https://sputnik.kg/20250403/vasiliy-krikun-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093087134.html
Василий Крикун — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Василий Крикун — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман жоокерлер... 03.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-03T20:02+0600
2025-04-03T20:02+0600
2025-04-03T20:02+0600
ссср
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
василий крикун
https://sputnik.kg/img/07e9/03/08/1092517801_0:99:780:538_1920x0_80_0_0_f3d9941b56e93ac2d53c4edf44e396ec.png
Улук сержант Василий КрикунАл 1918-жылы 24-декабрда (кээ бир маалыматтарда 24-февралда) Кыргыз ССРинин Октябрь айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Беш класстык билим болгон. "Заря" колхозунда эмгектенген.1942-жылы Кызыл Армияга чакырылган. 4-Украина фронтунда минёр-жаргыч болгон. Тишелүү даярдыктан өткөндөн кийин 315-аткычтар дивизиясына жөнөтүлөт.Кезектеги согуштун биринде душмандын бронепоезди капыстан келип, советтик аскерлер турган жерге ок жаадырып 362-аткычтар полкуна бир топ тоскоолдук жараткан. Крикун батальондун командирине поездди жардырууну сунуштайт. Ага немецтик танкаларга каршы коюлган миналарды кайрадан дыкаттык менен алып, башка жерге коюшка туура келген. План ийгиликтүү болуп, Василий Крикун ал тургай бир нече гитлерчини туткундап келген.Дагы бир ирет ал жанындагы төрт майдандашы менен душмандын командалык пунктусун жана штабын жок кылууда каармандыгын көрсөтүшкөн. Алар күзөтчүнү жок кылып, үйдүн эшиктерин сыртынан бекитип, терезеден граната ыргытышат. Немец офицерлеринин бир бөлүгү өлүп, калганы колго түшөт.1943-жылы октябрда Мелитополь шаарын бошотууда сержант Крикун башкаларды шыктандырган. Консерва заводун алуу учурунда биринчилерден болуп чабуулга тура жөнөгөн. Дагы бир кармашта ротанын жарадар болгон командиринин ордун жоктотпой билгичтик менен башкарып, жыйынтыгында фашисттер катуу коргонуп турган плацдармды басып алышкан. Ал өзү душмандын онго чукул аскерин өлтүрүп, экөөнү рация, документтер салынган сумкасы менен кошо туткунга алган.СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 1-ноябрда командачылыктын тапшырмасын мыкты аткарганы жана көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн Василий Крикунга Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Андан сырткары, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы тапшырылган. Кийинки жылдары ал I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир нече медаль менен сыйланган.Василий Крикун Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 250дөн ашык гитлерчини туткундап, жети танканы жана алты техниканы жардырган. Майдандан кийин СССРдин НКВДсынын (Ички иштер боюнча элдик комиссариатынын — ред.) ички аскерлеринин 427-конвойдук полкунда кызмат өтөгөн.1946-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Ош облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган. Кийин Новосибирскидеги "Сибсельмаш" заводунда иштейт. Василий Крикун 2007-жылы 10-мартта каза болуп, Новосибирскинин Клещихинск көрүстөнүнө коюлган.
https://sputnik.kg/20250402/ivan-grishin-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093073346.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/08/1092517801_0:12:780:597_1920x0_80_0_0_9036ad4d989c0be15118c37015594bb4.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, василий крикун
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, василий крикун
Василий Крикун — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман жоокерлер туурасында баяндоосун улантат.
Улук сержант Василий Крикун
Ал 1918-жылы 24-декабрда (кээ бир маалыматтарда 24-февралда) Кыргыз ССРинин Октябрь айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Беш класстык билим болгон. "Заря" колхозунда эмгектенген.
1942-жылы Кызыл Армияга чакырылган. 4-Украина фронтунда минёр-жаргыч болгон. Тишелүү даярдыктан өткөндөн кийин 315-аткычтар дивизиясына жөнөтүлөт.
Кезектеги согуштун биринде душмандын бронепоезди капыстан келип, советтик аскерлер турган жерге ок жаадырып 362-аткычтар полкуна бир топ тоскоолдук жараткан. Крикун батальондун командирине поездди жардырууну сунуштайт. Ага немецтик танкаларга каршы коюлган миналарды кайрадан дыкаттык менен алып, башка жерге коюшка туура келген. План ийгиликтүү болуп, Василий Крикун ал тургай бир нече гитлерчини туткундап келген.
Дагы бир ирет ал жанындагы төрт майдандашы менен душмандын командалык пунктусун жана штабын жок кылууда каармандыгын көрсөтүшкөн. Алар күзөтчүнү жок кылып, үйдүн эшиктерин сыртынан бекитип, терезеден граната ыргытышат. Немец офицерлеринин бир бөлүгү өлүп, калганы колго түшөт.
1943-жылы октябрда Мелитополь шаарын бошотууда сержант Крикун башкаларды шыктандырган. Консерва заводун алуу учурунда биринчилерден болуп чабуулга тура жөнөгөн. Дагы бир кармашта ротанын жарадар болгон командиринин ордун жоктотпой билгичтик менен башкарып, жыйынтыгында фашисттер катуу коргонуп турган плацдармды басып алышкан. Ал өзү душмандын онго чукул аскерин өлтүрүп, экөөнү рация, документтер салынган сумкасы менен кошо туткунга алган.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 1-ноябрда командачылыктын тапшырмасын мыкты аткарганы жана көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн Василий Крикунга Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Андан сырткары, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы тапшырылган. Кийинки жылдары ал I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир нече медаль менен сыйланган.
Василий Крикун Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 250дөн ашык гитлерчини туткундап, жети танканы жана алты техниканы жардырган. Майдандан кийин СССРдин НКВДсынын (Ички иштер боюнча элдик комиссариатынын — ред.) ички аскерлеринин 427-конвойдук полкунда кызмат өтөгөн.
1946-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Ош облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган. Кийин Новосибирскидеги "Сибсельмаш" заводунда иштейт. Василий Крикун 2007-жылы 10-мартта каза болуп, Новосибирскинин Клещихинск көрүстөнүнө коюлган.