00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
17:52
7 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
On air
16:58
1 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
“Кышы менен улак тартабыз”. Өзбекстанда чоңойгон кыргыз жигиттин маеги
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кыргызстанские брокеры выходят на биржи ЕАЭС: как изменится рынок ценных бумаг?
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
2030-жылга Кыргызстан ИДПсын 30 миллиардга чыгарууну көздөөдө. Приоритеттүү багыттар кайсылар?
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Финансовые пирамиды: как не попасть в ловушку и можно ли вернуть свои деньги
20:06
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
"Бала береке" жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге берилет
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстандагы мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Ага ылайык, окутуу баштапкы мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Андан ары кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үч тилдүү окутууну киргизүү өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектиги айтылган. Демилгечи белгилегендей, өлкөдө билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде болгондуктан үч тилде окутууну киргизүүгө бардык негиздер бар. Мындан тышкары, англис тилин кеңири үйрөнүү өлкөнүн туризм, технология, бизнес тармактарында да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү кошумчаланган.
Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу үчүн мамлекеттик банктар унаа ээлерине 100 миң сомдук насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик ишканасы билдирди. Чечим процессти тездетүү максатында кабыл алынганы айтылды. Өлкөдө абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу 1-апрелден тарта башталган. Мыйзамдаштыруунун баасы — 100 миң сом.
Борбордо велосезон ачылып, анын урматына жүрүш уюштурулганын мэрия кабарлады. Веложүрүш Жеңиш паркынан башталып, "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктаган. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты тээп өтүшкөн. Андан кийин шаардыктарга майрамдык программа тартууланды. Коопсуздукту камсыз кылууга Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылган. Иш-чара тынч өткөнү айтылды.
Европада террордук чабуулдардын көбөйүшү чоң кан төгүүгө алып келерин америкалык миллиардер жана Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаментинин жетекчиси Илон Маск билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз Италияда жана жалпы Европада кол салуулардын саны өсүп кеткенин ачык эле көрүп жатабыз. Бирок ЖМКлар менен салттуу медиалар аларды азайтып берүүдө. Анткен менен кол салуулар, террорчулук, бейкүнөө адамдардын өлүмү көбөйүп жатат. Курмандыктардын саны жума сайын өсүүдө. Ушинтип отуруп Европадагы ири кыргынга күбө болбосок болду", — деген Маск. Ал "Европадагы кыргын" боюнча террордук чабуулдардын жыштыгын жана алардын санын графикке киргизүүнү сунуштады.
Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин мамлекеттик агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды. "Иран Ислам Республикасы тең укуктуу позицияда сүйлөшүүнү каалайт. АКШ бир жагынан коркутуп жатат, экинчи жагынан диалогго умтулууда. Эгер сүйлөшүүлөрдү кааласаңар, анда коркутуунун эмне кажети бар? Бүгүн Вашингтон Иранды эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн опузалоодо, мындай аракет сүйлөшүү ниетине каршы келет", — деди Пезешкиан. Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып, эгер АКШ менен Иран макулдашууга келбесе "Тегеран дегеле болуп көрбөгөндөй бомбалоого учурай турганын" айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0