БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. НТС каналынын үстүнөн сотко кайрылган Grexton Capital Ltd компаниясына ээлик кылат делген Сергей Костырин эл аралык издөөдө экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 19-декабрь күнү Жогорку соттун алдындагы сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү НТС телеканалынын имаратына келип, анын мүлкү камакка алынарын маалымдашкан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Grexton Capital Ltd компаниясынын жетекчиси делген Костыриндин таржымалына кызыгып, ачык булактар менен тийиштүү органдардан жооп алууга аракет жасады.
Бул компания тууралуу маалыматты Кыргызстандагы Юстиция министрлигинин сайтынан табууга мүмкүн болгон жок. Бирок ага таандык GREXTON TRADE COMPANY деп аталган ишкана Кыргызстанда 2006-жылы катталган болуп чыкты. Анда бул компаниянын жетекчиси катары Костырин Сергей Александровичтин аты жазылган.
Сергей Костырин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын адамы болгонун жана ошол учурда медиа тармагындагы бир канча ишканага ээлик кылып жүргөнүн коомдук активист Адил Турдукулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Активист жогоруда атаган ишканаларга убагында Костырин ээлик кылганын Юстиция министрлигиндеги маалыматтар тастыктады. Тагыраагы, министрликтин базасында "Лента", Business & Bishkek жана Golden Media ишканаларына Сергей Костырин ээлик кылары көрсөтүлгөн.
Twitter тармагынын kgdaddy аттуу колдонуучусу Интерполдун сайтынын Костыринге издөө жарыялаган баракчасынын көчүрмөсүн жарыялаган.
Тот самый Костырин, который "рейдерит" телеканал НТС представляя интересы Максима Бакиева. Вот так и живем…. pic.twitter.com/GG9gmNcoNx
— kgdaddy (@6Uneepx0il7oWNr) 21 декабря 2017 г.
Бирок ал баракчаны кийин Интерполдун сайтынан издеп табууга мүмкүн болгон жок. Бирок КР ИИМинин маалымат кызматынан Сергей Костырин дагы деле эл аралык издөөдө экенин билдиришти.
"Айрым ЖМКлар Костыринди Белоруссия бийлиги кармап, кайра кое берип жибергенин жазып чыгышты. Бул туура эмес кабар, бизде Костыриндин ошол эле жакта жүргөндүгү жөнүндө маалыматтар бар. Сергей Костырин ушул кезге чейин эл аралык издөөдө", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, каармандын аты-жөнүн КРдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын сайтындагы издөөдө жүргөн адамдардын арасынан да табууга болот.