Бүгүн, 24-апрель күнү, саат 10го чукул суу тартылып, жер алдында калгандар аман-эсен куткарылды. Шахтерлордун бири 25 жаштагы Кайрат Дөргөев Sputnik Кыргызстан агенттигине жер алдындагы эки күн ичинде эмне ойлоп, кандай абалда болгонун жана куткарылгандан кийинки сезимдерин айтып берди.
— Кайрат, азыр өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Жаракат алган жоксузбу?
— Кудайга шүгүр, эч жерим сынып же ооруган жок. Анткени биз камалып калган жер ураган жок. Суу негизинен шахтанын ооз жагына толуп калды. Биз кургак жеринде отурдук.
— Шахта урап калгандагы биринчи мүнөттөрдү айтып берсеңиз?
— Кесиптешим экөөбүз 500 метр тереңдикте жүргөнбүз. Бир маалда кайдан-жайдан суу чыга баштады. Ооз жагына чуркасак, ал жакта суу ого бетер толуп, чыга бериш жер урап калыптыр. Экөөбүз эмне кыларыбызды билбей ары-бери карадык да, кургак жерге барып жардам күттүк. Биздин айылда дагы деле кыш болгондуктан, шахтанын ичи суук болчу. Жер алдына аба киргизүүчү түтүк таар сыяктуу калың кездемеден жасалган. Үшүй баштаганда ошолордун бизге зарыл эмес жерлерин чыгарып алып жамынып отурдук.
![Эске сала кетсек, 22-апрелде түштөн кийин Жыргалаң айыл аймагындагы Дөргө көмүр шахтасы урап, ичиндеги эки адам дайынсыз болуп жаткан. Эске сала кетсек, 22-апрелде түштөн кийин Жыргалаң айыл аймагындагы Дөргө көмүр шахтасы урап, ичиндеги эки адам дайынсыз болуп жаткан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103304/82/1033048200_20:0:937:576_600x0_80_0_0_9f22f0002cb1340602322f80073f2eb4.jpg)
![Маалыматтарга караганда, шахтанын ичинен суу чыгып, оозу бүтөлүп калган. Маалыматтарга караганда, шахтанын ичинен суу чыгып, оозу бүтөлүп калган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103304/82/1033048206_0:0:954:600_600x0_80_0_0_6cc57cbe5c5911e5b492e7852ec839b2.jpg)
— Эки күн көп эле убакыт да. Ошол аралыкта эмне кылдыңар, эмнени сүйлөштүңөр? Кандай ойлор келди?
— Негизинен отурдук, кез-кезде үргүлөп да кетип аттык. Бирок уктай алган жокпуз. Маал-маалы менен шахтанын ооз жагын карап коебуз. Бирок суу такыр азайбай койду. Баса, бир убакта биз отурган жерде да суу бир топ көтөрүлдү. Ошондо чындап корктук. Андайда оюңа ар кандай жаман нерселер келе берет экен. Мен өзүмөн биринчи ата-энемди, чоң энемди, бир туугандарымды ойлоп жаттым. Санаачыл немелер "мен бир нерсе болуп кетсем, байкуштарым кантээр экен" деп жүрөгүм сыгылып кетип атты.
![Прорыв грунтовых вод в шахте в селе Жыргалан Прорыв грунтовых вод в шахте в селе Жыргалан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103305/06/1033050643_0:0:850:1417_600x0_80_0_0_1b95725836842ba790e3952d68d62aa1.jpg)
— Ачка болгонуңар сезилдиби?
— Баштапкы сааттарда эч нерсе билинген жок. Бирок андан кийин ачка болуп, улам кочуштап суу ичип коюп жаттык. Суу бизди бир жагынан туткунга алса, экинчи жагынан ошентип сактап калды.
— Куткаруучулардын үнүн алгач укканда кандай сезимдер болду?