БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ала-Арча дарыясы менен Чоң Чүй каналынын кошулган жеринде 12 жаштагы Азамат Эсенкул уулу аттуу бала чөгүп кеткенин ӨКМ билдирет.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 24-августунда саат болжол менен 15.40та болгон.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.