00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
17:52
7 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
"Бала береке" жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге берилет
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Образование и комфорт: что предлагает студентам Кабардино-Балкарский госуниверситет
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
“Кышы менен улак тартабыз”. Өзбекстанда чоңойгон кыргыз жигиттин маеги
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кыргызстанские брокеры выходят на биржи ЕАЭС: как изменится рынок ценных бумаг?
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
2030-жылга Кыргызстан ИДПсын 30 миллиардга чыгарууну көздөөдө. Приоритеттүү багыттар кайсылар?
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
"Бала береке" жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге берилет
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечими тууралуу пикирин билдирди. Маек "Кабар" агенттигине жарыяланган. Мамлекет башчы жакында дин тармагын иретке салган мыйзам кабыл алынганын, ал мыйзамда дин тутунгандар боюнча бардык укук муфтиятка, Аалымдар кеңешине берилгенин эске салды. Бийлик дин тармагына кийлигишпестигин, муфтият кандай фатва чыгарса ал өлкө боюнча аткарылышы керектигин белгиледи. Муфтият оюна келген фатваны чыгара бербестигин, дин боюнча илимге, куранга, хадистерге таянарын айтты.
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул аталган уюмдун Коопсуздук Кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет. Кыргызстан Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясына, БУУнун Балдар фонду боюнча Аткаруучу кеңешине, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобу органдарына мүчө болду."Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен. Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарына каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн жана Грузиянын кыска метраждуу фильмдеринин XIII эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка караганда, бул ирет фестивалга катышууга Кыргызстандан жана чет өлкөдөн 900дөй арыз келип түшкөн. Кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 22-апрель күүнү саат 12:00дө Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт. Иш-чарада тасмаларды тартуулагандан тышкары кино жаатындагы адистер идея, тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшөт. "Фестивалдын дагы бир маанилүү максаты – КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо. Бул биргелешкен кинодолбоорлордун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп жазылат маалыматта. Кинофестивалдын программасы эл аралык жана улуттук болуп эки сынактык категорияны камтыйт. Эл аралык сынакка тандалган 13 фильм катышмакчы.
АКШда ишемби күнү президент Дональд Трамптын саясатына каршы акциялар өткөнүн РИА Новости агенттиги Washington Post басылмасына таянып жазды. "Ишемби күнү Вашингтон монументинин алдына миңдеген адам топтолуп, Трамп жана анын башкы кеңешчиси Илон Масктын федералдык агенттиктерди жоюп, бажы алымдарын киргизгендигине каршылыгын билдиришти", — деп жазылат маалыматта. Басылманын билдирүүсүнө ылайык, бардык 50 штат боюнча 150дөн ашык активисттик топтор тарабынан уюштурулган кеминде 1300дөй каршылык акциялары "Колуңду тарт" деген ураан менен өтө тургандыгы пландалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0