00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Иван Панфилов — Кыргызстандан аттанган СССР Баатыры

© Sputnik / Владимир Минкевич / Медиабанкка өтүүКыргызстандан аттанган СССР Баатыры Иван Панфилов. Архив
Кыргызстандан аттанган СССР Баатыры Иван Панфилов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2025
Жазылуу
Генерал-майор Иван Панфилов 1893-жылы Саратов облусунун Петровск шаарында (метрикасында 1894-жылы 2-январь деп көрсөтүлгөн, бирок Панфилов өзү 1893-жылдын 1-январы деп, анкеталарында да ушул датаны жазган) жарык дүйнөгө келген.
1915-жылы Орус императордук армиясына чакырылган, бирок Граждандык согуш учурунда өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына өткөн. 1-Саратов советтик полкунда болгон. Кийин бул түзүм легендалуу командачы Василий Чапаев башкарган 25-аткычтар дивизиясына бириккен.
Взвод менен роталарды башкарып, Дутов, Колчак, Деникин жана белополяктар башкарган чехословакиялык бириккен корпуска каршы согушкан. Майдандагы эрдиги үчүн Польша фронтунда Кызыл Туу ордени менен сыйланган.1923-жылы Киевдеги жогорку аскердик мектепти аяктаган. 1924-жылы Панфиловду Түркстанга ыктыярчы катары жиберишип, ал жакта басмачылар менен алты жыл кармашкан. Фашисттик Германия кол саларга үч жыл калганда Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп дайындалган.
Улуу Ата Мекендик согуш башталары менен Панфиловго 316-аткычтар дивизиясын түптөөгө тапшырма беришкен. 1941-жылы октябрда дивизия ошол армиясы менен Батыш фронтко келген. Кийинки айлары Москва салгылашындагы болуп көрбөгөндөй эрдиги менен тарыхта калды. Панфиловчулар бардыгы бир адамдай тикесинен тик туруп, эки айдан ашуун Волоколамск багытында танкалык жана жөө аскердик чабуулдардын мизин кайтарып турган.
1941-жылы 19-ноябрда Гусенево (Волоколамск району, Москва облусу) кыштагында катуу жарадар болгон Панфилов мекен үчүн жанын берет. Анын өмүрүн жакын жерден жарылган немецтик минанын чачырандылары үзгөн. Панфилов Москвадагы Дон көрүстөнүнө коюлуп, кийин Новодевичьеге кайра көмүлгөн.
1942-жылдын 12-апрелинде СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн курман болгондон кийин генерал-майор Иван Панфиловго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.
СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн президиумунун жарлыгы менен 1942-жылы 12-апрелде 316-аткычтар дивизиясы Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Ал эми кийинки күнү Москваны коргоодогу эрдиги үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясына айланган. Айтмакчы, бул бөлүк согуш аяктаганга дейре салгылашып, Берлинге чейин жеткен.
Курман болгондон кийин Панфиловдун ысымы аталган гвардияга ыйгарылган. Кийинчерээк Ленин жана II даражадагы Суворов ордендери ыйгарылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дивизиянын 14 миңден ашык аскери орден-медалдар менен сыйланган, 33 офицер жана жоокер Советтер Союзунун Баатыры болгон.
Иван Панфиловдун ысымы Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын көп шаарларындагы көчөлөргө ыйгарылган. Анын жана башкарган аскер бөлүктөрүнүн баскан жолуна, эрдиктерине шыктанган, суктанган чыгармачыл адамдар ар кыл жанрдагы чыгармаларды жаратып, картиналарды, даректүү жана көркөм фильмдерди тартышкан. 1942-жылы Кыргызстанда Панфиловго эстелик тургузулган, анын ысымы сейил бакка, көчөгө, орто мектепке, районго, айылга жана борбор калаадагы №2 булгаары заводуна ыйгарылган.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Тарыхчы Саламат Малабаевдин айтымында, немец генералдары эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Мамасалы Тешебаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2025
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Мамасалы Тешебаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Жаңылыктар түрмөгү
0