Алардын арасында залкар акындын берметтей саптарынын идеология үчүн өзгөрүп калгандыгы туурасындагы пикирлер бар.
Уламыштан уланган "Толубай сынчы". Чыгармасын классик акын Алыкул Осмонов элдик легенданын негизинде жазган. Акындын элдик оозеки чыгармаларды жыйноочу Ыбрай Абдракманов жазып тапшырган материалга көзү түшүп калып, анан ушул керемет поэма жаралган экен. Чыгармада терс каарманы Азиз кан болуп берилет. Акын мында Жаныбектин элде айтылган "Азиз" эпитетин анын аты катары пайдаланган.
Эки вариант, эки дем. Осмонов уламыштын негизинде жазган "Толубай сынчыга" эки ирет кайрылып, эл оозунан жыйнап, эки түрдөгү поэма жазган. Биринчи вариантын 1937-жылдын жай айында жазып бүткөн. Муну "Толубай сынчы" деген аталыштагы поэмасынын алдына "15/VI—1937-ж. Жети-Өгүз" деп жазганы көрсөтүп турат.
Анда чыгарма
Бир койчу ээн талаада коюн жаят,
Колунда жан жолдошу ыргай таяк.
Олтурган баш кучактап, чалды көрөт,
Жаш төгөт бул эмне үчүн, эмнени аяп? — деп башталат.
Поэманын экинчи вариантынын алдына "Толубайдай сынчы, Токтогулдай ырчы бол" эл сөзүн пайдаланган. Чыгарма Койсары курортунда жазылып бүткөн.
Замана кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең…
Ошондой унутулган бир күндөрдө,
Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен, — деп башталат.
Бул вариант элге кеңири сиңип, ал эми жогору бир куплет канаттуу саптарга айланып кеткен. Окурман бул саптарды окуганда эле алыстан Чаар аттын дүбүртүн уккандай сезимде калат.
Казакча кадыресе көп басылган. "Толубай сынчы" 1960-жылы казак тилинде басылып, 30 миң тиражда Алматы шаарында чыгарылган.
Поэманын өзгөртүлгөн саптары. "Толубай сынчы" поэмасында Ак боз ат энчилүү ат катары берилген. Машинкага басылган экинчи нускадагы оңдоолордун көпчүлүгүн Осмонов ушул аттын энчилүү экендигине байланыштуу жасаптыр. Анткен менен саптар өзгөрүүгө учураган экен. Бул туурасында "Мезгил жана Алыкул" китебинде төмөнкүчө жазылган.
"Толубай сынчы" поэмасындагы:
Айылда андайлар аз, эки, үч-төртөө,
Өмүргө тең тараза, калыс-күбө.
Эскиче ырым кылып, дөңгө олтуруп,
Жалдырап көз салышат баткан күнгө - деген 3-түрмөгү 1945-жылдан бери унутта калган. Ал эми ушул түрмөк 1954-жылдагы "Тандалмалуу ырлар жана поэмаларынын" 213-бетинде:
Жай бүтүп, күз аяктап, кыш жакындап,
Келгин куш өтөр, ордун таштап…
Кете албай мында калган карт куштардай
Карылар көктү карайт, толгоп канат — деп оңдолуп берилген.
Аталган китепте "мындай мамиле жасоого "Эскиче ырым кылып, дөңгө олтуруп" деген сап себеп болгон көрүнөт. Жаныбек хандын кезектеги кандуу жортуулу максатына жетпей калганын баамдаган акыркы түрмөгү да жок", — деп жазылган.
Мындан улам "залкар акындын, гений Осмоновдун чыгармалары өзүнөн кийинки муундарга чейин 100 пайыз оригиналында жетпей калган окшойбу" деген түпөйүл ой кетет.
Фактыларды даярдоодо "Мезгил жана Алыкул" китеби, сынчы Кеңешбек Асаналиевдин эмгектери колдонулду.