Соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк ал баланын аты Ихсак экени, апасы Зулфия Үсөнованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон. Учурда өкмөт тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп, турак-жай маселеси каралууда.