ЖК төрагасы Санкт-Петербургдагы "Мекен — эне" монументине гүлчамбар койду
ЖК төрагасы Санкт-Петербургдагы "Мекен — эне" монументине гүлчамбар койду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарындагы "Мекен — эне" монументине гүлчамбар койду. Бул... 18.04.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарындагы "Мекен — эне" монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламеттин маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, ЖК төрагасы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду, Ленинградды коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерди эскерди.Спикер Россияга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышуу үчүн барган.Аталган жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.Мындан тышкары, билим берүү, айыл чарба тармактарына тиешелүү кодекстерди, салык саясатын жана жасалма интеллектини колдонуу маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын моделдик долбоорлору кабыл алынды.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарындагы "Мекен — эне" монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ЖК төрагасы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду, Ленинградды коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерди эскерди.
Спикер Россияга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышуу үчүн барган.
Спикер Россияга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышуу үчүн барган
Аталган жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.
Мындан тышкары, билим берүү, айыл чарба тармактарына тиешелүү кодекстерди, салык саясатын жана жасалма интеллектини колдонуу маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын моделдик долбоорлору кабыл алынды.