БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Белоруссия Кыргызстандан беде, күрүчтүн уругун жана кургатылган жемиштерди алууга кызыкдар экени Минск облустук аткаруу комитетинин төрагасы Семен Шапиро элчи Кубанычбек Өмүралиев менен менен жолугушуу учурунда билдирди.
Иш-чарада эки өлкөнүн региондору ортосундагы мамилени жигерлештирүү маселелери, мында негизинен Кыргызстандын Чүй облусу менен Минск облустук аткаруу комитетинин өз ара кызматташуусу каралды.
Маалыматка ылайык, Белоруссия Кыргызстандан беде, күрүчтүн уругун жана кургатылган жемиштерди алып, кой чарбачылыгы боюнча тажрыйбасына муктаж.
Элчи Өмүралиев тыгыз байланыштарды түзүү үчүн жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.