https://sputnik.kg/20250330/pavel-ponomarev-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092956896.html
Павел Пономарев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Павел Пономарев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман адамдар тууралуу... 30.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-30T20:08+0600
2025-03-30T20:08+0600
2025-03-30T20:08+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
улуу ата мекендик согуш
капитан
эрдик
кыргызстан
павел пономарев
беловодское
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Катардагы жоокер Павел ПономаревАл 1924-жылы 22-январдаТүркстан АССРинин Беловодское (азыркы Москва районунун административдик борбору, Чүй облусу) кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Толук эмес мектепти аяктап, Фрунзедеги завод-фабрика боюнча окууга кирет.1941-жылы Фрунзе эт комбинатында жумушчу болуп иштей баштаган жана ошол эле учурда Осовиахимдеги байланышчы курстарында окуган.1943-жылдын 8-январында Фрунзе шаардык аскер комиссариаты аны Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырат. Алматыдан жөө аскерлер училищесинен артиллериялык курсту аяктайт.Пономарев майданга 1943-жылдын сентябрында кирет. Немецтик баскынчылар менен согушту Степной фронтунун 37-армиясынын 110-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 307-гвардиялык аткычтар полкундагы 45-миллиметрлүү куралдын наводчиги болуп туруп баштаган. Полтава-Кременчук операциясына катышат, аны менен катар эле 1-октябрга караган түнү Куцеволовка кыштагынын (Кировоград облусу, Украина) жанында Днепрден өтөт. Дарыянын оң жээгиндеги плацдармдагы согушта өзгөчөлөнөт.Согуштун жүрүшүндө наводчик Пономарев душмандын контрчабуулун тосуп жатканда так мээлеп берип, аткычтар бөлүктөрүнүн аракеттерин колдоп турууга күч кошот. 1943-жылдын 3-октябрында дөңсөө үчүн салгылашта 307-гвардиялык аткычтар полку душмандын чоң калибрдүү пулемётунун жааган огунан улам алдыга жыла албай туруп калган. Өмүрүн тобокелге салган Пономарев куралын ачык, көрүнөө жерге түртүп барып, биринчи атканда эле душман тараптан тынбай ок учуруп жаткан жайдын үнүн баскан. Жөө аскерлер ушундан кийин гана алдыга жылган. Ошол эле күнү жоокер фашисттердин контрчабуулунун мизин кайтарган кармашта алардын танкасы менен автоунаасын жараксыз кылган.1943-жылдын 7-октябрында немецтер жоокерлеринин чоң күчү, 10 танканын коштоосу менен контрчабуулга өттү. Артиллеристтер шрапнелдин ( жарылуучу снаряддын түрү, анын ичинде металлдан жасалган чакан бөлүктөр болот) жардамы менен душмандын жөө аскерин бөлүп таштоого жетишет. Пономарев танкаларды 150-200 метрге жакындаткандан кийин так мээлөө менен алгач алдыдагыларын өрттөп, андан соң дагы эки танкасын жок кылат. Мындан кийин калгандары чегинүүгө мажбур болот. Душмандын планы үзгүлтүккө учурап, аткычтар бөлүктөрүнө алган позицияларын колдон чыгарбай ээлеп турушуна шарт түзүлгөн.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы 22-февралда Днепрден өтүүдө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы, оң жээктеги ийгилиги жана көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн кызыл армиячы Павел Пономаревго Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Андан сырткары, Ата Мекендик согуштун I, II, III даражадагы ордендери, бир катар медалдар менен сыйланган.Баатыр наамын алганын жоокер госпиталда жатып уккан. Ал 1943-жылы 26-октябрда Кировоград багытындагы Пятихатска операциясынын жүрүшүндө болгон эки бутунан оор жаракат алган. Согушка кайтып барууга мүмкүн эмес эле.Госпиталдан кийин Пономаревду алгач Кировограддагы 147-запастык аткычтар полкуна жөнөтүшөт. Андан соң Ташкенттеги Владимир Ленин атындагы Кызыл Туу жөө аскерлер окуу жайына кабыл алынган. Аны 1946-жылы аяктап, СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө капитан наамы менен 1976-жылдын декабрына чейин кызмат өтөгөн. Пономарев Ташкент шаарына көчүп келип, соода тармагында иштеп, андан сырткары, жаштарды аскердик, мекенчилдик сезимдерге тарбиялоого салымын активдүү кошкон. Ал 1990-жылы көз жуумп, сөөгү Ташкентке коюлган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
https://sputnik.kg/20250329/samat-sadykov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092956407.html
ссср
беловодское
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, капитан, эрдик, кыргызстан, павел пономарев, беловодское
ссср, улуу ата мекендик согуш, капитан, эрдик, кыргызстан, павел пономарев, беловодское
Павел Пономарев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Катардагы жоокер Павел Пономарев
Ал 1924-жылы 22-январдаТүркстан АССРинин Беловодское (азыркы Москва районунун административдик борбору, Чүй облусу) кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Толук эмес мектепти аяктап, Фрунзедеги завод-фабрика боюнча окууга кирет.
