https://sputnik.kg/20250406/iran-prezidenti-aksh-menen-ehpke-kuluunun-shartyn-atady-1093140247.html
Иран президенти АКШ менен эпке келүүнүн шартын атады
Иран президенти АКШ менен эпке келүүнүн шартын атады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин SNN... 06.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-06T12:36+0600
2025-04-06T12:36+0600
2025-04-07T12:14+0600
дүйнөдө
иран
акш
өзөктүк программа
келишим
санкциялар
масуд пезешкиан
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1e/1087474182_100:41:1179:648_1920x0_80_0_0_f3ff443e562ca4d75cc25e9f989af6b8.jpg
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин SNN мамлекеттик агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып, эгер АКШ менен Иран макулдашууга келбесе "Тегеран дегеле болуп көрбөгөндөй бомбалоого учурай турганын" айткан эле.Марттын башында Трамп Ирандын руханий лидери Али Хименейге кат жолдоп, өзөктүк программа боюнча Тегеран менен келишим түзүүнү каалай турганын билдирген.Маселенин чоо-жайы2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишим түзгөн. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын чектемек, анын ордуна Тегерандан санкциялар алынмак. Дональд Трамп биринчи ирет президент болуп шайлангандан кийин 2018-жылы АКШ бул келишимден чыгып, Иранга салынган мурунку санкциядарды кайра жандандырган. Тегеран түзүлгөн макулдашуунун алкагында алган милдетин этап-этабы менен кыскартарын айтып, өзөктүк иликтөөлөрдү жана уранды байытууну чектөөдөн дээрлик баш тарткан.Быйыл февралда Трамп Тегеранга каршы максималдуу кысым жасоо боюнча жарлыкка кол коюп, ошол эле учурда АКШ бул жарлыкты көп пайдаланбай турганына үмүт артарын айткан. Муну менен бирге Ак үй Ирандын мунай тармагына каршы санкциянын жаңы пакетин киргизген.Анткен менен Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди көрүүнүн ордуна келишүүгө даяр экенин белгилеп келет. Президенттин айтымында, ал Иран менен тынчтыкты шарттаган өзөктүк келишим түзүү ниети бар.Санкциялар күчөтүлгөндөн кийин Иран АКШ кысымын уланта берсе өзөктүк макулдашуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын жар салган.
https://sputnik.kg/20250401/van-i-aksh-chek-ara-raketa-zhaygashtyrbashy-kerek-1093048098.html
иран
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1e/1087474182_71:0:1210:854_1920x0_80_0_0_3741b8c22d08e7341725bdf9ef92fa5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, акш, өзөктүк программа, келишим, санкциялар, масуд пезешкиан
дүйнөдө, иран, акш, өзөктүк программа, келишим, санкциялар, масуд пезешкиан
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тегеран Вашингтон менен тең укуктуу позицияда диалог жүргүзүүнү каалайт. Бул тууралуу Иран президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин SNN мамлекеттик агенттигине таянуу менен
РИА Новости жазды.
"Иран Ислам Республикасы тең укуктуу позицияда сүйлөшүүнү каалайт. АКШ бир жагынан коркутуп жатат, экинчи жагынан диалогго умтулууда. Эгер сүйлөшүүлөрдү кааласаңар, анда коркутуунун эмне кажети бар? Бүгүн Вашингтон Иранды эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн опузалоодо, мындай аракет сүйлөшүү ниетине каршы келет", — деди Пезешкиан.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып, эгер АКШ менен Иран макулдашууга келбесе "Тегеран дегеле болуп көрбөгөндөй бомбалоого учурай турганын" айткан эле.
Марттын башында Трамп Ирандын руханий лидери Али Хименейге кат жолдоп, өзөктүк программа боюнча Тегеран менен келишим түзүүнү каалай турганын билдирген.
2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишим түзгөн. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын чектемек, анын ордуна Тегерандан санкциялар алынмак. Дональд Трамп биринчи ирет президент болуп шайлангандан кийин 2018-жылы АКШ бул келишимден чыгып, Иранга салынган мурунку санкциядарды кайра жандандырган. Тегеран түзүлгөн макулдашуунун алкагында алган милдетин этап-этабы менен кыскартарын айтып, өзөктүк иликтөөлөрдү жана уранды байытууну чектөөдөн дээрлик баш тарткан.
Быйыл февралда Трамп Тегеранга каршы максималдуу кысым жасоо боюнча жарлыкка кол коюп, ошол эле учурда АКШ бул жарлыкты көп пайдаланбай турганына үмүт артарын айткан. Муну менен бирге Ак үй Ирандын мунай тармагына каршы санкциянын жаңы пакетин киргизген.
Анткен менен Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди көрүүнүн ордуна келишүүгө даяр экенин белгилеп келет. Президенттин айтымында, ал Иран менен тынчтыкты шарттаган өзөктүк келишим түзүү ниети бар.
Санкциялар күчөтүлгөндөн кийин Иран АКШ кысымын уланта берсе өзөктүк макулдашуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын жар салган.