https://sputnik.kg/20250406/1093142836.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан... 06.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-06T13:00+0600
2025-04-06T13:00+0600
2025-04-06T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/06/1093142704_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0a8fc51ca16f60f895f25516c7d338ad.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул аталган уюмдун Коопсуздук Кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет. Република Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясына, БУУнун Балдар фонду боюнча Аткаруучу кеңешине, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобу органдарына мүчө болду."Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен. Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарына каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Өлкөгө дагы 118 электробус алып келинет. Анын 50сүн май айына, 68ин күз айларына күтүп жатабыз. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген. "Бизге Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 50 миллион 650 миң доллар бөлүнүп берилген. Аталган долбоордо негизги төрт компонент бар. Анын биринчи компоненти — электробустар. Булар Кытайдын компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында алып келинүүдө. Экөө келди, дагы 118 электробустун 50сү май айынын аягында, ал эми күз айында калган 68и келет. Жалпысынан 120 электробус", — деген Капаров.Ал ошондой эле жакында келген эки электробус айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналганын кошумчалады.
Атайын багыттагы "Илбирс" аскердик бөлүгүндө бир жоокер экинчисин атып оор жарадар кылганын редакциянын маалымат булактары билдиришти. Ага ылайык, келишим боюнча иштеген эки кызматкер кечээ күзөттө туруп уруша кетишкен. Буга бири экинчисине карызын кайтарбай жүргөндүгү себеп болгон. Ок аскер кызматкеринин акырегине тийип, ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Коргоо министрлиги азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек.
Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин SNN мамлекеттик агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды. "Иран Ислам Республикасы тең укуктуу позицияда сүйлөшүүнү каалайт. АКШ бир жагынан коркутуп жатат, экинчи жагынан диалогго умтулууда. Эгер сүйлөшүүлөрдү кааласаңар, анда коркутуунун эмне кажети бар? Бүгүн Вашингтон Иранды эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн опузалоодо, мындай аракет сүйлөшүү ниетине каршы келет", — деди Пезешкиан. Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып, эгер АКШ менен Иран макулдашууга келбесе "Тегеран дегеле болуп көрбөгөндөй бомбалоого учурай турганын" айткан эле.
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул аталган уюмдун Коопсуздук Кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет. Република Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясына, БУУнун Балдар фонду боюнча Аткаруучу кеңешине, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобу органдарына мүчө болду."Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен. Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарына каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.Өлкөгө дагы 118 электробус алып келинет. Анын 50сүн май айына, 68ин күз айларына күтүп жатабыз. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген. "Бизге Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 50 миллион 650 миң доллар бөлүнүп берилген. Аталган долбоордо негизги төрт компонент бар. Анын биринчи компоненти — электробустар. Булар Кытайдын компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында алып келинүүдө. Экөө келди, дагы 118 электробустун 50сү май айынын аягында, ал эми күз айында калган 68и келет. Жалпысынан 120 электробус", — деген Капаров.Ал ошондой эле жакында келген эки электробус айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналганын кошумчалады.Атайын багыттагы "Илбирс" аскердик бөлүгүндө бир жоокер экинчисин атып оор жарадар кылганын редакциянын маалымат булактары билдиришти. Ага ылайык, келишим боюнча иштеген эки кызматкер кечээ күзөттө туруп уруша кетишкен. Буга бири экинчисине карызын кайтарбай жүргөндүгү себеп болгон. Ок аскер кызматкеринин акырегине тийип, ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Коргоо министрлиги азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек.Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин SNN мамлекеттик агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды. "Иран Ислам Республикасы тең укуктуу позицияда сүйлөшүүнү каалайт. АКШ бир жагынан коркутуп жатат, экинчи жагынан диалогго умтулууда. Эгер сүйлөшүүлөрдү кааласаңар, анда коркутуунун эмне кажети бар? Бүгүн Вашингтон Иранды эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн опузалоодо, мындай аракет сүйлөшүү ниетине каршы келет", — деди Пезешкиан. Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып, эгер АКШ менен Иран макулдашууга келбесе "Тегеран дегеле болуп көрбөгөндөй бомбалоого учурай турганын" айткан эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/06/1093142704_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4a08f477945f1bc507f004207746b8f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио