https://sputnik.kg/20250317/nikolay-kalashnikov---kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092697156.html
Николай Калашников — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Николай Калашников — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу... 17.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-17T20:04+0600
2025-03-17T20:04+0600
2025-03-17T20:04+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
майор
пишпек
литва
каунас
николай калашников
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Майор Николай КалашниковАл 1913-жылы 18-декабрда Пишпек (азыркы — Бишкек, Кыргызстан) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1934-жылы Айыл чарба техникумун аяктаган соң зоотехник болуп эмгектенген. 1935-жылы армияга чакырылып, 1938-жылы Ташкенттеги жөө аскерлер училищесин аяктайт да, ал жерде курстун командири болуп иштеп калат.1942-жылы сентябрда фронтко кетет. 1944-жылдын июнь айында гвардиянын майору Николай Калашников 19-гвардиялык танкалык бригаданын автоматчылардын моторлоштурулган батальонуна командачылык кылат. Бул Беларусь фронтунун 5-гвардиялык танкалык армиясынын 3-гвардиялык танкалык корпусунда эле.Беларусь ССРин фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1944-жылы 25-июнда Калашниковдун батальону танкалык бөлүктүн жардамы менен Орша-Минск темир жолу менен шоссесин бууп, немецтерди чегине турган багытын тосуп салган. Төрт күндө батальон эки миңге чукул немец аскерлери менен жоокерлерин туткундап, 190 автоунааны, 500 арабаны, өзү жүрүүчү артиллериялык беш техниканы, 35 бронетранспортерду, танкага каршы эки артиллериялык батареяны, бир кампаны ок-дарысы менен жана эки темир жол эшелонун олжологон.1944-жылы 14-августта Калашников Каунастын алдындагы Жигарники кыштагындагы согушта курман болуп, сөөгү ошол жерге (Литва ССРи) коюлган.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен курман болгондон кийин, 1945-жылы 24-мартта, "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын майору Николай Калашниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери ыйгарылган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250313/ivan-gavrish--kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092616020.html
ссср
пишпек
литва
каунас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, майор, пишпек, литва, каунас, николай калашников
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, майор, пишпек, литва, каунас, николай калашников
Николай Калашников — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Ал 1913-жылы 18-декабрда Пишпек (азыркы — Бишкек, Кыргызстан) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1934-жылы Айыл чарба техникумун аяктаган соң зоотехник болуп эмгектенген. 1935-жылы армияга чакырылып, 1938-жылы Ташкенттеги жөө аскерлер училищесин аяктайт да, ал жерде курстун командири болуп иштеп калат.
1942-жылы сентябрда фронтко кетет. 1944-жылдын июнь айында гвардиянын майору Николай Калашников 19-гвардиялык танкалык бригаданын автоматчылардын моторлоштурулган батальонуна командачылык кылат. Бул Беларусь фронтунун 5-гвардиялык танкалык армиясынын 3-гвардиялык танкалык корпусунда эле.
Беларусь ССРин фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1944-жылы 25-июнда Калашниковдун батальону танкалык бөлүктүн жардамы менен Орша-Минск темир жолу менен шоссесин бууп, немецтерди чегине турган багытын тосуп салган. Төрт күндө батальон эки миңге чукул немец аскерлери менен жоокерлерин туткундап, 190 автоунааны, 500 арабаны, өзү жүрүүчү артиллериялык беш техниканы, 35 бронетранспортерду, танкага каршы эки артиллериялык батареяны, бир кампаны ок-дарысы менен жана эки темир жол эшелонун олжологон.
1944-жылы 14-августта Калашников Каунастын алдындагы Жигарники кыштагындагы согушта курман болуп, сөөгү ошол жерге (Литва ССРи) коюлган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен курман болгондон кийин, 1945-жылы 24-мартта, "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын майору Николай Калашниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.