https://sputnik.kg/20250407/1093159896.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Манас" эл аралык аэропортунда учууга чектөөлөр киргизилдиАКШда республикачылардын 80%ы Украинага жардам берүүгө каршылыгын билдиришкенКыргызстанда 2028-жылга... 07.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-07T13:00+0600
2025-04-07T13:00+0600
2025-04-07T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/07/1093159764_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ef7d9c0e8d8db37e60c178680732a19a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Манас" эл аралык аэропортунда учууга чектөөлөр киргизилдиАКШда республикачылардын 80%ы Украинага жардам берүүгө каршылыгын билдиришкенКыргызстанда 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тарифти үч эсе көтөрүү сунушталуудаАлдыда кененирээкКыргызстанда 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тарифти үч эсе көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Энергетика министрлиги даярдаган. Буга чейин өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер өздүк наркына жеткирилген. Ал эми калк үчүн "социалдык багыттагы" тариф сакталып калган. Буга чейин министрлик тарифти 1 гигакалорияга 5 998 сом деп бекиткен. Демек, жарандар гигакалориясына 1 560 сомдон төлөп, калган 4 438 сомду мамлекет жаап келген. Ошол эле учурда 222 миң 384 тиричилик абоненти бар экени айтылган. "2024-жылы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кирешеси 11,2 миллиард сом, чыгашасы 17,3 миллиард сом болуп, тартыштык 6,1 миллиард сомду түзгөн. Алардын чыгымын жабууга 4,3 миллиард сом субсидия бөлүндү", — деп айтылат негиздемеде. Буга байланыштуу 1 июндан тартып өздүк нарктын 25 пайызын, 2026-жылы 50 пайызын, 2027-жылы 75 пайызын төлөтүү сунушталууда. Ал эми 2028-жылдан тартып жылуулуктун тарифи өздүк наркына жеткирилет.
"Манас" аэропортунда учуу тилкесин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди. Буга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 3:00гө чейин каттамдар токтотулган. "Бардык авиакомпанияларга пландалган оңдоо иштери тууралуу маалымдалган. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан Россиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой IX Санкт-Петербург эл аралык эмгек форумунун пленардык жыйынында билдирди. "Эмгектенген жарандардын саны боюнча Кыргызстан Россиянын тарыхында биринчи жолу алдыга чыкты", — деди ал. Александр Горовойдун айтымында, өткөн жылдын аягында Россияда 6,3 миллионго жакын чет элдиктер болсо, алардын көбү өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүрүшкөн. Анын ичинен 1,4 миллиондон ашыгы Өзбекстандын жарандары.
АКШда республикачылардын дээрлик 80 пайызы Украинага каржылык колдоо көрсөтүүгө каршы экени Wall Street Journal жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болду. "Жаңы жүргүзүлгөн сурамжылоодо демократтардын 83 пайызы Украинага Россиядан коргонуусу үчүн финансылык жардам көрсөтүүнү колдосо, республикачылардын 79 пайызы ага каршы пикирин билдирген", — деп жазды гезит. Мындан тышкары, америкалык шайлоочулардын 62 пайызы АКШнын Гренландия менен Канаданын эсебинен кеңейишин жактырбай турганы белгилүү болгон. Бул сунушту сурамжылангандардын 25 пайызы гана колдогон, калган 13 пайызы — эмне деп жооп берерин билбегендер жана жооп айтуудан таптакыр баш тарткандар. Ал эми республикачылардын жарымынан көбү АКШ президенти Дональд Трамптын өлкө аймагын кеңейтүү демилгесин колдоп беришкен. Басылма элдин НАТОго болгон мамилесин да карап көрдү. Натыйжада демократтардын 81 пайызынын НАТОго көзү түз болсо, республикачылардын 31 пайызы гана ушундай көз карашта экени маалым болду. Сурамжылоо 27-марттан 1-апрелге чейин каттоодо турган 1,5 миң шайлоочу арасында өткөрүлгөн.
"Манас" эл аралык аэропортунда учууга чектөөлөр киргизилдиАКШда республикачылардын 80%ы Украинага жардам берүүгө каршылыгын билдиришкенКыргызстанда 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тарифти үч эсе көтөрүү сунушталуудаАлдыда кененирээкКыргызстанда 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тарифти үч эсе көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Энергетика министрлиги даярдаган. Буга чейин өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер өздүк наркына жеткирилген. Ал эми калк үчүн "социалдык багыттагы" тариф сакталып калган. Буга чейин министрлик тарифти 1 гигакалорияга 5 998 сом деп бекиткен. Демек, жарандар гигакалориясына 1 560 сомдон төлөп, калган 4 438 сомду мамлекет жаап келген. Ошол эле учурда 222 миң 384 тиричилик абоненти бар экени айтылган. "2024-жылы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кирешеси 11,2 миллиард сом, чыгашасы 17,3 миллиард сом болуп, тартыштык 6,1 миллиард сомду түзгөн. Алардын чыгымын жабууга 4,3 миллиард сом субсидия бөлүндү", — деп айтылат негиздемеде. Буга байланыштуу 1 июндан тартып өздүк нарктын 25 пайызын, 2026-жылы 50 пайызын, 2027-жылы 75 пайызын төлөтүү сунушталууда. Ал эми 2028-жылдан тартып жылуулуктун тарифи өздүк наркына жеткирилет. "Манас" аэропортунда учуу тилкесин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди. Буга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 3:00гө чейин каттамдар токтотулган. "Бардык авиакомпанияларга пландалган оңдоо иштери тууралуу маалымдалган. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.Кыргызстан Россиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой IX Санкт-Петербург эл аралык эмгек форумунун пленардык жыйынында билдирди. "Эмгектенген жарандардын саны боюнча Кыргызстан Россиянын тарыхында биринчи жолу алдыга чыкты", — деди ал. Александр Горовойдун айтымында, өткөн жылдын аягында Россияда 6,3 миллионго жакын чет элдиктер болсо, алардын көбү өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүрүшкөн. Анын ичинен 1,4 миллиондон ашыгы Өзбекстандын жарандары.АКШда республикачылардын дээрлик 80 пайызы Украинага каржылык колдоо көрсөтүүгө каршы экени Wall Street Journal жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болду. "Жаңы жүргүзүлгөн сурамжылоодо демократтардын 83 пайызы Украинага Россиядан коргонуусу үчүн финансылык жардам көрсөтүүнү колдосо, республикачылардын 79 пайызы ага каршы пикирин билдирген", — деп жазды гезит. Мындан тышкары, америкалык шайлоочулардын 62 пайызы АКШнын Гренландия менен Канаданын эсебинен кеңейишин жактырбай турганы белгилүү болгон. Бул сунушту сурамжылангандардын 25 пайызы гана колдогон, калган 13 пайызы — эмне деп жооп берерин билбегендер жана жооп айтуудан таптакыр баш тарткандар. Ал эми республикачылардын жарымынан көбү АКШ президенти Дональд Трамптын өлкө аймагын кеңейтүү демилгесин колдоп беришкен. Басылма элдин НАТОго болгон мамилесин да карап көрдү. Натыйжада демократтардын 81 пайызынын НАТОго көзү түз болсо, республикачылардын 31 пайызы гана ушундай көз карашта экени маалым болду. Сурамжылоо 27-марттан 1-апрелге чейин каттоодо турган 1,5 миң шайлоочу арасында өткөрүлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/07/1093159764_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_46713453b21c75a4576b3f2a3dfa4f3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио