https://sputnik.kg/20250406/sogush-zhyldarynan-taryhyj-video-1093113210.html
Согуш жылдарында өнөр жай жана илим чордонуна айланган Кыргызстан. Тарыхый видео
Согуш жылдарында өнөр жай жана илим чордонуна айланган Кыргызстан. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан оорук катары чоң жумуш аткарган. Басып алынган аймактардан тургундар эвакуацияланып, өнөр жай... 06.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-06T18:05+0600
2025-04-06T18:05+0600
2025-04-06T18:05+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
улуу ата мекендик согуш
өнөр жай
илим
искусство
тыл
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093122365_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_0aa17f78278f8221b3c239750f240329.jpg
Төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан оорук катары чоң жумуш аткарган. Басып алынган аймактардан тургундар эвакуацияланып, өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Фашисттик Германия кирип барган жерлерден 41 балдар үйү көчүрүлүп, жеткинчектер үчүн Кыргызстан экинчи үйгө айланган.Кыргызстанга эвакуацияланган завод менен фабрикалардын базасында жаңы ишканалар ачылып, кыска убакыттын ичинде фронтко керектүү продукция чыгарыла баштаган. Арасында "Красный швейник" фабрикасы, "Красный металлист" заводу, М.В. Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруучу завод, Оштогу жибек комбинаты, Новотроицк, Кант, Беловодск шекер чыгаруучу заводдору, Кенаф фабрикасы жана башка ишканалар бар эле.Булардан тышкары, Кыргызстанда 70тен ашуун ишкана ачылган. Анын ичинде машина куруу, түстүү металлургия, көмүр иштетүү, энергетика, жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары өркүндөгөн. Ошол эле убакта республикага Россиядан окуумуштулар жана бүтүндөй илимий институттар көчүрүлүп, ишмердүүлүк уланган. Мисалы, 1943-жылы Кыргызстанда 19 геология, биология, химия, археология жана фольклор багытында экспедициялар уюштурулган. Геологдор 300 ирет экспедиция жүргүзүп, сымап, вольфрам, сурьма, цинк концентратынын кендерин табышкан.Мындан сырткары, республикага 25 аскердик госпиталь жайгарыштырылган. Кыргызстандыктар жеке буюмдарын, акчасын коргоо фондуна өткөзгөн учурлар көп эле. Бул каражатка 30дан ашуун танк, аскердик учактар, согушта каза болгон жоокерлердин балдары үчүн үйлөр салынган.Искусство жааты да көмүскөдө калган эмес. Борбордон көчүрүлүп келген искусство ишмерлери чыгармачылыгын токтоткон эмес. Чыгаан артисттер фронтко барып концерт коюшса, тылда театр, концерттик залдар иштеп турган. Ошол жылдары "Анар", "Чолпон" балетинин, "Көл жээгинде", "Алтын көкүл" операларынын премьерасы болгон. Ал тургай "Евгений Онегин" операсы кыргызчага которулуп, Татьянанын ариясын Сайра Кийизбаева ырдаган.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093122365_80:0:1520:1080_1920x0_80_0_0_af6e8ff03206465b66024080aa8ecca6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, өнөр жай, илим, искусство, тыл, видео, видео
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, өнөр жай, илим, искусство, тыл, видео, видео
Төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан оорук катары чоң жумуш аткарган. Басып алынган аймактардан тургундар эвакуацияланып, өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Фашисттик Германия кирип барган жерлерден 41 балдар үйү көчүрүлүп, жеткинчектер үчүн Кыргызстан экинчи үйгө айланган.
Кыргызстанга эвакуацияланган завод менен фабрикалардын базасында жаңы ишканалар ачылып, кыска убакыттын ичинде фронтко керектүү продукция чыгарыла баштаган. Арасында "Красный швейник" фабрикасы, "Красный металлист" заводу, М.В. Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруучу завод, Оштогу жибек комбинаты, Новотроицк, Кант, Беловодск шекер чыгаруучу заводдору, Кенаф фабрикасы жана башка ишканалар бар эле.
Булардан тышкары, Кыргызстанда 70тен ашуун ишкана ачылган. Анын ичинде машина куруу, түстүү металлургия, көмүр иштетүү, энергетика, жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары өркүндөгөн. Ошол эле убакта республикага Россиядан окуумуштулар жана бүтүндөй илимий институттар көчүрүлүп, ишмердүүлүк уланган. Мисалы, 1943-жылы Кыргызстанда 19 геология, биология, химия, археология жана фольклор багытында экспедициялар уюштурулган. Геологдор 300 ирет экспедиция жүргүзүп, сымап, вольфрам, сурьма, цинк концентратынын кендерин табышкан.
Мындан сырткары, республикага 25 аскердик госпиталь жайгарыштырылган. Кыргызстандыктар жеке буюмдарын, акчасын коргоо фондуна өткөзгөн учурлар көп эле. Бул каражатка 30дан ашуун танк, аскердик учактар, согушта каза болгон жоокерлердин балдары үчүн үйлөр салынган.
Искусство жааты да көмүскөдө калган эмес. Борбордон көчүрүлүп келген искусство ишмерлери чыгармачылыгын токтоткон эмес. Чыгаан артисттер фронтко барып концерт коюшса, тылда театр, концерттик залдар иштеп турган. Ошол жылдары "Анар", "Чолпон" балетинин, "Көл жээгинде", "Алтын көкүл" операларынын премьерасы болгон. Ал тургай "Евгений Онегин" операсы кыргызчага которулуп, Татьянанын ариясын Сайра Кийизбаева ырдаган.