https://sputnik.kg/20250406/osh-zhol-kuruu-buzduruu-meriya-1093139884.html
Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү үчүн алынган жерлердин орду толтурулары айтылды
Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү үчүн алынган жерлердин орду толтурулары айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарында жол кеңейтүүдө буздурулган курулуш мыйзамдуу болсо ордуна кенемте катары жер берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 06.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-06T11:54+0600
2025-04-06T11:54+0600
2025-04-07T12:14+0600
кыргызстан
ош
жол куруу
бузуу
мэрия
курулуш
https://sputnik.kg/img/104445/77/1044457710_0:141:3141:1908_1920x0_80_0_0_a56d698a718a5d20a76a04c3918224b4.jpg
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарында жол кеңейтүүдө буздурулган курулуш мыйзамдуу болсо ордуна кенемте катары жер берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен отурум өткөргөн. Анда бошотулган жерлердин ордуна кенемте катары жер берүү маселеси каралган.Эске салсак, быйыл Ош шаарында 11 көчөнүн тротуары жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.
https://sputnik.kg/20250401/iskhak-masaliyev-bishkek-zhol-deputat-1093036313.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104445/77/1044457710_205:0:2936:2048_1920x0_80_0_0_ee5c07b464714ba2f9f6f763a19fcc44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, жол куруу, бузуу, мэрия, курулуш
кыргызстан, ош, жол куруу, бузуу, мэрия, курулуш
Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү үчүн алынган жерлердин орду толтурулары айтылды
11:54 06.04.2025 (Жаңыртылды: 12:14 07.04.2025) БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарында жол кеңейтүүдө буздурулган курулуш мыйзамдуу болсо ордуна кенемте катары жер берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен отурум өткөргөн. Анда бошотулган жерлердин ордуна кенемте катары жер берүү маселеси каралган.
"Мэрияга 39 коммерциялык жана 59 турак жайдын ээлеринен арыз түшкөн. Аларга комиссиянын чечими менен макулдук берилди. Жолдун долбоору толук аягына чыгып, кызыл сызыктар аныкталган соң белгиленген тартипте жерлерди баалоо менен башка жактан жер берүү боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Жарандардан келип түшкөн арыздар комиссия тарабынан өз учурунда каралат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, быйыл Ош шаарында 11 көчөнүн тротуары жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ал үчүн республикалык бюджеттен
2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.