00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги Россияга тургузулат

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүАрхив:
Архив: - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Москва облусундагы Волоколамск шаарындагы панфиловчул баатырлардын мемориалдык комплексине Советтер Союзунуну Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги орнотулат.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Россиянын Москва облусундагы Волоколамск шаарына Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги орнотулат. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Волоколамск шаарынын администрациясы 22-январда Шопоковдун бюстун коюу үчүн уруксат берген. Элчинин кеңешчиси Манас Жолдошбеков билдиргендей, баатырдын эстелиги шаардагы Октябрь аянтындагы Мемориалдык комплекске коюлат. Бул жерде генерал-майор Иван Панфилов менен Бауыржан Момыш улынын бюстарынын катарына орнотулат.

"Колодон жасалган бюсту ачуу аземи Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаранын алкагында болот", — деди ал.

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз болгон алгачкы 60 адамдын тизмеси такталды
Жолдошбековдун айтымында, Россиянын эл сүрөтчүсү Сергей Щербаков аталган бюсттун панфиловчул баатырлардын мемориалдык комплексине коюлушу туура экенин билдирген.

Эстеликти жасоо үчүн белгилүү сүрөтчү Борис Матвеев менен учурда сүйлөшүү жүрүүдө.

Эстеликти жасатууга жана орнотууга кете турган бардык чыгымды Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов өзүнө алган. 

Дүйшөнкул Шопоков Волоколамск шоссеси тарабында душмандын борборго кире беришин коргоп, Москванын алдында 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан. 1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеков жолдорунун айрылышында душмандын 50 танкынын чабуулун токтотуу учурунда эрдик көрсөтүп, курман болгон.

Көрсөткөн каармандыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков курман болгондон кийин, 1942-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. 

Дүйшөнкул Шопоков 1915-жылы Чүй облусунун Шалта айылында туулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0