00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
17:52
7 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:58
1 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Евдоким Мазков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

© Фото / Герои страныЕвдоким Мазков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Евдоким Мазков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2025
Жазылуу
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Капитан Евдоким Мазков
Ал 1922-жылы 20-июнда Казак ССРинин Актөбе облусундагы Мартук айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1932-жылдан тарта ата-энеси менен Кыргыз ССРинин Жалал-Абад шаарында жашай баштайт. Сегизинчи классты аяктагандан кийин Фрунзеге көчүп келет да, аэроклубга кирет.
1941-жылы армияга чакырылат. Кийинки жылы Чкалов (азыркы Оренбург) шаарындагы авиация мектебине келип кирет. Сержант Мазков 1943-жылдын апрелинен тарта чабуулчу учкуч катары майданга кирет. Түштүк-Батыш, 3-Украина, 3-Прибалтика фронтторунун 305-чабуулчу авиациялык дивизиясынын 237-авиациялык полкунда жүрүп, кармашкан. Согуштук жолун Түштүк-Батыш фронтунда 17-аба армиясынын курамы менен баштап, 1943-жылы кенже лейтенант наамы ыйгарылган.
Курск салгылашына катышып, ал жерде жогоруда биз сөз кылган 17-аба армиясы асмандан 7-гвардиялык армияны коргоп турган. 17-июлдан тарта Изюм-Барвенково багытында согушкан. 1943-жылдын июлуна карата 10 ирет ийгиликтүү учканы үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. 1943-жылы 13-25-августта Түштүк-Батыш фронтунда Донбассты бошотууга катышкан. Бул аталыштагы стратегиялык операцияда чабуул койгон аскерлерди абадан коргоп турган. Ушул эле жылдын 25-августунан 23-декабрына чейин Түштүк-Батыш фронтунун (20-октябрдан тарта 3-Украина фронту) курамында Украинанын Левобережный аймагы жана Днепр үчүн салгылашкан. Душмандын бекемделип калган Запорожье плацдармын алууда, Түштүк Украинаны (Запорожье, Днепропетровск жана башка жерлерин) бошотууда, Днепров ГЭСинин плотинасын талкалоо боюнча немецтик-фашисттик планды таш каптыруу аракеттеринде майдандаш жөө аскерлерге абадан колдоо көрсөтүп, калкалап турган.
1943-жылы сентябрда Мазков лейтенант наамын алып, звенонун командири болгон. 1943-жылдын октябрына карата 23 ирет асманга көтөрүлүп, көрсөткөн каармандыгы үчүн I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган, ал эми 30 жолкусунда Кызыл Туу ордени ыйгарылган. 1944-жылы кышында жана жазында 3-Украина фронтунда Украинанын Правобережный аймагын (Днепрдин оң жээгин) бошотууга, чабуул койгон Никопольск – Кривой Рог операциясына катышат. Душмандын Днепрдеги Никопольск плацдармындагы тобун талкалоодо, Никополь жана Кривой Рог калааларын бошотууда каармандыгын көрсөтөт.
1944-жылдын 1-мартына карата Евдоким Мазков 85 жолу ийгиликтүү учуп чыгып, согушта аскердик жүк салынган 89 автоунааны, жети танканы, 11 талаа артиллериясын, бир паровозду, 19 вагонду, май куюлган үч цистернаны, ок-дары сакталган төрт кампаны, аскердик шаймандар салынып чегилген 21 арабаны жок кылган. Саны эки ротага чамалап барган немецтик аскерлер менен офицерлерди жок кылган.
1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы 1-июлда немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн лейтенант Евдоким Мазковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган.
1944-жылы 3-Украин фронтунда кыргызстандык жоокер Березнеговатое – Снигиревск операциясына катышып, Ингулец жана Түштүк Буг сууларынын ортосундагы душманды талкалоого катышкан. Украинанын түштүгүн бошотуу үчүн болгон салгылашта экинчи Кызыл Туу ордени ыйгарылып, улук лейтенант наамы берилген. 1944-жылдын март-апрелинде 17-аба армиясынын Одесса операциясында Түштүк-Буг менен Днестр дарыяларынын ортосунда турган Приморье багытындагы душмандык күчтөр талкаланган. Николаев, Очаков жана Одесса, Приднестровье шаарлары, Кара деңиздин түндүк жээги жана Молдованын бир бөлүгү бошотулган.
1944-жылы июлдун соңунда Мазков өзүнүн полку менен 3-Прибалтика фронтуна өтөт. 14-аба армиясы менен Псковдогу Чуд көлүнүн аймагын, андан кийин Эстониядагы Выру, Тарту шаарларын, бир катар айылдарды бошотууга катышат. Звеносу менен бирге командачылыктын тапшырмасын ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн Мазковго капитан чини ыйгарылат.
1944-жылы 14-сентябрда 14-аба армиясы Ригада чабуул койгон операцияга катышат.
1944-жылы октябрда абада фашисттердин истребителдери менен кармашта Евдоким оор жаракат алган. Ок башына тийип, маңдай сөөгүн талкалап кетет. Канжалаган учкуч болгон күчүн жыйнап самолетту жерге кондурган. Дарыгерлер Евдоким Мазковдун өмүрүн сактап калганы менен легендалуу пилот кайрадан асманга көтөрүлө албай калат...
1947-жылдан тарта Мазков запаска кетет. Госпиталда узак дарылангандан кийин Жалал-Абадга кайтып келет. Союздук маанидеги персоналдык пенсионер ДОСААФтын шаардык комитетинде коомдук иштерди алып барып жүргөн.
1977-жылы 11-июлда дүйнө салган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Иван Москаленко  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2025
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Иван Москаленко — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Жаңылыктар түрмөгү
0