"Головнойдун" 1,5 шлюзу үчүн Кыргызстанга өткөн 750 гектар жер көрсөтүлдү
12:27 19.03.2025 (Жаңыртылды: 12:31 19.03.2025)
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы. Архив

Жазылуу
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын 1,5 шлюзу, төрт метр жер үчүн 1000 гектар жер сурагам. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, тажик тарап буга макул болбой сүйлөшүүлөр бир нече жолу үзгүлтүккө учураган.
"Ак-Суу дарыясы менен чек ара бөлүнүп келип, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы бизге карап келген. Анткени аны кыргыз тарап курган, бирок өкмөттөр аралык келишим менен сууну тең пайдаланып келишкен. Үч шлюзду тең бөлүп, 1,5 шлюздан кылдык. Ал төрт метр жер үчүн 1000 гектар жер сурап, далай талаш-тартыш болду. Жыйынтыгында 750 гектар жер алдык. Ал эми суу мурда кандай пайдаланылып келсе ошондой колдонулат", — деди Ташиев.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Головной" участогу

"Головной" участогу
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Мунун ордуна кыргыз тарапка өткөн участоктор:
Чоң-Алай районундагы Караганды-Сай участогунан 500 гектар жайыт жер;
Сүлүктү — Кулунду жолунун (тажиктер көзөмөлдөп келген) жанындагы 100 гектар тоолуу жер;
Катта-Тузда 600 гектар жер талаш болуп келген. Ал 300дөн тең бөлүнүп, андан тышкары, "Головнойдун эсебинен 150 гектар жер кыргыз тарапка калды. Бул жерлерде нефть скважиналары дагы бар.