00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:03
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Билимдүү аялдарга жеке мамиле куруу кыйынбы?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Искусство воплощения: что важно для актёра?
18:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кыргыз көчүндө" түндүк көтөрүлүп, боз үй тигилет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүТүндүк алдына тизилген кыздар. Архив
Түндүк алдына тизилген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачылуу аземинде "Түндүк көтөрүү" салты көрсөтүлүп, "Боз үйдү тез тигебиз" деген аталышта боз үйдү кыска мөөнөттө тиккен топтордун өнөрү сынга коюлат. Мындан тышкары, иш-чара ыр-күү менен коштолот.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-7-сентябрында өтө турган "Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалынын " алкагында Бишкекте "Кыргыз көчү" этношаарчасы ачыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү эртең мененки саат 9.30да Мамлекеттик тарых музейинин алдында ачыла турган шаарчага 20дан ашуун боз үй тигилет. Анын ар биринде кыргыздын каада-салты, тамак-ашы тартууланат.

Этнографиялык айылдын аймагында улуттук буюмдар коюлган эл аралык көргөзмө уюштурулат. 

"Ачылуу аземинде "Түндүк көтөрүү" салты көрсөтүлүп, "Боз үйдү тез тигебиз" деген аталышта боз үйдү кыска мөөнөттө тиккен топтордун өнөрү сынга коюлат. Мындан тышкары, иш-чара ыр-күү менен коштолот", — деп айтылат билдирүүдө.

"Кыргыз көчү" кечки саат бешке чейин эл назарында болот.

Иш-чарага кирүү акысыз.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0