 1942-жылдагы Сталинград салгылашына катышкан. 1943-жылы Миус дарыясындагы согушта, Донбасс, Мелитополь операцияларында, Түндүк Таврия, Сиваш, Перекоп плацдармындагы кармаштарда болгон.Мындан сырткары, 1944-жылы Крымдагы Никопольск плацдармында согушуп, Беларусь операциясында, анын ичинде Орша, Борисов, Минск шаарларын, Литванын аймагын бошотууга, Голдап-Гумбиннен операцияларына катышкан. 1945-жылы Чыгыш Пруссияда, анын ичинде Инстербург-Кёнигсберг, Земланд операцияларында да согушкан.Штурм жасоочу 74-гвардиялык авиация полкунун звено командири, гвардиянын улук лейтенанты Гавриш 1945-жылдын мартына чейин согушуу үчүн 100 ирет учуп чыгып, 13 танканы жок кылган. Болжол менен 60 автоунааны, бир нече ок-дары кампаларын, башка көптөгөн техникаларды жана душмандын аскердик топторун талкалаган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 129 ирет согушка (учак менен) кирген.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1945-жылы 19-апрелде "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын улук лейтенанты Иван Гавришке Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Муну менен катар эле 1944,1945-жылдары Кызыл Туу, Александр Невский, ушул эле жылы Ленин ордени, 1945-жылы Ленин ордени, 1944-1985-жылдары Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы, 1956-жылы Кызыл Жылдыз ордендери, Кёнигсбергди алуу, Германиянын жеңгендиги үчүн медалдары менен сыйланган.Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин Түндүк-Кавказ аскердик округундагы чабуул жасоочу авиациялык полктун абадан атуучу кызматынын командиринин жардамчысы жана эскадрилья командири кызматтарында милдетин өтөөнү уланткан. 1953-жылы Жогорку офицердик учуу-техникалык курсун аяктаган. Абадан аткан адистерди даярдаган полктун командиринин жардамчысы болуп иштеген. 1959-жылы майор Гавриш запаска бошотулган. Жарандык авиацияга өтүп, 10 жыл реактивдүү жүргүнчү лайнерин айдаган.Ростов-на-Дону шаарында жашап, 1994-жылы 30-октябрда көз жуумп, сөөгү ошол калаага коюлган. Владимир жана Виктор аттуу уулдары ата кесибин жолдоп, аскер учкучтары болгон.Вольск шаарындагы аскер училищесинин аскердик комплексинин артына баатырдын мемориалдык тактасы орнотулган. Мындай такта ал өмүрүнүн акыркы жылдары жашаган Ростов-на-Дону шаарындагы үйүнүн маңдайына да коюлган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250312/grigoriy-vyglazov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092592271.html
ссср
ростов-на-дону
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, учкуч, ростов-на-дону, авиация, иван гавриш
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, учкуч, ростов-на-дону, авиация, иван гавриш
Иван Гавриш — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кезектеги кыргызстандык тууралуу баяндоосун улантат.
Ал 1920-жылы 7-апрелде азыркы Кыргызстандын аймагындагы Садовое деп аталган кыштакта дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Айылдагы толук эмес орто мектепте 7-классты аяктаган. Андан соң Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жашаган. Аэродромдо жардамчылык жумушта иштеген.
1938-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1940-жылы мартта Вольскидеги авиациялык-техникалык училищеден 2-рангадагы аскердик техник болуп чыккан. Житомир облусундагы Бердичев жана Сумыдагы Лебедин шаарларында бомбалоочу 136-авиация полкунун авиациялык техниги болуп кызмат кылган.
1941-жылдын 22-июнунан тарта согушка кирип, авиатехник болгон. 1941-жылдын сентябрында техниктердин тобуна кошулуп учкучтардын Воронеждеги баштапкы мектебине, андан соң Балашовдогу аскер-авиациялык мектепке кирет. Кийин Алтайга, Славгородго эвакуацияланган окуу жайдан штурмалоочу учкуч болуп чыгышат. 1943-жылы Ил-2 самолетуна отурат.
Түштүк-батыш, Түштүк, Сталинград, кайра Түштүк, 4-Украин, 2-Беларусь фронтторунда согушат. Улук учкуч жана звено командири болуп жүрүп, ошол согуштардын биринде жаракат алат.
Иван Гавриш чек арага жакын Дубно, Ровно, Бердичев шаарларындагы, Киевдеги коргонуу согуштарына, 1941-жылы Харьковдун алдындагы кармашка, Барвенково-Лозов операциясына, 1942-жылдагы Сталинград салгылашына катышкан. 1943-жылы Миус дарыясындагы согушта, Донбасс, Мелитополь операцияларында, Түндүк Таврия, Сиваш, Перекоп плацдармындагы кармаштарда болгон.
Мындан сырткары, 1944-жылы Крымдагы Никопольск плацдармында согушуп, Беларусь операциясында, анын ичинде Орша, Борисов, Минск шаарларын, Литванын аймагын бошотууга, Голдап-Гумбиннен операцияларына катышкан. 1945-жылы Чыгыш Пруссияда, анын ичинде Инстербург-Кёнигсберг, Земланд операцияларында да согушкан.
Штурм жасоочу 74-гвардиялык авиация полкунун звено командири, гвардиянын улук лейтенанты Гавриш 1945-жылдын мартына чейин согушуу үчүн 100 ирет учуп чыгып, 13 танканы жок кылган. Болжол менен 60 автоунааны, бир нече ок-дары кампаларын, башка көптөгөн техникаларды жана душмандын аскердик топторун талкалаган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 129 ирет согушка (учак менен) кирген.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1945-жылы 19-апрелде "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын улук лейтенанты Иван Гавришке Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Муну менен катар эле 1944,1945-жылдары Кызыл Туу, Александр Невский, ушул эле жылы Ленин ордени, 1945-жылы Ленин ордени, 1944-1985-жылдары Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы, 1956-жылы Кызыл Жылдыз ордендери, Кёнигсбергди алуу, Германиянын жеңгендиги үчүн медалдары менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин Түндүк-Кавказ аскердик округундагы чабуул жасоочу авиациялык полктун абадан атуучу кызматынын командиринин жардамчысы жана эскадрилья командири кызматтарында милдетин өтөөнү уланткан. 1953-жылы Жогорку офицердик учуу-техникалык курсун аяктаган. Абадан аткан адистерди даярдаган полктун командиринин жардамчысы болуп иштеген. 1959-жылы майор Гавриш запаска бошотулган. Жарандык авиацияга өтүп, 10 жыл реактивдүү жүргүнчү лайнерин айдаган.
Ростов-на-Дону шаарында жашап, 1994-жылы 30-октябрда көз жуумп, сөөгү ошол калаага коюлган. Владимир жана Виктор аттуу уулдары ата кесибин жолдоп, аскер учкучтары болгон.
Вольск шаарындагы аскер училищесинин аскердик комплексинин артына баатырдын мемориалдык тактасы орнотулган. Мындай такта ал өмүрүнүн акыркы жылдары жашаган Ростов-на-Дону шаарындагы үйүнүн маңдайына да коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.