https://sputnik.kg/20250403/zakharova-kiyevdin-energetikalyk-obyektilerdi-atkylagany-boyuncha-bildiruu-zhasady-1093091498.html
Захарова Киевдин РФтин энергетикалык объектилерин аткылоосу тууралуу айтты
Захарова Киевдин РФтин энергетикалык объектилерин аткылоосу тууралуу айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Киев Вашингтонду алдап койсо болот деген үмүт менен энергетикалык объектилерге чабуул жасап, Дональд Трамптын командасы бул боюнча... 03.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-03T16:18+0600
2025-04-03T16:18+0600
2025-04-03T16:18+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
украина
мария захарова
энергетика
инфраструктура
https://sputnik.kg/img/07e8/06/17/1086339242_0:227:3112:1977_1920x0_80_0_0_5827cd78edd15bfe463633a0a45d8431.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Киев Вашингтонду алдап койсо болот деген үмүт менен энергетикалык объектилерге чабуул жасап, Дональд Трамптын командасы бул боюнча кабардар экенин эске албай жатат. Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, Владимир Зеленский мындай кадамы менен АКШ президентин, анын администрациясын сыйлабастыгын көрсөтүп жатат. Муну менен катар эле Киев бийлиги Вашингтондун дүйнөдөгү кырдаал боюнча кабардар экенин эске алган жок."Банковая көчөсүндөгүлөр Байден эмес башкалар менен алака түзүп жатканын түшүнбөй жатышат. Бул адамдар дүйнөдөгү абалды өздөрү карап, байкаштырып турушат. Чындап өздөрү сүйлөшөт, залдагы өлүктөргө кайрылышпайт", — деген Захарова.Белгилей кетсек, РФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну көзөмөлдөө маанилүү экенин айтып, аскердик багытта бир катар тапшырмаларды берген. Путин бул демилгени колдогон.Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан. Бирок эртеси эле РФ Коргоо министрлиги Киев бийлиги Кубандагы мунай базасына дрондор менен кол салганын кабарлаган. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Киевдин сөзүнө турбагандыгына карабай, Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын энергетикалык инфраструктураларына чабуул койбой карманып турганын билдирген.
https://sputnik.kg/20250320/tramp-ukrain-energiyalyk-obyektilerdin-akshda-bolushu-tuurasynda-aytty-1092758632.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/17/1086339242_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_51c5596ff57fd9da77aea697ddc7a843.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, мария захарова, энергетика, инфраструктура
дүйнөдө, россия, акш, украина, мария захарова, энергетика, инфраструктура
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Киев Вашингтонду алдап койсо болот деген үмүт менен энергетикалык объектилерге чабуул жасап, Дональд Трамптын командасы бул боюнча кабардар экенин эске албай жатат. Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Киев режими дал энергетикалык объектилер боюнча сокку уруусун улантып жатат. Кыязы, АКШнын мурдагы президенти сыяктуу азыркысына да бурмаланган маалыматты беребиз деп жатышат окшойт. Өткөнкүдөй эле эч нерсени аңдай албайт деген ойдо. Ушундай үмүттөрү бар болчу. Же кол салууга россиялык тарап жооп кылган учурларды аларга көрсөтүп коебуз дешкен. Адаттагыдай эле муну ким баштагандыгын айтышпайт", — деген Захарова брифингде.
Анын айтымында, Владимир Зеленский мындай кадамы менен АКШ президентин, анын администрациясын сыйлабастыгын көрсөтүп жатат. Муну менен катар эле Киев бийлиги Вашингтондун дүйнөдөгү кырдаал боюнча кабардар экенин эске алган жок.
"Банковая көчөсүндөгүлөр Байден эмес башкалар менен алака түзүп жатканын түшүнбөй жатышат. Бул адамдар дүйнөдөгү абалды өздөрү карап, байкаштырып турушат. Чындап өздөрү сүйлөшөт, залдагы өлүктөргө кайрылышпайт", — деген Захарова.
Белгилей кетсек, РФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну көзөмөлдөө маанилүү экенин айтып, аскердик багытта бир катар тапшырмаларды берген. Путин бул демилгени колдогон.
Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан. Бирок эртеси эле РФ Коргоо министрлиги Киев бийлиги Кубандагы мунай базасына дрондор менен кол салганын кабарлаган. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Киевдин сөзүнө турбагандыгына карабай, Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын энергетикалык инфраструктураларына чабуул койбой карманып турганын билдирген.