БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ат минип турган Манас баатырдын сүрөтү Россиянын Омск шаарындагы Чокон Валиханов атындагы көчөдө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тартылды. Бул тууралуу Facebook тармагындагы "Stenograffia" тайпасында айтылды.
Сүрөттүн алдында бул идея аталган имараттын жайгашкан дареги дайын болгондон кийин пайда болгону жазылат.
"Мен Чокон Валихановго абдан кызыгып калдым. Википедиядагы макаланы окугандан кийин кыргыз элине таандык Манас эпосунун айрым жерлерин которгон алгачкы адам экенин билдим. Валиханов ааламга бул эпосту тааныткандардын көч башында турат", — деди автор.
Андан соң эстеликтерди, ар кандай сүрөттөрдү карап отуруп, автор Манас баатырдын ат минип тоодо турган образын жараткан.
Эмгекти автор өзү жалгыз 3,5 күндө аяктаган.