1941-жылы Фрунзе эт комбинатында жумушчу болуп иштей баштаган жана ошол эле учурда Осовиахимдеги байланышчы курстарында окуган.
1943-жылдын 8-январында Фрунзе шаардык аскер комиссариаты аны Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырат. Алматыдан жөө аскерлер училищесинен артиллериялык курсту аяктайт.
Пономарев майданга 1943-жылдын сентябрында кирет. Немецтик баскынчылар менен согушту Степной фронтунун 37-армиясынын 110-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 307-гвардиялык аткычтар полкундагы 45-миллиметрлүү куралдын наводчиги болуп туруп баштаган. Полтава-Кременчук операциясына катышат, аны менен катар эле 1-октябрга караган түнү Куцеволовка кыштагынын (Кировоград облусу, Украина) жанында Днепрден өтөт. Дарыянын оң жээгиндеги плацдармдагы согушта өзгөчөлөнөт.
Согуштун жүрүшүндө наводчик Пономарев душмандын контрчабуулун тосуп жатканда так мээлеп берип, аткычтар бөлүктөрүнүн аракеттерин колдоп турууга күч кошот. 1943-жылдын 3-октябрында дөңсөө үчүн салгылашта 307-гвардиялык аткычтар полку душмандын чоң калибрдүү пулемётунун жааган огунан улам алдыга жыла албай туруп калган. Өмүрүн тобокелге салган Пономарев куралын ачык, көрүнөө жерге түртүп барып, биринчи атканда эле душман тараптан тынбай ок учуруп жаткан жайдын үнүн баскан. Жөө аскерлер ушундан кийин гана алдыга жылган. Ошол эле күнү жоокер фашисттердин контрчабуулунун мизин кайтарган кармашта алардын танкасы менен автоунаасын жараксыз кылган.
1943-жылдын 7-октябрында немецтер жоокерлеринин чоң күчү, 10 танканын коштоосу менен контрчабуулга өттү. Артиллеристтер шрапнелдин ( жарылуучу снаряддын түрү, анын ичинде металлдан жасалган чакан бөлүктөр болот) жардамы менен душмандын жөө аскерин бөлүп таштоого жетишет. Пономарев танкаларды 150-200 метрге жакындаткандан кийин так мээлөө менен алгач алдыдагыларын өрттөп, андан соң дагы эки танкасын жок кылат. Мындан кийин калгандары чегинүүгө мажбур болот. Душмандын планы үзгүлтүккө учурап, аткычтар бөлүктөрүнө алган позицияларын колдон чыгарбай ээлеп турушуна шарт түзүлгөн.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы 22-февралда Днепрден өтүүдө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы, оң жээктеги ийгилиги жана көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн кызыл армиячы Павел Пономаревго Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Андан сырткары, Ата Мекендик согуштун I, II, III даражадагы ордендери, бир катар медалдар менен сыйланган.
Баатыр наамын алганын жоокер госпиталда жатып уккан. Ал 1943-жылы 26-октябрда Кировоград багытындагы Пятихатска операциясынын жүрүшүндө болгон эки бутунан оор жаракат алган. Согушка кайтып барууга мүмкүн эмес эле.
Госпиталдан кийин Пономаревду алгач Кировограддагы 147-запастык аткычтар полкуна жөнөтүшөт. Андан соң Ташкенттеги Владимир Ленин атындагы Кызыл Туу жөө аскерлер окуу жайына кабыл алынган. Аны 1946-жылы аяктап, СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө капитан наамы менен 1976-жылдын декабрына чейин кызмат өтөгөн. Пономарев Ташкент шаарына көчүп келип, соода тармагында иштеп, андан сырткары, жаштарды аскердик, мекенчилдик сезимдерге тарбиялоого салымын активдүү кошкон. Ал 1990-жылы көз жуумп, сөөгү Ташкентке коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.