БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Эволюциялык жактан алганда мышыктар иттерге караганда бир топ көтөрүмдүү келет деп жазат The Independent швейцариялык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен.
Бул мышык түркүмүнө кирүүчүлөр 20 миллион жылдай мурун Азиядан Түндүк Африкага келген мезгилде болгон. Дал ошол убактан тартып ит түркүмүнө кирүүчүлөрдүн саны кыскара баштаган.
Анын себеби, мышыктар мыкты аңчылар болуп чыккан жана андан улам иттер тамагын тарттырып жиберип, азыксыз калган.
"Түндүк Америкада мышыктардын пайда болушу иттердин көп түрдүүлүгүнө терс таасир тийгизген. Адатта биз түрлөрдүн эволюциясында чечүүчү ролду климаттык өзгөрүүлөр ойнойт деп келебиз. Бирок иттерге келгенде чечүүчү ролду жырткыч жаныбарлардын түрдүү түркүмдөрүнүн ортосундагы атаандаштык ойноптур", — дейт изилдөөнү жетектеген Лозанна университетинин доктору Даниэль Сильвестро.
Ошол эле учурда иттердин айынан мышыктардын кайсы бир түрү өлүп жоголду дегенге окумуштуулар эч далил табышкан эмес.