АКШ бир топ өлкөлөргө бажы салыгын киргизди. Ичинде Кыргызстан да бар
АКШ бир топ өлкөлөргө бажы салыгын киргизди. Ичинде Кыргызстан да бар
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн келген продукцияларга бажы төлөмүн киргизди. Анын ичинде Кыргызстан да бар. 03.04.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн келген продукцияларга бажы төлөмүн киргизди. Анын ичинде Кыргызстан да бар.Кошмо Штаттар төмөнкү мамлекеттерден келген товарлардан пошлина алат:Мындан сырткары, бир канча мамлекеттерге 10 пайыздык алым (бул эң аз көлөм деп эсептелет) киргизген. Булардын арасында Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да бар. Тизмеге Украина да кирген.Анткен менен аталган мамлекеттердин ичинде Россия менен Беларусь жок.АКШнын бул кадамына бир катар мамлекеттер да жооп кылып, бажы алымын коюшту.Жаңы тартип 5-апрелден тарта иштей баштайт. Ал эми 9-апрелден тарта соода тартыштыгы арбыныраак мамлекеттер үчүн жогорулатылган тарифтер күчүнө кирет. Трамп Вашингтон бажы алымын толук киргизбей, башка өлкөлөр колдонгон тарифтердин жарымына жакыны менен чектеле турганын айткан эле.Ал арада Ак үйдөн улуттук коопсуздук жана өндүрүш үчүн маанилүү болгон товарлар бул тизмеге кирбей тургандыгын айтышты.Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Канада, Мексика жана Кытай мамлекеттеринен импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгон. Маалыматта Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 20 пайыздык бажы салыгы каралган. Вашингтон муну мыйзамсыз миграцияга байланыштырган.Кошмо Штаттар, мындан сырткары, Евробиримдиктин товарларына да бажы салыгын койгон.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн келген продукцияларга бажы төлөмүн киргизди. Анын ичинде Кыргызстан да бар.
Кошмо Штаттар төмөнкү мамлекеттерден келген товарлардан пошлина алат:
ЕБ — 20 пайыз көлөмүндө;
Кытай — 34 пайыз, (Тайвань — 32 пайыз);
Түштүк Африка Республикасы — 30 пайыз;
Индия — 26 пайыз;
Түштүк Корея — 25 пайыз;
Япония — 24 пайыз.
Мындан сырткары, бир канча мамлекеттерге 10 пайыздык алым (бул эң аз көлөм деп эсептелет) киргизген. Булардын арасында Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да бар. Тизмеге Украина да кирген.
Анткен менен аталган мамлекеттердин ичинде Россия менен Беларусь жок.
АКШнын бул кадамына бир катар мамлекеттер да жооп кылып, бажы алымын коюшту.
Жаңы тартип 5-апрелден тарта иштей баштайт. Ал эми 9-апрелден тарта соода тартыштыгы арбыныраак мамлекеттер үчүн жогорулатылган тарифтер күчүнө кирет. Трамп Вашингтон бажы алымын толук киргизбей, башка өлкөлөр колдонгон тарифтердин жарымына жакыны менен чектеле турганын айткан эле.
Ал арада Ак үйдөн улуттук коопсуздук жана өндүрүш үчүн маанилүү болгон товарлар бул тизмеге кирбей тургандыгын айтышты.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Канада, Мексика жана Кытай мамлекеттеринен импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгон. Маалыматта Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 20 пайыздык бажы салыгы каралган. Вашингтон муну мыйзамсыз миграцияга байланыштырган.
Кошмо Штаттар, мындан сырткары, Евробиримдиктин товарларына да бажы салыгын койгон.