00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
17:52
7 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
"Бала береке" жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге берилет
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Образование и комфорт: что предлагает студентам Кабардино-Балкарский госуниверситет
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
“Кышы менен улак тартабыз”. Өзбекстанда чоңойгон кыргыз жигиттин маеги
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кыргызстанские брокеры выходят на биржи ЕАЭС: как изменится рынок ценных бумаг?
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
2030-жылга Кыргызстан ИДПсын 30 миллиардга чыгарууну көздөөдө. Приоритеттүү багыттар кайсылар?
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
"Бала береке" жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге берилет
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мөңгүлөрдүн эришин токтотуу үчүн Кыргызстандын аймагына 7 миллиард түп бак отургузуу керек. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирди. Бул топурактагы нымдуулукту сактап, мөңгүлөрдүн эригенин жайлатат. Раимбеков экологдор 35 жылдын ичинде мөңгүлөр толук эрип кетишин эскерткенин эске салган. "7 миллиард дарак отургузуу мүмкүнбү? Ооба, эгер тез арада жана биргеликте иш баштасак. Мисалы, Кытай акыркы 40 жылда 66 миллиард дарак отургузуп, чөлдөөнү токтотту. Эгер азыр баштабасак, 35 жылдан кийин кеч болуп калат. Мөңгүлөр жок болуп, суу тартыштыгы өлкө тарыхындагы эң чоң экологиялык кризис менен бетме-бет келет. Сунуш: же азыр иш баштайбыз, же апаатка даярданууга туура келет", — деп жазган ал. Ошондой эле ал мамлекет жашылдандыруу жана экосистеманы коргоо программаларын ишке ашыруу менен суу ресурстарын сактоого багытталган демилгелерди колдоп жатканын кошумчалган.
Баткенде шеригинен ок жеген жоокердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Маалымдалгандай, кечээ атайын багыттагы "Илбирс” аскердик бөлүгүнүн кызматкери чогуу күзөттө турган жоокерди атып салган. Маалымат булактары алардын жаңжалына биринин экинчисине карызын кайтарбай жатканы себеп болгонун кабарлаган.
Ош шаарында жол кеңейтүүдө буздурулган курулуш мыйзамдуу болсо ордуна кенемте катары жер берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен отурум өткөргөн. Анда бошотулган жерлердин ордуна кенемте катары жер берүү маселеси каралган. "Мэрияга 39 коммерциялык жана 59 турак жайдын ээлеринен арыз түшкөн. Аларга комиссиянын чечими менен макулдук берилди. Жолдун долбоору толук аягына чыгып, кызыл сызыктар аныкталган соң белгиленген тартипте жерлерди баалоо менен башка жактан жер берүү боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Жарандардан келип түшкөн арыздар комиссия тарабынан өз учурунда каралат", — деп айтылат маалыматта. Быйыл Ош шаарында 11 көчөнүн тротуары жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.
Кытай АКШнын бардык товарларына 34 пайыздык жооп тарифтерин киргизүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда. Маалыматка караганда, жаңы тарифтер 10-апрелден тарта киргизилет. "Бул кадам Американын президенти Дональд Трамптын тариф саясатына жооп катары жасалды. АКШнын аракеттери эл аралык соода эрежелерине туура келбейт. Кытайдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын олуттуу түрдө бузат жана бир тараптуу коркутуулардын типтүү көрүнүшү болуп саналат", - деп айтылат Кытайдын мамлекеттик кеңешинин билдирүүсүндө. Эске салсак, буга чейин 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга 25%дык бажы тарифтерин киргизүүнү жарыялаган. Импорттук товарларга эң төмөнкү базалык тариф 10% өлчөмүндө болуп белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0