БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында элдин үйүнө өрт коюу фактысы бир нече күндөн бери катталып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун билдирди.
Буга чейин милиция 17-октябрга караган түнү үйлөрдүн биринде турган Fiat үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткенин маалымдаган. Ошондой эле Subaru менен Toyota автолорун өрттөө аракети болгон. Мындан тышкары, кылмышкер дагы бир үйгө өрт койгусу келген. Кыймылсыз мүлктүн ээси аны байкап калган эркек киши башын кармаган бойдон качып кеткенин милиционерлерге айтып берген.
![Ою жаман киши алгач Fiat үлгүсүндөгү унааны өрттөп жиберген Ою жаман киши алгач Fiat үлгүсүндөгү унааны өрттөп жиберген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103583/19/1035831949_0:144:1280:949_600x0_80_0_0_3872423e75d06b3effee5d17132a1cb5.jpg)
![Андан кийин анын жанында турган Subaru автосуна өрт койгон Андан кийин анын жанында турган Subaru автосуна өрт койгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103583/19/1035831936_0:155:1280:960_600x0_80_0_0_98f03c373fa233619a0878f90b3bf447.jpg)
![Павильонго күйүп жаткан картонду ыргыткан Павильонго күйүп жаткан картонду ыргыткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103584/07/1035840789_63:0:1469:883_600x0_80_0_0_4e227e8d6a5ba61e71d58faa5160f0fd.jpg)
![Кылмышкер турак үйдүн короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогулткан дагы эшиктин астына коюп өрттөгөн Кылмышкер турак үйдүн короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогулткан дагы эшиктин астына коюп өрттөгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103583/38/1035833845_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_2aa527847e0d815fdee4436a6344d032.jpg)
![Бул унаа кийинки курмандык болгон Бул унаа кийинки курмандык болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103583/38/1035833865_0:75:1174:813_600x0_80_0_0_8bfbfac9e94077cd81281a40bd7428d1.jpg)
![Жогорудагы окуялар болгонго чейин бирөө павильонду өрттөп кеткен Жогорудагы окуялар болгонго чейин бирөө павильонду өрттөп кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103584/07/1035840796_62:0:1465:881_600x0_80_0_0_510112c1bcd489f5e146ea646d78fef5.jpg)
Жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, өрт коюу массалык түрдө жүрүп жатат. Айыл жашоочуларынын бири Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бир күн мурда ушул эле айылдан белгисиз адам чач тарач менен времянканы өрттөп жибергенин билдирди.
"Мындай өрт коюлар 3-4 күндөн бери уланып жатат. Бул күндөрү шайлоо болду. Бирок мунун ага эч кандай тиешеси жок болсо керек. Биздин айылда талаш-тартыш деле болгон эмес", — деди жергиликтүү тургун.
Андан кийин дүкөнгө өрт коюу аракети болгон. Бирок сатуучунун айтымында, соода жайы чыгым тарткан эмес. Ошондой эле белгисиз киши үйлөрдүн биринин короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогултуп эшиктин алдына коюп өрттөп жиберген. Жашоочулар ойгонуп кетип, өрттөнүп жаткан каалганын жалынын өчүрүшкөн.
Мындан кийин кылмышкер дарыянын аркы бетине өтүп, Toyota үлгүсүндөгү унаага өрт коюп изин жашырган. Жергиликтүү тургундун айтымында, окуя 03.30дар чамасында болгон.
"Ал видео байкоо ушул жерде бар экенин билгендей башка жол менен качыптыр", — деп жергиликтүү тургун айтты.
Ал эми милиция азиат келбетиндеги 30-35 чамасындагы киши болушу мүмкүн экенин болжолдоп жатат. Өрт койгон адам психикалык жактан оорулуу деген версия дагы каралууда.
КРдин ИИМи мындай аракеттер улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн жасалып жатат деген айрым булактардагы маалыматты четке какты.